Жайдын келиши менен футбол майрамы башталды. Дегенибиз, Франциянын футбол талаалары 15-ирет өткөрүлүп жаткан Европа Чемпиондугун тосуп алат. Учурдагы чемпион Испания кубокту коргой алабы, Дүйнө чемпиону Германия кайрадан мыкты аталабы же жаңы жеңүүчүгө күбө болобузбу?
16 ЭМЕС, 24
УЕФАнын 2008-жылдагы чечимине ылайык, Европа чемпиондугунун финалдык баскычына катышкан командалардын саны көбөйгөн. Мурун 16 эле команда ат салышса, быйылкы жылдан тарта 24 команда континент мыктысын аныктайт. Командалар көбөйдү, демек, кызыктуу беттештердин саны өсөт. Ошондой эле көптөн бери мындай мелдешке катыша элек командалар финалдык баскычка чыгышты. Мисалы, Гарет Бейл баштаган Уэльс, Сигурдссон башындагы Исландия курама командалары жана башкалар бар.
Наполеондун мекенинин 10 шаары оюндарды кабыл алууга даяр. Мелдештин форматына өзгөрүүлөр кирип, 6 тайпанын 1-2-орун алган командалары жана 3-орун алган 4 мыкты команда 1/8 финалга чыгат.
КООПСУЗДУК БИРИНЧИ ОРУНДА
Өлкөдөгү болуп жаткан окуялар көз жаздымда калган жок. Андыктан оюндарды өткөрүүдө коопсуздук биринчи орунга коюлууда. Буга карата 90 миңден ашык тартип сакчылары коопсуздукту көзөмөлдөшөт. Стадионго кирүү тартиби күчөтүлүп, бир да күйөрман текшерүүсүз калбайт деп ишендиришүүдө.
Францияда акыркы күндөрдө жергиликтүү эл эмгек кодексинин өзгөрүшүнө каршы митингдерди өткөрүп жатышса, мигранттардын көйгөйү дале чечиле элек. Бирок “Евро-2016” башталар алдында бардык жарандар биригип, футбол майрамын тынч өткөрүп алууну көздөшөрүн билдиришти.
ГЕРМАНИЯ ЖАНА ИСПАНИЯ ФАВОРИТ
Европада футбол оюну биринчи орунда, андыктан көпчүлүк өлкөлөр бул жаатта жыл сайын күчтөнүшүүдө. Бул ири мелдеште курамы боюнча өзгөчөлөнгөн 3-4 команда гана бар, калган командалардын деңгээли дээрлик бирдей. Алсак, негизги фавориттердин катарына үй ээлерин, Германия, Испания жана Бельгияны кошсо болот.
ОЮНДАРДЫН КАЛЕНДАРЫ:
(Бишкек убактысы менен берилди).
МЕЛДЕШТИН...
Талисманы – Супер-Виктор.
Тобу – "КООЗ ОЮН" деп аталат
Оюндардын билеттеринин баасы эң арзаны
25, кымбаты
895 евродон
сатылат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg