АСМАНДАН ЖЕРГЕ ТҮШҮРҮШТҮ

Александр Крестинин баштаган улуттук курама командабыз бир жума аралыгында эки жолдоштук беттеш өткөрүштү. 2-июнь күнү Ошто “Алай” командасы курама команданы кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңип алды. Улуттук курамда Валерий Кичин жана Виктор Майер жетишпесе, калганы эң күчтүү делген курам эле. "Алайлыктар" бир канча футболчусу улуттук курамда ойноого татыктуу экендигин башкы машыктыруучунун алдында даана көрсөтүштү. Бул оюнда Максат Алимов эбак улуттук курамдын деңгээлине жеткенин көрсөтсө, чабуулчу Алиа Силлага кыргыз жарандыгын берүү керектиги ойлондуруп койду.
Ал эми 7-июнда Тегеран шаарында Азиянын күчтүү делген Иран командасы биздин футболчулар менен кез келди. Футболчулардын физикалык абалынан тактикалык жүргүзгөн оюнуна чейин ирандыктар канчалык бизден мыкты экенин белгилеп, асмандан жерге түшүрүштү. Эсеп 6:0. Беттеш футболчуларыбыз гана эмес, Александр Крестинин үчүн да чоң сабак болду.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
admiral
2016-06-13 05:16:28
Гол киргизбесе да, мынчалык ири эсепте ултулбаш керек эле, обидно бирокчу
0
Palan4a
2016-06-13 06:58:55
Каап, мейли эми али дагы корсотушот! Кудайым буйурса алдыда даалай жеништерне жетишет!
0
munduz2016
2016-06-18 18:16:31
Келечек алдыда!
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан