Урмат Борченов, телеалпаруучу: “ҮНҮМ БҮТСӨ, КҮНҮМ ДА БҮТҮП КАЛЧУДАЙ”

Бул жигиттин үнүн жок эле дегенде жарнамалык роликтерден уккансыз. Ой чабыты кенен, 4 тилде эркин сүйлөгөн Урмат Борченов “буга чейин жараткан ийгиликтерим өзү келген, мен жаратчу ийгиликтер али алдыда” дейт.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү –
1990-жыл, 7-февраль
Туулган жери – Чүй облусу, Чүй району, Шамшы айылы
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 70 килограмм
Билими – Туризм академиясынын туризм жана менеджмент, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Учурда – Алып баруучу, үн коштоочу

Урмат 4 жашында эле окуганды, жазганды үйрөнүп, 5 жашында мектепке окуйм деп барса албай коюшканда капа болгонун айтат. 6 жашында 1-класска киргени менен, баарын билип алган Урмат үчүн окуу кызыксыз болгон.
- Билимдүү болуп чоңоюшума ата-энемдин салымы аябай чоң. Экөө тең билимге маани берген кишилер. Так, туура, түшүнүктүү сүйлөгөндү кичине кезимде эле апам үйрөткөн. Апам Атыркүл үй кожойкеси, атам Бейшенкулдун кесиби зоотехник, айылда мал доктур жок болгондуктан мал доктур болуп кеткен. Үч эркектин улуусумун. Өзүмдү апамдын кызымын деп коём. Анткени апама көбүрөөк жакын болуп, сырдашам. Үй шыпырып, идиш жууп, кызга тиешелүү жумуштарды аткара берем.
8-класска чейин аябай жакшы окудум. Калганын мурун топтогон упайлар менен бүтүрүп алдым. Мектепти жалаң “5” деген баага бүткөнүм менен, кызыл аттестаттан баш тарткам. Анткени анын эч кандай пайдасы жок экен. Анан да менин инсан катары калыптанышыма Воронцовкадагы зээндүү балдар үчүн мектеп-интернаттын салымы чоң. Математика сабагынан күчтүү болчумун, бирок кыргыз тили, орус тили сабактарынан олимпиадага баргам. Салтанат, мааракелерди алып барганга аябай кызыкчумун. Биздин мектепте Эркин Рыскулбеков жылдыз эле, кандай гана иш-чара болбосун уюштуруп, алып барчу. Ал мектепти бүтүп кеткенден кийин ордуна мен келдим. Кийин университетте да Эркин алып баруучу болуп жүрүптүр, ал кеткенден кийин анын ордун мен бастым.

Каарманым “мени баары эле тамашоучу дей беришет, мен тамашоучу эмесмин. Ооба, мектепте, жогорку окуу жайда КВНде ойноп жүргөм, андан кийин “Тамашоудо” деле ойноп калдым. Бирок радиодо жаңылыктарды окуп, роликтерде сүйлөгөндүктөн үн коштоочу же саундактёр десеңиздер болот”,- дейт.
- Мен дагы деле ким болсом деп жашап келем. 1-курста телеалпаруучу керек, ди-джей же актёр тандайбыз деген кастингдердин баарына катыша берчүмүн. Эсептесем 2 жылдын ичинде 20 чакты кастингге барыптырмын. 2-курстан баштап жаңылыктарды, кийин роликтердин текстин окуй баштадым. Анан кинодогу актёрлордун үнүн коштоп жүрдүм. Ушинтип бул жаатта абдан популярдуу болуп кеттим. Азыр кыргыз, орус тилдеринен сырткары түрк, англис тилинде да тексттерди окуп жатам. Туруктуу жумушум жок болгондуктан ашкере жалкоо болуп кеттим. Үн коштобой калсам эмне кылмакмын билбейм. "Дарак бир жерден көгөрөт" деп айтылат. Азырынча көгөрө турган жеримди таба элекмин. Быйыл телевидениеге көбүрөөк көңүл бөлсөмбү деп 2 көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатам.
Учурда мени үнүм багып жатат, үнүм бүтсө, күнүм да бүтүп калчудай. Былтыр балмуздак жеп коюп үнүм чыкпай калган. Баары эле чалып “Урмат барбы?” дешет, “бар” десем, “текст окуш керек эле” дейт, “ушундай үн менен боло береби?” десем, “жок, жок” деп качып жатышты. Ошондо өзүмдү эч кимге керексиздей сезип, аябай жаман болдум.

Учурда ишкер болобу, шоу-бизнестин өкүлүбү, айтор, бул адамдардын көздөгөн акыркы аялдамасы саясат болуп калды. Урматтын 15 жылдан соң маданият, маалымат жана туризм министри болсом деген тилеги бар.
- Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эл аралык мамилелер факультетине эң жогорку упай менен өткөм. Аны менен катар Туризм академиясына да бюджетке өтүп, экөөнү тең жакшы баалар менен аяктадым. Маданиятты да, туризмди да жакшы түшүнөм, ошондуктан өзүмдү бул тармактын министри катары көрө алам. Бул популизм эмес, бул иш колумдан келерин түшүнүп турам. Табиятыбыз укмуш кооз, Кыргызстандын ар бир шаарчасын гүлзарга айланткым келет. Негизи 16 жашымдан баштап эле үйдөн акча албайм деп чечкем. Себеби паспорт алгандан кийин чоң кишисиң да. Тапкан каражатым үй-бүлөмө, өзүмө жетет. Үй, машина ала элекмин. Машинага кызыкпайм. Болбосо алганга мүмкүнчүлүк бар. Учурда коомдук транспорттордо эле жүрөм.
Интернетте көп отурганым менен, байланып калган эмесмин. Айылга кетип калып жумалап деле кирбей коё алам. Комментарий жазып эмне дешет экен деп акыйып күтүп отургандардан эмесмин. Азыр Кыргызстанда шоу-бизнес жок, той-бизнес бар дегендей, кээде тойлорду да алып барып калам. Мамлекеттик расмий иш-чараларга тойдун атмосферасын аралаштырып, той сыяктуу алып баргандарга кыжырым келет.

Бул жигит 26 жашка чейин сүйүүгө кабылып көрбөптүр. Жадакалса кыз да жандай элек. Бала кезинде интернаттан тарбиячы эжекесин жактырып калганын айтат.
- Эмнегедир кыздарды бат жактырып, бат сууп калам. Элге мектепте эле сүйүү келет экен, мен ал нерсенин даамын тата элекмин. Үй күчүкмүн, клубда эс алып көргөн эмесмин. Ошондуктан сүйлөшкөн кызым жок болсо керек. Көптөр ишенбейт, бул мен үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Сөзсүз түрдө бирөө менен кыз-жигит болуш керек эмес да. Быйыл сөзсүз үйлөнөйүн деп жатам. Себеби айылга барганда үй иштерин өзүм жасап жүрсөм кичине ыңгайсыз болот экен. Ушундан көрө келинчек алсам ал баарын жасап, апамдын колу узармак. Учурда болочок жубайымды активдүү түрдө издеп жатам. Аябай каалайт элем, медициналык билими болсо же диетолог болсо деп. Анткени жубайың туура тамактанып, дени сак болсо, дени сак бала төрөлөт. Же менин жумушумду түшүнүп, өнөктөш болсо андан да жакшы болмок. Анткени маркум Таабалды Эгембердиев байкебиз иниси экөө жакшы өнөктөш болуп ийгиликке бирге жетпеди беле. Агасы креативдүү жаратман болсо, иниси математика жагынан эсептеп, тактап чыгып ишке ашырышчу. Үй-бүлөдө да ушундай бирин-бири толуктап, бир толкунда болуш үчүн өзүңдүн кишиңди табышың керек.

"Кичинемде аккордеондун коштоосунда ырдачумун".

"Актан Рыскелдиевдин суранычы менен 6-сезондо "Тамашоудо" ойноп жүрдүм".

"Жарнамалык роликтердин жүзү болгондон бери мени көчөдөн жакшы тааный башташты".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Mediziner
2016-06-13 05:12:30
Кыз жандоо, клубка баруу ж.б жыйыштырып коюп, убагында татыктуу билим алып алганы эң жакшы болуптур.
Убактысын туура пайдаланган жигит экен, десем да болчудай. Ийгилик!
+23
Aksy-13
2016-06-13 09:37:12
унуно береке!!! Мага Ак терек Кок теректи алып барганы аябай жагат олло кызыгып кулуп атып кором Урматтын алфып баруучу болгону туура тандалган ото соонун жараштырып алып барат!!! Скай дом деген реклама да да уну жагымдуу болот го бирок кинону боло бергени бир аз маанайды тушурот.
+7
nazira...
2016-06-13 09:45:53
ооба, магада.Айрыкча башка тилде мисалы орусча кошуп суйлоп алат, бирок без акцент аябай жагат. Орус тилинде озунчо передачаны алып барса сонун болмок
+6
aiba_00
2016-06-13 10:05:32
Мандайы жарык бала, узака барчыдай (далеко пойдет)деп койчу беле.
+5
naida81
2016-06-13 12:57:49
Урмат мыкты тамада да боло алат, адамгерчиликтуу, жонокой бала экен, бактылуу, келечегин кен болсун, Азаматсын
+4
Nurmuslima
2016-06-13 16:29:14
Эмнеси болсо да ийгилик
+2
owtu
2016-06-13 19:18:23
myktysyz, azamatsyz, kiinki interv8nuz toiunuzdan alynat okwoit
+3
jemile
2016-06-14 12:21:20
Азамат жигит!
+2
ayushka
2016-06-16 13:37:43
Уну керемет чынында келечегин кен болсун
+1
masha-08
2016-06-16 14:49:45
Кайталангыс унго ээ. Чын эле убактысын туура пайдаланган жигит экен. Азамат!
+2
janim
2016-06-16 16:09:42
Унунуз очпосун Урмат ака.
+2
byityk
2016-06-17 13:51:08
Кыз жандоо жок дегени, калп! Синдимдин артынан даалай журдуго))) анан дагы , Адрианодо дайыма ар кайсыл кыздар менен отурганын корчумун)) Озунчо эле ушинте бергендери жакпайт да.....
-4
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан