КУРОРТТУК РОМАНГА ДАЯРСЫҢБЫ?

Жай. Бир жыл бою күттүргөн жайкы эс алуу... Жайкы өргүүнүн негизги максаты – эс алуу, ден соолукту чыңдоо, энергия топтоо. Бирок бойдоктор муну менен эле чектелбесе керек. Анткени алар кыялында "эс алуу учурунда бейтааныш жигитке кезигип, аны менен жаңы сезимдерге чөмүлсөм" деп эңсээри белгилүү. Сен курорттук романга даярсыңбы? Өзүңдү текшер. Уялып, калп айтуунун кереги жок. Эскертүү! Тест бойдок кыздарга гана арналат!

1. Келбеттүү жигит сага "таанышып алалы"деди. Сенин реакцияң?

  • Бир жылмайып алып тааныша баштайм.
    Анткени мага келбеттүү жигиттер жагат.
  • Жылмайып коём, бирок маектешүүнү өзүм баштабайм.
  • Келбетине бир көз жүгүртөм да, өз жолума түшөм.
  • Жолуна салам.

2. Жигитиңдин жанында
өзүңдү ким сезесиң?

  • Жигитим бар экенине кээде ишенбейм.
  • Өзүмдү анын келинчегиндей элестетем.
  • Көп жыл чогуу жашагандай сезилет.
  • Ойноштой эле.

3. Кечелерге жалгыз көп барасыңбы?

  • Ооба, досум экөөбүздүн кызыгууларыбыз ар башка.
  • Кээде гана, досум бошобой калганда.
  • Анда-санда, досум жалгыз барышымды каалабайт.
  • Эч качан, өзүмдү жаман сезем.

4. Кечеге жалгыз барып калдың дейли. Сенин аракетиң?

  • Эки жагымды карайм, эгер жигиттер көрүнбөсө маанайым түшөт.
  • Тегерегимдеги жигиттерге көз кыйыгымды салам.
  • Тааныш жигиттерге жагына баштайм.
  • Кыздардын жанынан чыкпайм.

5. Акыркы жолу сага жигиттер качан сүйүүсүн арнаган?

  • Жакында эле.
  • Былтыр.
  • Эң негизгиси сөз эмес, иш жүзүндө көрсөтүшү керек.
  • Эсимде жок.

6. Акыркы жолу качан жигитиң менен таарынышкансың?

  • Кечээ эле, өзүмө келе элекмин.
  • 6 ай мурун.
  • Эсимде жок.
  • Таарынышуу, ажырашуу эмне экенин билбейм.

7. Өбүшкөндү билесиңби?

  • Баарын жатка билем.
  • Жакшы эле билем. Ошентсе да жаңы түрлөрүн үйрөнгүм келет.
  • Жиниңди келтирчү суроо го.
  • Учурда үйрөнүп жатам.

8. Эмне жөнүндө кыялданасың?

  • Зер буюмдардын топтомун белекке алууну.
  • Брэд Питт менен роман түзүүнү.
  • Баарын жайлоого жөнөтүп, өзүм жалгыз эс алууну.
  • Айылдагы жыгач үй тууралуу.

Жыйынтыгы:
Жоопторуңуздун басымдуу бөлүгү кайсы түстө болсо, ошого карап даярдыгыңызды аныктап алыңыз.

Курорттук роман түзүүгө дайым даярсың жана эс алуудан эч убакта "ийгиликсиз"кайтпайсың. Өзүңө ишенесиң, акылдуулугуң менен адамды тарта билесиң, ошондой эле романга өз учурунда "чекит"коё аласың. Аны менен көз жашыңды төкпөй, жүрөгүңдү жаралабай эле оңой коштошуп кете аласың. Сен үчүн курорттук роман майрамдай эле.

Эгер мүмкүнчүлүк болсо курорттук роман түзүүдөн качпайсың. Бирок азырынча жеке фронтуңда коргоочуң бар же роман түзүүгө шартың жок, эки анжы ойдосуң.

Азырынча роман түзүүгө даяр эмессиң. Сени тыюу салынган кумар кооптондуруп турат. Курорттук романды гүлдесте алуу, пляжда сейилдеп басуу менен чектөөгө деле болот. Эгер өзүңө "мага бул нерсе болот, болбойт"деп чектөө коё билсең, анда курорттук роман түзүүгө аттансаң болот.

Курорттук роман сен үчүн эмес. Жыйынтыкка капа болбо, мындай ишти өзүң үчүн туура көрбөйсүң же жигитиңдин сага жасаган мамилеси канааттандырат. Курбуларың курорттук романдары жөнүндө сөз кылганда өзүңдү жаман сезбе. Анткени эс алуу "ресторан-пляж-төшөк"менен эле чектелбейт.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
mma_fighter
2016-06-13 13:30:06
Астра эже мен да озумдун башымдан откон окуяны жазсам болобу
0
Sobr777
2016-06-13 16:23:29
mma_fighter,ии кайсы кылган зынаанды мактанайын деп жатасын?
+6
Sobr777
2016-06-13 16:23:38
mma_fighter,ии кайсы кылган зынаанды мактанайын деп жатасын?
0
Flared
2016-06-13 17:09:54
Sobr777,Зынаа дегенди азыр роман деп которуп алышкан.Бир нерсе деп кор балээнин чонуна каласын.
+5
mma_fighter
2016-06-14 01:51:03
Мен зына дей элекмин
+1
nargis
2016-06-14 06:57:28
Ушу молдо болгондор оздору балээнин баарына кирип анан башкаларды уруша береткенсинер?
+3
admin_superstan
2016-06-14 09:48:31
nurjamal.008,Mahabbat, саламатсыздарбы? Техникалык катачылыктар оӊдолду. Кайрадан аракет кылып көрсөӊүздөр болот.
0
deva
2016-06-15 17:44:12
Курорттук роман түзүүдөн качпайт экенмин, ха-ха... Чын эле качпайм)))
0
admin_superstan
2016-06-16 09:38:10
belka, бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
beka702
2017-02-03 03:31:02
Кызык екен
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан