Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин депутаты:«СЫЙ КӨРҮҮДӨН МУРДА ДЕПУТАТ УБАДАСЫН АТКАРСЫН»

Атаңыз мектепти алтын медаль менен бүтпөгөнүн билсеңиз ыйлайт белеңиз? Депутат Эльвира Сурабалдиева балалыгында мындай көрүнүшкө ыйлап жиберген экен. «Атам мен үчүн идеалдуу болчу да» дейт ал. Атасына карап түздөнүп, атанын татыктуу кызы болуп келе жаткан Эльвира айым депутаттык ишмердиги, депутатты эмне көптүрөрүн, жашоосунун күнгөй-тескейи тууралуу кенен айтып берди.

СУРАБАЛДИЕВА ЭЛЬВИРА ЖЫРГАЛБЕКОВНА


1978-жылы 23-ноябрда – Фрунзе шаарында туулган.
2000-жылы – Кыргыз улуттук университетинин эл аралык байланыштар факультетин аяктаган.
2003-жылы – Улуу Британиянын Бристоль университетиндеги эл аралык байланыштар адистиги боюнча билим алган.
2003-жылы – Кыргызстан ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
2004-2006-жылдары – Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы.
2006-2015-жылдары – «Кудайберген» автоунаа базарынын башкы директору.
2015-жылы – Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

«СПОРТЧУЛАРДЫН АРАСЫНДА ЧОҢОЙДУМ»
– Атам менен апам адегенде уулдуу болушкан экен. Бирок агам ымыркай кезинде эле чарчап калыптыр. Кийин мен төрөлүптүрмүн. Кыязы, атамдын адегенде уулдуу болгонунун да таасири болсо керек, мени эркек баладай кылып тарбиялаган.
Балалыкта тентектик кылган күндөрүмдү эстей албайм. Менин атамдын тарбиясы менен тентектик кылуу мүмкүн эмес болчу.
Атам Сокулук районундагы Асыл-Баш айылынан болот. Айылында бекерчиликтен ичип отурган бирөөнү көрсө катуу тарбиялап койчу экен. Бир ирет айылда бирөө каза болуп бир нече адам маркумга жай казышат, ошол жерден эле арак ичишет. Бир убакта алыстан атам келатканын көрүп, «Жыргал байке келе жатат» деп маркумга деп казган жайга кирип жашына калышкан экен. Бул атамдын канчалык таасирдүү болгонунун бир мисалы.
Атам мен үчүн идеалдуу эле. Атам да, апам да мектепти алтын медаль менен бүткөн, биз да жакшы окушубуз керек деп мектепте алдыңкы окуучулардан болуп жүрчүмүн. Бир жолу менден кийинки сиңдим сабактан 3 алып келиптир. «Бул эмне кылганың, биздин үй-бүлөнү уят кылып жатасың» деп аны чоң киши болуп урушуп алгам. Бир убакта атам келип сиңдиме боору ооруп кетти окшойт, «кой, анча-мынча боло берет, мен деле класстан класска көчө албай калчудай болуп бүткөм» деп койбоспу. «Мен сизди алтын медаль менен бүткөн экен десе» деп ошол жерден мен ыйладым. Апам болсо «эмнеге антип айттың, бул эми бир жыл депрессия болот» деп атамды урушкан эле. Дайыма атама карап түздөнчүмүн да...
Атам спортчу, машыктыруучу болчу. Балалыгымда спортчуларды ар кандай машыгууларга алып барганда мени кошо алып алар эле. Спортчулардын арасында эле чоңойдум.

«АТАМДЫН АСКЕРДИК ТАРБИЯСЫНА ЫРААЗЫМЫН»
– Атам эрте кетерин билгендей эле мага чоң кишидей мамиле кылып, жашоого бышыргандай туюлат. 2005-жылдын 10-июнунда Англияда окуп жаткан инимдин жатаканасында болчумун. Эмнегедир эле бир жамандыкты сезгендей чочуп ойгондум. Жарым саат өтпөй телефонума «атамды өлтүрүп кетишти» деген кат келди. Бир сааттай кыйкырып-өкүрүп шок абалында болгон экенмин, иним, досторум эсиме келтиришти. Ал жума күн болчу. Жекшемби күнү Кыргызстанга келдик. Жолдо келе жатып да өзүмө келе албай жаткам. Ошондо иним: «Эже, болду, ыйлаба! Атамды өлтүргөндөргө көз жашыңды көрсөтпө!»- деп айткан. Биз келгенден кийин аз өтпөй эле атам жерге берилди.
Анан башталды... Анда билесиздер, Бакиевдердин заманы болчу. Биздин мүлктү бетпактык менен эле талаша башташты. Атамдын ушунча кылган мээнетин четтен келген бирөөгө эле коркуп карматып койгум келген жок. 2010-жылга чейин далай соттук иштерди баштан өткөрдүк. Күрөшө бердим. Ошол күрөш менин чөктүргөн жок, чыйралтып турду. Бой жеткенче атамды мени аскерлердей тарбиялаганына нааразы болуп келген болсом, ошол кыйын күндөрдө атам мыкты тарбия бергенине ишендим.

«ИШЕНИП ДОБУШ БЕРГЕНДЕРДИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КОРГОЙМ»
– Ишкерлер Жогорку Кеңешке бизнесин коргоо үчүн келишет дешет. Биринчиден ата-энемдин маңдай тери менен түптөлгөн базарда жана анын айланасында ашкана жана башка нерселер курулуп, кыскасы, ошол аймакта иштегендердин саны миңдеп саналат....
Алардын айрымдары шайлоодо мен үчүн добуш беришкен. Эгер ошол менин шайлоочуларымдын укугу бузула турган болсо, мен эмнеге алардын укугун коргобошум керек?! Алар да Кыргызстандын жараны! Айтайын дегеним, мага ишенип добуш бергендердин бардыгынын кызыкчылыгын коргойм.

«ДЕПУТАТТЫ ЭТ ТАРТЫП ТОСУП АЛЫШАТ»
– Мамлекет үчүн иштөө ойлорум бар болчу. Тагдырдын буйругу экен, атамдын ишин колго алып 10 жыл бизнесте жүрдүм. 2015-жылдагы парламенттик шайлоолор алдында иним келип: «Эже, ишке ашырам деген жакшы ойлоруңуз болсо, саясатка да аралашып көрүңүз. Бул жакты мен колго алайын. Ушунча жыл мен алып кете турган ишти моюнуңузга жүктөп келе жатасыз, сизге рахмат!»- деп колдоп берди.
Үгүт иштеринде бир өзгөчөлүктү байкадым. Биздин элде депутат деген ушундай абройлуу киши экен. Жадакалса депутат болот деген талапкерди да жер-жерлерде аксакалдарды четке жылдырып, төргө отургузуп коюшат. Депутатты барган жеринде эт тартып тосуп алышат. Бир учурда чыдабай: «Силер ушундай эркелетсеңер кайсы депутат көппөсүн?! Эртең ушул депутат кишини көзгө илбей калса таарынбагыла, себеби өзүңөр ошого көндүрөт экенсиңер»,- деп айтып жибердим.
Албетте, убадасын аткара билген, эл алдында жүзү жарык депутат сый көрсө каршы эмесмин. Бирок сый көрүүдөн мурда депутат айткандарын аткарсын, ишин көргөзсүн!

«ТЕМИР АЙЫМ БОЛУУДАН ТАЖАГАНДА ШОПИНГ ЖАСАЙМ»
– Тарсылдап тың болуп, тайманбай бетке айтма, англисче айтканда «iron lady» (темир айым) образында болгонум менен, жай турмушта абдан тамашакөймүн. Кээде тамашаларым чектен чыгып кеткен да учурлар болот. Көп күлөм. Анан да кээде назик аялзаты болгум келип калат. Дүкөндөрдү кыдырып шопинг жасагым келет. Кээде ошентип өзүмдү эркелетип коём. Бирок дайыма Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы деген чоң жоопкерчилик менен жүрөм. Атамдын атын булгагым келбейт. Анын кызы болуу зор сыймык.

«ЖЕКЕ ЖАШОО ҮЧҮН УБАКЫТ ТАР»
– Бизнесте, андан соң азыр Жогорку Кеңеште чоң жоопкерчилик алып, жеке жашоомо убакыт деле табылбай калат. Маңдайга жазганы ушул экен, мындан 6 жыл мурун ажырашууну, андан кийинки келчү бардык абалдарды баштан өткөргөм. Ар нерсенин өз убактысы болот. Менимче, алдыда сонун күндөр толтура. Бүгүнкү күнүмө шүгүр кылып жашаган кишимин. Азыр мага жүктөлгөн шайлоочуларымдын үмүттөрү, ишеничтери бар. Мен ошолорду ишке ашыруум керек.

– Комплиментти кайдан көп уктуңуз, Жогорку Кеңештеби же ишкерликтеби?
– Эки жакта тең бирдей эле го...

– Мэрилин Монро: «Менин девизим толкундануу эмес. Толкундантуу» дептир. Сиздин девизчи?
– «Эч качан эч качан дебе»

– Эмнени жасоого эркиңиз жетпей келет?
– Мурда спорт залга барып машыкчумун. Бир жарым жылдан бери таштап коюп, кайра барууга өзүмдү көндүрө албай жүрөм.

– Сөзсүз окуп чыгуу керек деп кайсы китепти айтат элеңиз?
– Саясатка барчулар сөзсүз Роберт Гриндин «Бийликтин 48 мыйзамы» («48 законов власти») деген китебин окушсун.

"Сүрөттө бир жаштамын.Ушул кезде эле менде атамдын кыялы, анын көз карашы бар болчу".

"Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы болуу чоң жоопкерчилик, сыймык".

Мирлан Өмүралиев
Адилет Бектуров
koom@super.kg
(Айрым сүрөттөр каармандын архивинен алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан