ШАКЫЙДЫН СЕБЕПКЕРИ – ЖИНДЕНҮҮ, СЫРА ИЧҮҮ, УЙКУСУЗДУК

Кээ бирөөлөр алыс жол жүрсө же убагында ысык чай ичпей калса деле “шакыйым кармады” деп калышат. Ал тургай кусуп, шайы оойт. Бул дарт менен Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын 18 пайыз жашоочусу ооруйт. Шакыйдын эмнеден келип чыгары жана айыгуу жолу тууралуу маалыматты Бишкектеги Улуттук госпиталдын №3 неврологиялык бөлүмүнүн жетекчиси Жамалбек Тургумбаев бермекчи.

НЕВРОЛОГИЯЛЫК ООРУ
Шакый – бул неврологиялык дарт. Көбүнчө баштын бир бөлүгүнүн оорутуусу. Шаар тургундары стресске көбүрөөк кабылгандыктан алар бат-бат оорушат. Өзгөчө 12-45 жаштагылар чалдыгып, 50 жаштан кийин жоголот же аз кармайт. Аталган оорудан аялдар көп жабыркашат. Жай айында күч алуучу бул дарт алгач чыкыйда башталып, анан көзгө, желкеге өтөт. Кээде оорутуу 2-3 саатка же андан узакка созулганда баштын экинчи жарымына да өтүшү мүмкүн. Оору айрымдарда күн же апта сайын кармаса, айрымдарда 2, 3 же 7 айда бир кармайт. Бул жашоо жана иштөө шартына (өзгөчө ызы-чууда иштесе), өзүн алып жүрүүсүнө, өнөкөт ооруларына да жараша болот.

БЕЛГИЛЕРИ, ООРУТУУ АБАЛЫ (ПРИСТУП)

  • Баштын лукулдатып (солкулдатып) оорутуусу
  • Баштын айлануусу. Кээ бирлерде кайда жүргөнүн так аныктай албай калуу (ориентациянын жоголушу)
  • Жарыктан качуу
  • Ызы-чууну сүйбөй калуу
  • Жытка абдан сезгич болуп чыгуу
  • Көңүл айлануу, кусуу
  • Кээ бирлерде уйкусуроо, шалдыроо, кээ бирлерде нервдин дүүлүгүүсү
  • Көздүн чыбырчыктап, караңгылоосу, тумандоосу

ООРУНУН КЕЛИП ЧЫГУУСУНА СЕБЕП БОЛЧУ ФАКТОРЛОР

  • Тукум куучулук
  • Стресс
  • Эмоцияга алдыруу
  • Тамак-аш факторлору (сыр, балык, шоколад, жаңгак)
  • Алкоголдук ичимдиктер (сыра, шарап, шампан)
  • Уйкусуздук
  • Баштын жаракаты
  • Аба ырайынын, климаттын алмашышы
  • Гормоналдык бойго бүтүрбөөчү каражаттар
  • Кан тамырлардын тарып, мээнин кан менен жабдылышынын начарлашы
  • Кан тамырлардын кеңейип кетиши
  • Организмдеги зат алмашуунун бузулушу
  • Фолий кычкылынын, B6, В12 витаминин, жездин, темирдин жетишсиздиги. Булардын алдын алып мисте, гречка, кешью, сулу, шпинат, буурчак, боор, броколли, кызылча, ашкабакты көп жеш сунушталат.
  • Узак жол жүрүп чарчоо, ысыкта жүрүү (кээ бирлерде убагында ысык чай ичпей калуу, убагында тамактанбоо)

ДАРТТЫН КАРМООСУНА ТҮРТКҮ БЕРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР

  • Остеохондроз (өзгөчө моюн)
  • Жогорку кан басым
  • Атеросклероз (кан тамырлардын май бүртүкчөлөрү менен бүтөлүп калышы)
  • Богок
  • Гастрит, гепатит, холецистит, панкреатит

БӨЛҮНҮШҮ
Аурасы бар шакый
Баш ооруй электе адам өзүнөн төмөнкүдөй белгилерди сезип калат: тамакка табиттин тартпай калышы, көздүн чыбырчыктап, караңгылашы, нервдин чыңалышы.
Аурасы жок шакый
Оору атайын белгилери жок башталат

ШАКЫЙ КАРМАГАНДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

  • Күңүрт бөлмөдө тынч жатып, мүмкүн болушунча ойлонбоого аракет кылуу;
  • Муздак душ кабыл алуу;
  • Күчтүү демделген чай же кофе ичүү;
  • Таасир этүүчү дарылардын бирин ичүү (мисалы, наратриптан, релпакс, анальгин, цитрамон, персен);
  • Дары ичкенде да токтобой катуу ооруса, дарыгерге кайрылуу кажет.

ШАКЫЙ 1 КҮНДӨ 2-3 ИРЕТ КАРМАСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
– Шакый – тукум кууйт. Энеден шакыйдын балдарына өтүүсү 50, атасыныкы 25 пайызды түзөт. Эгер ата-энесинин экөөсүндө тең болсо, анда балдарына өтүү коркунучу 50 пайыздан жогору.
Шакый кээде 2-3 саатка созулса, кээде 2-4 күнгө дейре созулушу ыктымал . Оорутуу абалы (приступ) өтмөйүнчө адам алсырайт. Кусса деле аз убакытка гана жеңилдейт (шакый кармаганда жеген тамак оңой менен сиңбей, ашказанда кармалып тура бергендиктен кусууга жеткирет).
Шакыйы барлардын кээ бири эмне кылса жана ичсе оорусу басыларын билип калышат. Андыктан эмнеден басылса, ошону жасай берүүгө болот. Айрымдар муздак душка түшүшсө, айрымдар ысык чай ичип, тердеп дарысыз эле айыгып калышат. Кээ бирөөлөрдүкү дары ичмейин басылбайт (же ошого көндүрүп алышкан). Эгер ушундай болсо бир күндө шакый 2-3 ирет кармаса, дарыны да 2-3 ирет ичүү сунушталат.
Оорусу кармаганда адам ого бетер нервденсе кан басымы көтөрүлүп, инсультка чалдыгышы мүмкүн. Шакый жолдобу, иштеби кармап калуусу мүмкүн. Ошол себептүү жанына дарысын салып жүрүүсү кажет. Адамда шакыйдан тышкары башка өнөкөт оорулары болсо, анда кандай дары ичүү керектигин врач менен кеңешип чечип алуусу кажет. Эгер оору бат-бат кармаса, анда ооруканага жатып дарылануусу керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
aianaaiana
2016-06-14 02:28:46
Шакый дегенди тушунбодум орусчасын жазгылачы сураныч.
0
Mahabbat
2016-06-14 03:22:43
aianaaiana,Орусчасы "Мигрен"
+1
Mahabbat
2016-06-14 03:24:14
Бул оору менен кооп адамдар ооруса керек. Мс: менде да бар. Алдын билчумун Мигреним бар экенин
0
eldos9494
2016-06-14 08:24:42
Кызык
0
Arzuuda
2016-06-14 09:10:17
А мен уйку дары ичип уктамайын басылбайт

0
Nurjan15
2016-06-14 10:34:19
А ии менда тез тез башым ооруп турат конулум айнып апетит жок болуп калат корсо ушул оору турбайбы бирок менда созсуз дары ичем ичпесем басылбайт баш оору анвндв ызы чууну эч каалабвйм
0
edikshergaziev
2016-06-15 03:33:04
Саламатсызбы супер инфо гезити? сураныч панкреатит оорусу жана айыгуу жолдорун жазыныздарчы сураныч .
+1
admin_superstan
2016-06-15 09:20:52
edikshergaziev,саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
mikusia
2016-06-15 15:31:18
Менде да бар . Бирок азыр орозо кармап жатканыма байланыштуу коп ооруларды женип жатам. Ден -соолукка тийгизген таасири жакшы экен. Ошондуктан достор сиздерге да сунуштайт элем Орозо карманыздар коп оорулардын алдын аласыздар. Ыссыкта кыйналам дебей бир кармап корунуздор анан жыйынтыгын озунуздор байкайсыздар...
+1
D.Uezalieva
2016-06-16 04:17:00
Жакшы маалыматтар экен.Ангина жонундо дагы жазгылачы,сураныч?!
0
dina-85
2016-06-16 16:22:43
Менин оорум да шакый турбайбы
0
Ananai
2016-06-16 18:15:48
Бул оору менен жалгыз эле мен ооруйм деп ойлосом,толтура адамдар ооруйт экен гооо(((
0
Surena
2016-06-18 15:53:35
Менда шакый экенмин
+1
kursantvs
2016-06-19 17:00:36
биринчи жолу угушум
0
alsuademi
2016-07-09 03:22:53
иии анда мен да шакый турбаймынбы башым 1 жумада 1 же2 жолу жарым жарымдан ооруп козум карангылашып анан коп нерв иштете баштайм
0
Uzakova.Z.A
2017-08-09 22:10:44
Баарыбызда эле шакый бар окшойт менин шакыйым базарга барып келгенде кармайт даары ичмейинче басылбайт
0
shumkar929292
2017-08-26 22:34:41
Менде да шакый экен эки мээм аркага тарьып сайышып ток тарткандай болот арка желке жагым ооруса мурдум даа оор тартып кыйналып кетем нервденип жиндеп калам балдарымы да урушуп иштерими да жиним менен бутконуму билбей калам ээ кудай мага сабыр бере кор
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан