ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

ТЕХНИКА
Мультитач – сенсордук экранда бир канча басууларды белгилеп, ага реакция кылуучу функция. Англис тилинен которгондо “көп жолу тийүү” (multi-touch) деген маанини камтыйт. Башкача айтканда, 2-3 манжаңыз менен сенсордук экранда бир эле убакытта иштей аласыз. Муну менен экранды каалаган жакка айлантуу, сүрөттүн масштабын өзгөртүп алуу жана башка функцияларды аткарууга мүмкүн. Мультитач-экрандар аркылуу бир эле убакытта бир канча колдонуучулар менен иштесе да болот. Ошондой эле ага ылайыкталган атайын оюндар чыгарылган. Учурда бул функция көпчүлүк тачпад, электрондук китеп жана смартфондордо колдонулууда.

СУЛУУЛУК
Стемпинг – маникюр жасоонун өзгөчө түрү. Мында лак куюлган трафареттер аркылуу тырмактарга ар түрдүү сүрөттөр түшүрүлөт. Стемпинг үчүн трафарет, штамп жана кыргычтары бар атайын топтомдор керектелет. Трафарет аркылуу түшүрүлгөндүктөн бардык сүрөттөр так, окшош болуп тартылат. Стемпинг кылууну үйрөнүү үчүн сүрөт тартуу же башка ыкмалардын кереги жок, болгону тажрыйба болсо жетиштүү. Алгач стемпинг үчүн атайын сүрөттөрү бар трафарет лак менен боёлот, ашыкча лактарды кыргыч менен тазалап коюш керек. Трафареттеги сүрөттү штампка түшүрүп, андан соң тырмакка түшүрүлөт. Стемпинг маникюруңуз менен 2-3 жумага чейин жүрсөңүз болот.

КЕСИП
Хедхантер – англис тилинен которгондо “head” – “баш”, "hunter" – “аңчы”. Түзмө-түз маанисин алганда баштарга аңчылык кылуу. Хедхантер жумушка керектүү эң мыкты адисти издөөчү. Тактап айтканда, эгерде тигил же бул компанияга кайсы бир адис талап кылынса, хедхантер ал вакансияга эмгек рыногунан мыкты жумушчуну табышы керек. Ал жумушчу башка компанияда иштеп жатса да, ага андан да мыкты шартты түзүп берүү менен азгырып, кандай болгон күндө да өзүнүн компаниясына тартып алуу. Бул хедхантердин негизги жумушу. Хедхантинг түшүнүгү АКШда ХХ кылымдын 20-жылдарында пайда болуп, ишкана башчылары мыкты кадрларды издөөсү менен башталган. Бара-бара бул тармак өөрчүп, учурда АКШ жана Канадада хедхантинг компаниялары миңдеп саналат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан