"АЗЕЗИЛДИН ЖАКТООЧУСУ"

Аль Пачино, Киану Ривз, Шарлиз Терон – атактуу Голливуд жылдыздарын бириктирген бул тасманын чыкканына 19 жыл болду. Канча убакыт өтпөсүн, баары бир тасманы көргөн сайын аяныч, кайгы, кыжырдануу сыяктуу түрдүү эмоцияны жаратат. Тасманы көрүп адамзат канчалык күчтүү болбосун атак-даңкка, деги эле ар кандай азгырыктарга туруштук берүү кыйын экенине дагы бир жолу ынанасың.

Жанры –
Ужас, триллер, драма
Режиссёру – Тэйлор Хэкфорд
Башкы ролдордо – Киану Ривз, Аль Пачино, Шарлиз Терон, Конни Нильсен
Узактыгы – 2 саат 14 мүнөт
Бюджети – 57 миллион АКШ доллары
Чогулткан каражат – 153 миллион АКШ доллары
Чыккан жылы – 1997-жыл

ШАЙТАНГА АЗГЫРЫЛГАН ЖАКТООЧУ
Мистикалык драма америкалык жазуучу Эндрю Найдермандын романынын негизинде тартылган. Флоридадан чыккан жаш, ийгиликтүү жактоочу Кевин Ломакс (Киану Ривз) кимдин иши болбосун актап чыкчу. Жадакалса "кызды кордоду" деп шектелген мугалимдин күнөөлүү экенине көзү жетип турса да актайт. Ошентип анын атагы Нью-Йоркко чейин жетип, чоң корпорациянын башчысы Жон Милтон (Аль Пачино) жумушка чакырат. Карапайым турмушта жашаган Кевин жубайы Мери-Энн (Шарлиз Терон) менен Манхэттенге келип, жаңы жашоо башталганына кубанышкан. Бирок Нью-Йоркто Кевин менен Мери-Энн үчүн ийгилик да, чоң сыноо да башталды. Ал Милтондун көрсөтмөсү менен жалаң кылмышкер миллионерлерди жактап, күнөөсү болсо да баарын актап чыкчу. Жубайы Мери-Эннге барган сайын чоң мегаполис жакпай, көзүнө жаман нерселер көрүнө баштайт. Кенен, кооз үй тозокко айланып, Флоридага кеткиси келет. Кевин болсо баш-оту менен ишине киришип, жубайынын акылынан азып баратканына маани бербей калган эле. Мерини көзүнө көрүнүп жаткан коркунучтуу нерселер акылынан аздырып, акыры өз өмүрүн кыюуга чейин жеткирет. Сүйүктүүсүн жоготкондон кийин Кевин кантип шайтанга азгырылып кеткенин, Жон анын атасы экенин, бир кездеги анын кардары мугалим кайра жаш кызды өлтүрүп кармалганын жана башка көп ачуу чындыктарды билет...

АЛЬ ПАЧИНОГО СЦЕНАРИЙ ЖАКПАЙ...
Тасмага алгач көп спецэффекттер колдонулуп, блокбастер кылып тартышмак. Мындай идея Аль Пачиного жакпай калгандыктан, режиссёр кайрадан сценарийди жазып чыккан. Аль Пачинонун кесибине жоопкерчилик менен мамиле кылганын ушундан билиңиз, Жон Милтондун ролун жеткиликтүү аткара аламбы деп көпкө ойлонот. Жадакалса өзүнүн ордуна "Роберт Редфорд же Шон Коннерини тартсаңар болмок" деп сунуштаган. Жыйынтыгында өзү көрүүчүнүн кыжырын кайнаткан арамза, бузуку Жондун ролун ийине жеткире аткарган. Ал эми Кевиндин ордуна Брэд Питти элестете аласызбы? Көрсө, Киану Ривзге чейин Брэд Питт, Эдвард Нортон, Жон Кьюсакка да бул роль сунушталган экен. Эгер алар тартылса өжөр, өз ишин мыкты билип, элди да ишендире алган жактоочунун образын жаратып бере алышат беле, элестетүү кыйын.

КИАНУ РИВЗ АЛЬ ПАЧИНО ҮЧҮН ГОНОРАРЫНАН БАШ ТАРТКАН
Тасма жарыкка чыккандан кийин скульптор Фредерик Харт Жон кинону тарткан «Warner Brothers» кинокомпаниясын сотко берген. Маалыматка ылайык, Милтондун пентхаусундагы сүрөттөр анын скульптуралык паннолорунун көчүрмөсү болуп чыккан. Соттун жыйынтыгында компания скульпторго автордук гонорар төлөп берүүгө мажбур болгон.
Тасмага Аль Пачинону тартууга бюджети жетпегенин билгенде Киану Ривз өзүнүн гонорарын кыскартууну сунуштаган. Тасмадагы ролу үчүн Киану 8 миллион доллар алганы белгилүү.
Милтон менен Ломакстын бокс оюнундагы эпизоду чыныгы рингден алынган. Ал эпизод 1996-жылкы Рой Жонс кичүүсү менен Брайан Брэннон беттешинде тартылган.
Шарлиз Терон каарманынын образын жакшы жеткирүү үчүн 3 ай бою психотерапевтке барып жүргөн.
Тасма «Сатурн» сыйлыгында "Мыкты ужас тасма" наамын алган.

"Жон менен көңүл ачып жүргөн Кевиндин кесиптеши Кристабелла кайра эле Жондун кызы болуп чыгат.

Режиссёр Шерон Стоунду сулуулугу үчүн ролго жарабайт деп көпкө ойлонгон.

Кевин кандай гана кылмышкердин жактоочусу болбосун, сөзсүз актап чыкчу.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Ulanaibekov
2016-06-13 16:02:19
Жакшы кино
+1
abdyldaeva
2016-06-14 12:58:11
Кинонун атын айтып койунуздарчы
0
Imaraliev
2016-06-15 11:07:48
Билгендер болсо кинонун атын айтып койосуздарбы сураныч Админ
0
barsa30
2016-06-15 12:26:11
Адвокат дьявола...устудо жазылып турат
+1
MIRBOLOT
2016-06-15 14:21:35
Аягында Кевин өзүн-өзү өлтүргөндө, азезили кошо өлөт беле?
0
munduz2016
2016-06-18 11:48:30
Коргонмун...эстей албайтам....
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан