СӨЗҮ АЗ, ИШИ КӨП «ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС»

Мамлекеттик деңгээлдеги биринчи машина-трактордук станция 28-майда Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө ишке берилди. МТСтерди ачуу сунушун өкмөткө "Өнүгүү-Прогресс"фракциясы берген. Анткени өлкө боюнча МТСтерди ачуу – партиянын шайлоо алдындагы убадаларынын бири. Бүгүнкү күндө 80ден ашуун айыл өкмөтүнөн МТС ачууга арыз келип түшкөн.
«Айыл өкмөт башчылары Өкмөттүн буйругунун негизинде МТС ачууга укугу бар. «Айыл банктан» лизинг аркылуу жылына 9% менен 7 жылга насыя алсаңыздар болот. Муну учурда 5%га түшүрүүнү аракет кылуудабыз. Ошондой эле «Мамлекеттик программа-4» дегендин алкагында оруп-жыюу техникасын (комбайн, пресс-подборщик, косилка) 10 жылга 6% менен алса болот»,- деп билдирди «Өнүгүү-Прогресстин» лидери Бакыт Төрөбаев. Б.Төрөбаев депутаттар, Айыл чарба министрлигинин, «Айыл Банктын» өкүлдөрү менен чогуу Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги айыл өкмөт башчылары, фермердик дыйкан-чарбалардын жетекчилери менен жолугушуп, МТСти ачуу жол-жоболорун түшүндүрүп беришти. Депутаттар эми Балыкчы шаарында 6-июнда Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген айыл өкмөт жана фермердик дыйкан-чарбалардын жетекчилери менен жолугушмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zhusubali
2016-06-06 10:06:39
жакшы болмок ачса
0
naida81
2016-06-06 13:25:36
азаматсыз Бакыт Эргешович, сиздин жардамыныз менен биздин айылда дагы жаны МТС ачылганы турат
0
№ 709, 03-июнь-09-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан