Жашоонун маңызы бала экени чындык. Наристени жыттасаң жарпың жазылып, ширин тилин укканда ага ааламды арнагың келип кетет. Бүгүн бизге Бакыт Байсариевдин кызы Майрам балдай таттуу маек куруп берди.
– Салам, сулуу кыз, өзүңдү тааныштыра кетсең?
– Мен гезитке чыкканы келдим биякка. Менин атым Майрам. Дайыма майрамдар болуп, анда кызым бийлеп жүрсүн деп мамам койгон атымды. Ал эми мамамдын аты Наргиза, анын атын ким койгонун билбейм. Мен 5 жаштамын, садикке барам.
– Жакшы экен, бала бакчага барбайм деп чыр салбайсыңбы?
– Жок, папам “кеттик” дегенде бөбөгүм экөөбүз дапдаяр болуп машинесине түшүп алабыз. Ошондо атамдын да, апамдын да настроениеси бузулбайт. Садикте менин Салия, Каныкей деген подружкаларым бар.
– Папаңдан коркот окшойсуң, ээ, эркелетеби сени?
– Папамдын көзүн карайм, күлүп турса коркпойм, серьёзно болсо айтканын угам. Көздөрү күлгөндө мени “Макусям” деп эркелетет.
– Папаң жакшыбы же мамаңбы?
– Экөө тең жакшы, папам кукла, мороженое, короче баарын сатып берет. А мамам красивый платья, заколка алып берет. Чачымды өрүп сонун кылып жасайт.
– Папаңдын ким болуп иштээрин билесиңби?
– Папам бассейн иштетет. Үйдө чоң бассейни бар. Күн ысык болгондо биз ага түшүп жыргайбыз. Көлдө суу муздак эмеспи, а папамдын бассейнинде жылуу суу бар. Анан папам бошогондо маршрутка айдап да иштейт. Жасанып алып маршруткасын айдап кетип, биз уктаганда келет. А мамам танцыда иштейт. "Майрам" деген танцы ачкан, ошол жакта кыздарга, анан мага бийлегенди үйрөтөт.
– Ай-ий, анда сен жакшы бийлейт турбайсыңбы?
– Ооба, бүт танцыларды билем. Бийлесем деле "жакшы бийле" деп мамам уруша берет. Бирок мен чоңойгондо врач болгум келет. Мамамдын жанында бийчи болом деп койсом, ал сүйүнүп калат.
– Анда бийчи, доктур болот турбайсыңбы?
– Доктур болуп тентек кылган балдарга укол саям. Кичинекей балдарды уурдаган жаман кишилерге да укол сайып салам.
– Доктур кыздын тишине эмне болду?
– Кечке шоколад, конфет жей берип тишим түшүп калды. Мамам “шоколад жебе” деп урушуп, бирден эле берип калды азыр. А мен ага көрсөтпөй жей берем. Чоңойгондо жакшы тиш чыкканда такыр конфет жебейм.
– Үйдү чачсаң да урушса керек?
– Үйдү кайра өзүм жыйнап коём. Бөбөгүм Азирет экөөбүз оюнчук талашып урушканда мамам келип чабат да “тынч ойногула” деп. Иногда мен посуда жууп, үй шыпырып мамама жардам берем.
– Куурчактарың сонун экен, ким сатып берди?
– Чачы карасын папам сатып берди, а сарысын тойдо бийлегенимде подарок кылып берген. Тойдо бийлесем көп акча беришет. Ага мен вай-фай сатып алам.
– Вай-файды эмне кыласың?
– Интернетти жакшы көрөм. Вечно эле вай-фай дей беребиз. Энемде, мамамда компьютер бар. Бизге мамам бербейт, энем берет. Мен жакшы көргөн Барби мультигин көрүп жатканда Азирет ноутбукту тартып алып кечке машине көрөт да, анан мен мультикти таппай калам.
– Орус, кыргыз тилдеринде жакшы сүйлөйт турбайсыңбы...
– Энем менен атама кыргызча, мамага, эжеме, садиктеги кыздарга орусча сүйлөйм. Мени энем чоңойткон кыргызча сүйлө деп. Баары мени энесинин кызы дешет.
– Энең сага жомок айтып береби?
– Мен кыргызча жомокторду жаман көрөм, орусча жомоктор жагат. Ошондуктан мамам менен уктайм. Азирет эне, атасы менен жатат. Азыр детскийде кроватыбыз, одеялобуз жок. Папам эки этаж кровать сатып бергенде мен үстүнө, Азирет астына детскийде уктайбыз.
– Маегиңе рахмат! Тилегиңе жетип бактылуу бол!
Замира Рахманбердиева
star@super.kg