ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

– Мен сени өлүп калган экен дедим эле,- деп жанына барып отурдум. Баш кийими түшүп калган экен,  өзүмдүкүн ага кийгизип, аныкын мен кийип алдым. Майк мени карап койду, көзүнөн үмүтү үзүлгөн, эми баары бир болуп калган көз карашты көрдүм. Аяп кеттим.
– Майк, минтип жата берсек болбойт. Мен Баграмга барып келейин, эртең менен эрте жөнөсөм, кечке чейин келип калабыз. Келип сени алып кетебиз, мен да кошо келем.
Майк жооп бербестен асманды карап жата берди.
– Коркпо, бул жерден сени эч ким таппайт, тез жетүүгө аракет кылам, жолду билем. Дарың да түгөнүп баратат, эртең түндө, буюрса, базада болосуң. Бат эле айыгып кетесиң. Маанайыңды түшүрбө, баары жакшы болот, мына көрөсүң.
Майк айласы калбаган адамдай күлдү да, артынан оор үшкүрүнүп алып:
– Атың ким?
– Каныбек, Ганни деп койсоң деле болот. Базадагылар мени тили келбей Ганни дешчү.
– Ганни, бизди эч ким алып кетпейт, келсе шаардан эле ошо күнү алып кетишмек. Азыр деле биздин каякта экенибизди көрүп эле турушат. Алардан жардам күтпө, биз алар үчүн жок адамдарбыз. Базага барган күнү деле экөөбүздү жок кылышат.
– Эмнеге? Кандайча жок кылышат? Биз эмне кылмыш кылдык же эмнени билебиз алар корккудай,- дароо бир жашыруун сырды ачып койгон окшойбуз деген ой келиптир, – рюкзакта бир нерсе барбы?
– Базада мен жөнүндө сага эмне дешти эле?
Айтып бердим, унчукпай угуп жатты да:
– Ганни, аларды деле түшүнсө болот, мен деле ошону айтмакмын. Сенин күнөөң – керектүү жерде, керектүү убакта болуп калганың.
– Ток этер жерин айтчы, ар нерсени эле сүйлөй бербей. Философтук ойлоруңду кийин бекерчиликте башкаларга айтасың. Эмне болду, эмнеге биз жок адамбыз?
– Макул, анда баарын башынан айтайын сага түшүнүктүү болуш үчүн. Рюкзакта 300 миңден ашыгыраак доллар, дагы кичине евро бар, санаган жокмун. Мен бул акчаларды ошол үйдөн уурдап чыккам.
Оозум ачылып калды, оюма да келбеген экен мындай нерсе. Сүйлөйүн десем колун көтөрүп токтой тур дегендей жаңсады да:
– Токто, Ганни, мен айтып бүтөйүн, дарым деле калган жок, эртең мененкиге чейин жашаймынбы, жашабаймынбы айта албайм. Сөзүмдү бөлбөй тур, сураныч сенден.
Мен Майамиде бай үй-бүлөдө өстүм, атамдын ондон ашык чоң дүкөндөрү бар эле. 3-классымдан эле атам мени машыгуучу залга алып барып, катуу дайындады, жакшы машыктым. Шаардагы чемпиондуктардын канча жолку чемпиону болгом. Өзүм машыктырган балдар бар эле. Шаарды мен карачумун. Канча жолу балдарды уруп, экөө-үчөөсүн майып кылып да койдум. Атам ар дайым куткарып кетчү. Мектепти бүткөндө Лондонго окууга өткөздү, ал жакта деле үйрөнгөн адатымды кылып жүрдүм, үч жолу окуудан айдамакчы болушканда да атам акчанын күчү менен жаап коюп жатты. Өзүмө окшогон эки бала менен табышып алгам, студенттерди тонойбуз. Акыркы деген акчаларын алып койчубуз. Окубай эле ойноп-күлүп жүрчүмүн, күн куру эмес ичебиз, баңгизатка да кадимкидей үйрөндүм. Эки жыл окуп калгам, бир күнү баңгизат чегип алып өзүмдү билбей бир кызды өлтүрүп койгом. Квартирамда мени менен калган экен. Эртең менен ойгонсом ваннада сууда өлүп жатыптыр. Башын сууга салып тумчуктурган окшойм да, эсимде жок. Дароо атама чалдым, атам “эшикти эч кимге ачпа, квартираңа эч ким кирбесин, мен түштө барып калам” деп эки адам менен келген. Тиги кызды кантип жок кылышты билбейм. Айтор, андан да куткарып кетти. Бир жума окуганымдан кийин кайра Америкага, өзүбүздүн шаардагы окуу жайга котортуп алды. Мен анда деле оңолгон жокмун, баягы эле жашоо, окууга барбайм деле, атамдын кадыры менен жүрдүм. Эки ай дегенде менин оңолбошума көзү жеттиби, же аскерге барса оңолот дедиби, билбейм, аскерге жөнөтүп жиберди. Гавайиде 6 ай кызмат кылганымдан кийин Ооганстанга которушту.
Сени жөнөткөн Жон Макфелл атамдын жакын досу болот. Ошол мени карап жүрдү. Эч кандай согуштук чыгууларга катышкан жокмун, базада эле жүрөм. Базада кичинекей робот учуучу аппараттарды, дрон деп коёбуз, башкарып эле отурабыз, жөнөкөй тилде айтканда, дрондордун оператору болуп кызмат кылдым. Аябай жакшы өздөштүрдүм, базадагы эң жакшы оператор элем. Дрондордун ар кандай түрү бар, мен эки дронду башкарчумун. Бирөөсү 500 километрге чейинки алыстыкка учат, "Оул" (үкү) дегени. Анын иши – миң метрге чейин көтөрүлүп, базанын айлана-тегерегиндеги 500 километрге чейинки жерди чалгындоо эле. Түндөсү деле күндүзгүдөй кылып көрсөтөт. Экинчиси "Ханте" (мергенчи) деген кичинекей чымчык. Чыныгы чымчыктан эч айырмасы жок, кадимкидей канатын күүлөп учуп жүрө берет. Башында айнектин ичинде камерасы бар, 360 градуска айланып турат, төшүндө цианидге ууланган ийне атуучу куралы бар. Ал чымчык 200 километр алыстыкка чейин уча берет. Дарактарга, ток өткөн зымдарга конуп уча алат. Эгер батарейкасы отура баштаса ток өткөн зымдарга конуп эле заряд алып алат. Күнү-түнү деле учуп жүрө берет, караңгыда 300 метрдеги адамды күндүзгүдөй көрө алат. Мен айрыкча "Хантени" жакшы башкарчумун. Баскетболдун топ түшүүчү шакекчесинин сеткасына тийгизбей учуруп өткөрчүмүн. Бул деген эң жакшы көрсөткүч.
Кандагарды коён жатагына чейин билем. Жакын арадагы шаарларды да карап, керектүү нерселерди майда-чүйдөсүнө чейин картага түшүрүп турабыз. Ким эмне кылып жатат, айтор, ишибиз, базанын айлана-тегерегиндеги айыл-шаарларды карап, тынчтыкты сактоо эле. Ар кимибиздин өзүбүзгө бөлүнгөн шаарыбыз бар, же шектүү делген үйлөрдү байкоого алып турабыз.
Менин ишим ушул үйдү кароо эле. Бул үйдү беш колумдай билчүмүн, сакчылар каякта турат, кайсы сакчы кандай карайт, эмнеси кайсы жерде жайгашкан. Үйдүн ичинде канча бөлмө бар, дронду жер төлөсүнө чейин киргизгем. Бул үйдө Кандагар провинциясынын эң бай деген соодагери жашачу. Ар айда көп суммадагы акча алып келип, жер төлөсүнө бекитип, акча үйдө 3 күн турчу, анан Кабулга жөнөтчү. Бир жарым жыл карап жүрдүм, ар дайым бир убакта акчаны алып келет экен. 

(Уландысы кийинки санда)

 

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aidinaernur
2016-06-13 09:29:18
Дагы бир апта кутмой
+2
gukush00
2016-06-13 09:35:54
мен биринчиииии
-1
Bazana
2016-06-13 12:17:10
Аябай кызыктууго
+1
borbuk
2016-06-13 12:29:10
Китеби барбы билбейсинерби ?
+1
zara-919
2016-06-15 01:57:03
borbuk, китебин билбейм го бирок электрон.вариантын окугам мен. Бирок унутуп калдым Кайсы сайттан окуганымды. .
0
omu
2016-06-16 10:34:50
zara-919, Интернеттен таппай жатам
Эмне деп издесем болот?
0
ere
2016-06-13 13:02:36
ыхы
+1
Gulza2014
2016-06-13 23:20:35
Абдан кызыктуу чыгарма экен! Аыторго рахмат! Бирок чын болгон окуябы?
-2
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан