ЧАТЫРЛУУ ЧАРПАЯ КУРАБЫЗ

Күн ысыкта көлөкөлөп бак ичине жер төшөк салып жаткан жакшы, бирок чатырлуу чарпая орнотуп, ичинде чайлашсаңыз андан да жакшы. Сөрү коюлбаган чарпаянын астын жыгачтан полдосо да, цементтеп же таш төшөлгө койсоңуз да болот. Сиздерге учурдагы заманбап чарпаялардын бир нечесин сунуштайбыз. Кантип жасалары тууралуу уста Орунбек Жумалиев айтып берет.

ЖЫГАЧТАН ӨЗҮҢҮЗ ЖАСАСАҢЫЗ...
Бийиктиги 2 метр 50 сантиметр,
Аянты15 чарчы метр

Жыгач түркүк
– 3 метрликтен 8 даана, 0,24 метр куб
Кары (пол үчүн устундар) – 3 метрликтен 5 даана, 0,16 метр куб
Шып үчүн устун – 4 метрликтен 4 даана, 0,16 метр куб
Чатыр устун – 3 метрликтен 8 даана, 0,15 метр куб
Жалпысынан 0,71 метр куб жыгач керектелет. Жыгачтын 1 метр кубу 15 000 сом – 10 650 сом.
Рейка – 52 метр, метри 25 сомдон – 1300 сом
Тунуке – 24 чарчы метр, чарчы метри 300 сомдон – 7200 сом
Кереге – 6 чарчы метр, 1 чарчы метри 1200 сомдон – 7200 сом
Тордоо үчүн рейка – 30 метр, метри 22 сом – 660 сом
Полдоо үчүн тактай – 15 чарчы метр, чарчы метри 700 сомдон – 10 500 сом
Мык, шуруп – 2000 сом
Күндөн, жаан-чачындан коргоо үчүн тактага шыбалуучу атайын суюктук – 15 литр, литри 500 сомдон – 7500 сом
Лак – 10 литр, 1 литри 350 сомдон – 3500 сом

Курулуш материалдарынын жалпы суммасы – 39 860 сом.
Буйрутма берсеңиз эмгек акысы үчүн 40 000 сом кошулат.


ТЕМИРДЕН ЖАСАЙМ ДЕСЕҢИЗ...
Бийиктиги 2 метр 70 сантиметр, аянты 15 чарчы метр


Жоон түтүктөр – 22 метр, метри 99 сомдон – 2178 сом
Чатырына кетчү түтүктөр – 62 метр, 50 сомдон – 3100 сом
Жоон түтүктөрдү бириктирүүчү темир – 46 метр, 31 сомдон – 1426 сом
Чатырды карматуучу темир – 16 метр, 30 сомдон – 480 сом
Тосмону кооздоо үчүн лист – 12 лист, 1 листи 263 сомдон – 3156 сом
Металл черепица – 16 чарчы метр, чарчы метри 350 сомдон – 5600 сом
Электрод – 1 куту, 350 сом
Темир үчүн сыр – 7 литр, 1 литри 300 сомдон – 2100 сом

Курулуш материалдарына 18 390 сом керектелет.
Буйрутма менен жасатсаңыз эмгек акы үчүн 8000 сом кошулат.

КЫТАЙ СТИЛИНДЕГИ ЧАРПАЯ
– Бул 8 бурчтуу чарпаяны жасаткан кардарлар учурда өтө көп. Алар эс алуучу жайларга, дачаларга орнотуп жатышат. Жыйнап салууга ыңгайлуу. Тосмонун жардамы менен чарпаянын ичине да, сыртына да отургучтарды орнотуп коюу модада. Кыргызстанда жасалган чарпаялардын дээрлик бардыгы кызыл карагайдан. Кызыл карагай бизге Орусиядан алынып келинет. Бизде өскөн эмен, кайың, кара жыгачтан деле чарпая жасалат, бирок баасы кымбат болуп калат. Чатыры жумшак черепица менен жабылат. Бул черепица Кыргызстанда чыгат, 1 чарчы метри 1500 сом, монтаждоонун чарчы метри 800 сом. Жумшак черепица кичинекей бөлүк-бөлүк болот, монтаждоочу адам ар бирин атайын клей менен чаптап чыгат.
Идиште өстүрүлгөн короо гүлдөрүнүн гибриддерин чарпаянын жээгине тизип же илип коюңуз. Ар кандай формадагы фонарлардын бир нечесин да тегерете орнотуңуз. Кечкисин жакындарыңыз, сүйүктүүңүз менен эс алып чарпаяда отурсаңыз, мына сизге романтика.

ТЕМИРДЕН ЖАСАЛГАН ЧАРПАЯ
– Темирден жасалган чарпаялардын жакшы жери – бышыктыгында, катуу шамал, бороон-чапкын болсо жыгач сынып калышы мүмкүн, темир эч нерсе болбойт. Темирди ийип ар түрдүү оюм-чийимдерди жасоо мүмкүнчүлүгү жана өрт чыкпайт деген кепилдик бар. Ошондон улам темир чарпаялардын ичине камин, барбекю көп жасатышат. Темир десе эле айрымдар бир жерде катып турган чарпаяны элестетишет, көчөрдө же кышында чечип жыйнаштырып коюуга ыңгайлаштырып жасаса деле болот. Кардарлар мындай чарпаяга азыраак буйрутма беришет, анткени күн ысыкта темир ысып кетет.
Чынында чарпаяларды ашыкча кооздоо да болбойт. Мисалы, темир чарпаяларга пардаларды тагуу жетиштүү.

БАСТЫРМА ЧАРПАЯ
– Учурда бастырмага окшош чатырлуу чарпаялар да көп жасалууда. Жыгачы кызыл карагайдан. Кызыл карагайдын кургай элегинин 1 метр кубу 10 000 сом, кургаганынын метр кубу 15 000-18 000 сом. Жасалып бүткөндөн кийин жаандан, ысыктан коргоочу атайын суюктук жана анын үстүнөн лак менен боёлот. Бул боёк бери дегенде эле 5 жыл сакталат.
Шыбына табитиңизге жараша жарыктарды орнотуңуз. Идиштерге петуния, шафран, флокс сыяктуу ар түркүн гүлдөрдү тигип, чатырчанын шыбына илип койсоңуз болот, же жерге эле тизип салыңыз. Эгер майрам болсо шарларды үйлөп, эшигинен төрүнө чейин кооздоп койсоңуз да майрамдык маанай тартуулайт.


Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mma_fighter
2016-06-13 04:28:32
Устасы менен кантип байланышсак болот Ош шаарында тел калтырсаныз
0
Boldukan86
2016-06-13 15:13:23
соонунго какраз керек болуп жатты эле
+1
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан