ДЖИ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Жанар таң эрте туруп алып жумушуна барды. Жолду катар Аруукесин эстеп, бактылуу болуп жүрдү. Колу бошору менен кыздын номерин терди.
– Кандайсың, уйкучу?
Уйкудан жаңы гана ойгонгон кыз эркелеп күлүп койду. Жанар муну телефондон тыңшап сезип жатты.
– Сен эмне торгойсуңбу? Саат эми 8 болуптур го?..
– Мен жумушка 8ге келем.
– Анда иште, уйкучулардын убалына калбай.
– Анда телефонуңду өчүрүп сал!
– Эмнеге?
– Мен баары бир чала берем да.
– Ооба, өчүрүп коём. Мейли!- кыз телефонун өчүрүп койду. Жанардын деми сууй түштү. Ыңгайсыз болуп кетти. Ал сагынып кеткен болчу. Кызды минтет деп ойлогон эмес. Бирок ушул маалда телефонуна чалуу келди. Аруукеси экен...
– Хе-хе, көтөр мурдуңду! Эмне бултуюп калдың?
– Шагым сынып калды. Минтпей жүр да, атайын сагынып чалсам...
– Эмне таарынып калдыңбы?
– Жок, бирок ыңгайсыз болуп кеттим.
– Аа, анда анан чалып кой!
– Эмне-е?
– Тамаша. Эмнени айтайын дедиң эле?
– Жөн эле, сагындым! Мейли, ээ?- Жанар кыздын жообун укпастан телефонун коюп салды. Кайра аз өтпөй чалды да:
– Көтөр мурдуңду! Эмне бултуюп калдың?- деп кызды туурады.
– Бултуйган жокмун! Бактылуу болуп жатам. Бүгүн жолугабызбы?
– Сөзсүз! Жумуштун акырына чейин чыдай алчудай эмесмин. Түштөн кийин бир шылтоо таап чыгам. Анан сага байланышам.
– А сен кайда иштейсиң?
– Ашпозчумун да.
– Жумушуң каякта?
– Покровка көчөсүндөгү ресторанда,- Жанар ресторандын аталышын айтты.
– Мм, түшүнүктүү. Сен көп деле шашылбай эле кой. Мен күткөндү билем. Жумуштан суранбай койсоң деле болот,- кыз телефонун койду да, шашылыш кийине баштады. Өзүнчө кудуңдап сүйүнүп да жатты.

ххх

Жанар Нурлан экөө күндөгүдөй эле иштеп жатышкан. Капыстан ресторандын ашканасына официант кыз кирип келди да:
– Жанар,- деди чочуган үн менен.
– Эмне болду?
– Кардар келди. Супсулуу кыз. Жол тандабас унаа менен! Анан эмне дейт дебейсиңби? “Ашпозчу Жанар жасаган гана сушини жейм” деп жатат!
Нурландын оозу ачылып калды.
– Койчу,- деди Жанар ишенбей.
– Тиги жакты карасаң.
Жанар кыз кол жаңсаган жакка чыгып, кардарлар отуруучу залда жалгыз отурган Аруукесин көрдү.
– Ой, тентек!- деди күлүп. Ашканага учуп барды, даярдалып бүтүп калган сушини кооз жайгаштыра койду да, аны көтөрүп чыга келди. Кыз аны күлүп тосуп алды.
– Дүйнөдөгү эң сулуу кыздын буйрутмасы даяр болду. Урматым менен ашпозчу Жанар!- жигит өтө ийкемдүүлүк менен колундагы сушини столдун үстүнө койду да, – биздин ханыша дагы бир нерсе каалайбы?- деди жылмайганынан жазбай.
– Жок. Бара берсеңиз болот. Бир аздан соң десерт алып келесиз... Аны өзүнчө айтам!- деди тамашалай. Чын эле отуруп тамактанып алсын деген ой менен Жанар ашканага кирип кетти.
Аздан соң официант кыз Жанарды кайра чакырып келди. Жигит залга чыгып бирин-экин кардарлар отурганын көрдү. Аруукеси болсо жылмайып ордунда отурат.
– Ханышага бардыгы жактыбы?
– Абдан сонун! Сизге рахмат! Десерт боюнча?
– Айта бериңиз! Эмне жейсиз?
Кыз унчукпай ордунан турду да, жигиттин моюнуна асылып, эриндеринен өтө назиктик менен өөп алды.
– Десерт үчүн да рахмат!
– Демек, мен десерт экенмин да.
– Бара берсеңиз болот,- кыз күлүп койду. Жанар канчалык билдирбегенге аракет кылганы менен, кызарып-татарып уялып кетти. Ананчы, официант кыздар, администратор, ашпозчулар "Жанарды чакырган бул сулуу, бай, эрке кыз ким болуп кетти? Эмнеге Жанарды чакырды?" деп жарданып карап турушкан. Жерде басып баратканын сезбеген абалда жигит ашканага күлүп-жайнап кирип келди. Анан туш тараптан суроолор жаады. "Бул ким? Муну кайдан таап алдың? Койчу, ушу кыз сени карадыбы?" Жанар болсо жооп берүүнүн ордуна тиштерин кашкайта жылмайып гана тим болду.

ххх

Жанар жумушунун аягына чейин чыдай алган жок. Ар нерсени шылтоолоп, эртерээк чыгып кетти. Аруукеси менен болжошкон жерде жолугушмак. Жолдон гүл алып алайын деп чечти.
– Мен мурда сага таптакыр гүл берген эмесмин. Эми андай катачылык кылбайм!- деди Жанар Аруукесинин жүзүнөн сүйүп жатып.
– Чынында мен гүл алганды анча жактыра бербейм...
– Эмнеге?
– Алар тирүү болуп өсүп турганы жакшы го... Эми булар кесилгенден кийин ашып кетсе бир жума жашайт да.
– Аның туура...- жигит макул болбой коё алган жок.
– Бирок рахмат деш керек. Антпесе тарбиясыз кыздай көрүнүп калам.
– Эч нерсе эмес.

ххх

Шефтин кызынын унаасынын жанында турган жигитти карап Циклоп кытмыр күлүп жатты.
– Ушуну көрө салганын?! Эмне тапты ушундан?- өзүнчө сүйлөнүп койду. Ал Мураттын тапшырмасын аткармакчы болуп кыздын артынан аңдып жүргөн болчу. Кыз-жигит бир аз сүйлөшкөн соң кыздын унаасына түшүп жөнөп калышты. Циклоп өз унаасы менен артынан айдады.

ххх

Жанар менен Арууке баягы кичине кафенин ичинде ар кайсыны сүйлөшүп отурушту.
– Ушунча саат эмнени сүйлөшүшөт? Кызык эле...- Циклоп аларды карап түшүнбөй жатты. А кыз-жигит абдан бактылуудай көрүнөт. Улам күлүп, улам бир нерсени кызуу талкуулап жатышты. Анан бир убакта кыз эркелей жигитке башын жөлөдү. Жигит болсо кыздын маңдайынан өөп, бооруна кысты.
– Көгүчкөн боло калышат бир паста,- деди Циклоп жинденген түр менен.
Кеч киргенде гана экөө жетелеше чыгышты. Кыз унаасына түшүп жалгыз жөнөп кетти. Жигит көпкө артынан карап турду да, батышты карай басты.
– Метро менен жөнөйт экенсиң да, ээ?- Циклоп унаасын бекитип, жигиттин артынан ээрчиди. Айткандай эле жигит аз өтпөй метрого бет алды. Көпчүлүк элдин арасынан Циклоп аны жоготуп албайын деп жан далбастап баратты.

(Уландысы кийинки санда)

Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
barsa30
2016-06-13 09:52:01
мен онунчу :)
0
Nur0101713
2016-06-13 10:06:43
Нурзат баар жоктун чеги болот эгер мамиле узгун келсе жон эле айт
-2
Nazikbaigazy
2016-06-13 10:35:15
Каап кызыктуу жеринде бутуп калдыго суранам Жанарга тийбегилечи
+4
japardos
2016-06-13 13:26:55
Жакшы баратты эле бутуп калбадыбы мен 7 чи
0
aikera1992
2016-06-13 17:53:40
Мынча кызык анан кыска. Супер инфо жашоодон алынган чыгармаларды жазыныздарчы сураныч.
0
gylburak_kg
2016-06-13 18:00:46
Качан буттот эми эмне болот бир жума качан оттот
0
owtu
2016-06-13 19:30:35
emi ne kylat
0
Musabaeva.
2016-06-14 14:22:58
Шарт шарт эле жазып салса болбойбу эмне.
0
X-peria
2016-06-14 16:54:42
А мен канчанчы
0
marzi88
2016-06-14 21:48:12
Кыска жана нуска. Бирок бир аз кобуроок жазылса сонун болмок.
0
osh0892
2016-06-14 22:46:19
Мына кызык эми не болот
0
akylai.timurova
2016-06-15 11:04:51
ушул чыгарманын китеби чыкканбы,чыккан болсо кайдан табууга болот?
0
Svoboda83
2016-06-16 03:34:20
Ресторандар саат ондон кийин ачылатко?! Же болбосом суточный окшойт.Воопшето автор фантастиканы кооп кошуптур.
-1
shairgulisaewa
2016-06-17 11:22:08
Жакшы кызыктуу чыгарма!
+1
kuba82kgnur
2016-06-17 20:05:48
Китеби барбы бар болсо кайдан алсак болот?
+1
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан