Борончу Кудайбергенов, куудул: «АЯЛДАРГА КАРАГАНДА КӨБҮРӨӨК ЫЙЛАЙМ»

Бул киши куудул, ырчы, тамада, ажы, президенттикке талапкерлигин да коюп көргөн. Бир учурда гезит ачып, өзүн журналист катары сынаган. Кайсы көп кырдуу талант деп ойлоп турасызбы, окурман? Бул кадимки Борончу Кудайбергенов. Ал “орозо кармап жатам, салкын жерде маектешели” дегенинен үйүнө бардык.

– Орозоңуз кабыл болсун! Ысыктан кыйналган жоксузбу?
– Чоң рахмат. Орозо кармабаган кишиге оор көрүнүшү мүмкүн. Ысыктан кыйналганым болбосо, баары жайында.

– Бул жыл сиз үчүн ийгиликтүү болду окшойт. 50 жашка толуп, юбилейиңизди белгиледиңиз. Эр ортону элүү сизди кандай тоcуп алды?
– Досторум «50 жашка чыккан кандай экен?» деп сурашса, «40ка чыккандай эле экен» деп тамашалап жатам. «Өмүр – көз ирмем» демекчи, артымды кылчайып карасам, кирпик какты убакыт көз алдыңа тартылат. Эч нерсеге жетишпегендей болосуң. Тарыхта калыш үчүн жогорку деңгээлдеги чыгармаларды жаратыш керек. Мени «Кыргызстанга белгилүү куудул» дешсе уялып кетем.

– Саясий сатираларды көп аткарасыз. Тилиңиздин запкысын тарткан учурлар болобу?
– "Кумтөр" маселеси боюнча Жети-Өгүздүн Саруу айылына барганда «Атамбаев нарындыктарды кой деп айтты, анда өзү чабанбы?» деп тамашалап койгом. Ошондон кийин бир тууган агамды жумуштан алып коюшту. Агам «ошону айтпай эле койбойсуңбу, сен айтканда эле кетип калмак беле?» деп мага таарынып калган.

– Куудул Тынар Курбаналиев экөөңүздөрдүн тандемиңиздер бүттү окшойт. Азыр мамилеңиздер кандай?
– Сатираны аткарганда Тынарды биринчи планга чыгарып, экинчи планда ойноп жүрдүм. Мен деле биринчи планда ойнойм десем болмок. Бирок чыгарма жакшы чыксын деп аны ойнотчумун. 50 жылдык концертимди берердин алдында улуу башымды кичүү кылып «Чогуу концерт берели. Жалгыз берсең деле, мени менен чыксаң деле Тынарсың» деп эки ирет кайрылдым. Биздин концерттерди уюштурган өкүл атасы аркылуу да айттырып көрдүм, көнбөй койду. 5 жыл сахнада өнөктөш болдук, 50 жашка чыгып жатыпсыз деп 10 күн мени менен гастролго чыгып койсо деле болмок. Кайра-кайра жабыша бермек белем деп турнемди Баткенден баштадым. Ошко келгенден кийин Тынар мен концерт берчү жерлерге менден мурун же кийин концерт бере баштады. Биз сатираны бирге ойногондуктан элде «Борончу жалгыз концерт коёт» деген түшүнүк жок болуп калыптыр. Менден мурун коюп кеткен жерлерде эл аз келип, айрым жерлерде концерт үзгүлтүккө учурады. Бул жоруктан кийин Тынарды түшүнбөй калдым. Мамилебиз мурункудай эле. Ошол учурда таарынгам, азыр таарыныч жазылды, бирок ишенич болбой калды.

– Анчалыкка баргыдай ортоңордо жеке таарыныч бар беле?
– Жок. «Борончу ушунча иштешип алдап же таарынтып кетти беле?» деп Тынардын өзүнөн сурасаңар. Экөөбүз иштешип жүргөндө бир тыйын да акысын жеген эмесмин.

– Бул суроону сиздин жан дүйнөңүздү билиш үчүн берип көрсөм. Сизди эмне кейитет, түйшөлтөт?
– Мен теңсиздикке кейийм. Досторум укса таарынбасын. Азыр достор жарма дос болуп калды. Жакшылыгың болсо келет, жамандыгыңда көз көрсөтөт да, кетет. Бирөө кыйналып турса, анын көйгөйүн уккандын ордуна өзүнүн жетишкендигин айтып мактанат. Жок дегенде сөз менен жардам кылган жоро-жолдоштор калбай баратат. Интернеттен оор тагдырдагы адамдарды, орой мамилелерди көрсөм ыйлап ием. Аялдар ыйлаак болот дешет. Мен аялдарга караганда көбүрөөк ыйлайм.

– Бала кезиңизде башка үй-бүлөдө чоңойгонуңузду уккам. Кандай себеп менен бакма бала болуп калгансыз?
– Бул суроого ата-энем тирүү болгондо жооп берсем таарынышмак. Алардын көзү жок болгондуктан айта берейин. 1 айга толгондон кийин мени атамдын агасы багып алыптыр. Ал кезде «мага бир балаңды бербейсиңби?» десе, белек кылып бере беришсе керек (күлүп). Апам «Сен аябай ыйлаак болчусуң. Чыдабай алып келип берет деп үмүттөнчүмүн. Үйгө келген адамдардан «Борончуну алып кетсин деди» деген сөздү угам деп күтө берчүмүн. Ана-мына келет деп 1 ай күтүп, бербей койгондуктан ыйлагам» деп көп айтчу. Ошентип кемпир-чалдын колунда япондордун балдарындай чоңойдум. Алам дегенди алып, жейм дегенди жечүмүн. Баккан апам менен конокко барганда бирөөлөр жилик жеп жатса, бер деп ыйлап алып алчу экем. 7 жашка толгондо баккан апам каза болуп, ата-энемдин колуна келдим. Өз үйүмө, бир туугандарыма кошулганым менен, бөтөн үй-бүлөгө келгендей болдум. Бир туугандарым менен уруша кеткенде апам бир нерсе десе, «өзүңдүн балдарыңды кой дебейсиңби?» дечүмүн.

– Сакадай бою сары алтын куудулдун алгачкы сүйүүсү, арзуусу кимге арналган?
– Биз сүйүүнү кат аркылуу билдирчүбүз. Анда кат жазышуу да башкача эле. Дайым жазылчу сөздөр менен башталып, аягын «жүрүп албайлыбы?» деп бүтүрүп, колдун изин кагазга түшүрчүбүз да, «колум колуңа тийсин» деп жазып коёр элек. Кыздардан жооп келишин жумалап күтчүбүз. Атыр тамчылаган жооп келчү. Ал кездеги атырлар сапаттуу болгонгобу, жыты кетчү эмес. Аны кыздар кат өзгөчө болсун деп сээп коюшса керек.
Мага алгачкы сүйүү 7-класста келди. Сүйүү катын да ошондо жаздым. Классташ, бир партада отурган кызга. Сабакта андан тапшырманы көчүрөм да, сабак бүткөндө курбу кызы аркылуу катты берчүмүн. Ошентип ал кыз менен жүрүп алдым. Кечинде барайын десем, иттерден корком. Кошуна кыздарды ээрчитип алып жолугушууга барам. Үн-сөзсүз бет маңдай туруп алабыз. Бир убакта «аба ырайы кандай?» десем, ал «күн жаайт го» дейт. Ушул сыяктуу сөздөр менен жолугушуу бүтчү. Ал кыз менен бир жума сүйлөштүм окшойт. Мени менен чогуу барган кыздарды ата-энелери жибербей, биздин сүйүү да бүткөн. Ал кыз кийин классташыбызга турмушка чыкты. Ага кат жазганымды айтсам, жолдошу кызганып токмоктой берет экен. Ошондуктан классташым «болду, мен жөнүндө айта бербечи» деп калат. Айылга барганда жакшы учурашпаса, «интервью берип, кат жазганымды айтам» деп тамашалап калам.

«ТАНКТЫ ТУРУП АЙДАЧУМУН»

– Жубайыңыз тууралуу эки ооз кеп...
– Аялым алтын адам. Менин чыгармачылыгымды түшүнгөнү үчүн ушундай деңгээлде жүрөм.

– Бирөөгө атаандашып жашайсызбы?
– Чыгармачылыкта гана атаандашам.

– Маселени муш менен чечесизби же сөз мененби?
– Бала кезде мушташкам. Азыр уруштан качабыз, сөз менен чечебиз.

– Саясатчылардын кайсы жакшы тарабын тамашага салса болот?
– Биздин саясатчылар мактай турган деңгээлге жете элек.

– Эки аял алууга көз карашыңыз?
– «Бир ит талаган жакшыбы же эки итпи?», Эки доочу бир келсе абийириңдин кеткени, эки аял бир келсе ажалыңдын жеткени» деп кыргыздар бекер айтпаган да. Жакшы көргөн кыздар болушу мүмкүн, бирок бир эле аялым бар.

– Аскерге боюңузду шылтоо кылбай эле алды беле?
– Аскердик милдетимди Ооганстанда өтөйүн десем, «боюң кичине» деп албай коюшуп, башка жакта кызмат өтөдүм. Аскерде танк айдадым. Бутум тормозго жетпегендиктен танкты туруп айдачумун.

– Маегиңизге рахмат!

«Мен мыкты куудул эмесмин, бир нерсени жакшы баяндап бере алам».

«Аялым чыгармачылыгымды колдобосо, ушул деңгээлге жетмек эмесмин».

«Күрөш менен машыккам, кышында лыжа тепкенден ырахат алам».

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
”Жубайымдын түшүнүктүүлүгү ийгиликке жеткирди” дейт Борончу Кудайбергенов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Bereke10
2016-06-13 15:01:11
Аябай мыкты талантуу сатирик,юморист деп билем бул агайды. Борончу менен Тынардын тандеми мыкты болчу,тарап кеткени окунучтуу. Кайра биригиниздер. Юбилейге Тынар катышып берсе болмок эмнеси болсо да чыгармачылыктын нанын бир топ жыл бирге болушуп жургон кесиптеши,бир жагы устаты деле болуп калса керек элеБорончу агай. Абдан ачык оорундуу маек берптирсиз рахмат сизге.ишинизге,чыгармачылыгынызга ийгиик. Эл сиздин талантынызды баалайт.
+5
munduz2016
2016-06-13 15:56:03
Бар болунуз Борончу ака,сонун маек болуптур!
0
aibo_85
2016-06-13 16:06:04
Борончу ака дагы, Тынар дагы мыкты куудулдар!!!
+3
Nurmuslima
2016-06-13 16:09:07
Чыгармачыл ийгилик..
0
Rahim76
2016-06-13 16:09:10
Тынар
+1
Akbarkg
2016-06-13 16:43:16
Чынында жакшы маек болуптур. Тынар чындыгында адамгерчиликтик кылбаптыр! Тынар озу айткандай орусча атын копчулуктун эсине салыптыр, сахнадан сырткары .
-1
hanisa
2016-06-13 17:29:48
Жакшы маек болуптур,ишинизге ийгилик
0
Uzakova.Z.A
2016-06-13 18:59:18
Ишинизге ийгилик!
0
ss90
2016-06-13 20:24:14
Байкем го)))
0
aibo_85
2016-06-13 20:24:26
Эки аял алууга коз карашыныз деген суроого "..бир ит талаган жакшыбы же эки итпи?" деген жери олло жакты. Таланттуу адамсыз Борончу ака, ишинизге ийгилик. Журналисттер ар турдуу, талаш жаратуучу, интрига суроолорду беришет, ошончун алар журналист. Бирок Сиз андан ары интриганы ырбатпоо учун сылык жооп берип коюнуз.
+11
Nurbollot
2016-06-13 20:24:32
Жакшы байке ишинизге ийгилик онорунуз оркундой берсин
+3
Bonia9189
2016-06-13 22:44:07
Борончу байкебиз эн сонун куудул жана ырчы жана жонокой адам,Борончу байке жаны чыкканда Тынар акебиз ким эле эми эле которулуп калыптырго, Борончу байкебиз биз учун эн биринчи,Тынар аке дагы таланттуу бирок каттуу кетти.
+4
DNurgiza
2016-06-14 08:38:06
жакшы маек болуптур...... орозоңуз кабыл болсун!
+3
_PeriWa_
2016-06-14 10:03:21
Чын эле Тынар Борончу менен осту таанылды эмнеге андай кылат Борончу Кудайбергенов биз сизди сыйлайбыз, жакшы коробуз Жана жаны сатираларды кутобуз
+2
Kroxa
2016-06-14 15:34:02
Тынарды тынар кылып алга жетелегендердин арасында Борончу бар ичкен арыгына тукуруп ХХХ ХХХ ХХХ. 50 жаш кут болсун ийгилик биз сыйлаган адамдар менен бар болунуз!!!
+4
admin_superstan
2016-06-14 16:26:15
Kroxa, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз!
+1
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан