Ажырашуудан азап тартып көрдүңөр беле?! Душманга да каалабай турган көрүнүш. Өзүңдү кантип алаксытарыңды билбей каласың... Мен мультфильм көрө баштадым. Күлкүлүү угулат, бирок жанагы "Кунг-фу панданы"кайра-кайра кайталап көрө бердим. Эмнегедир жеңилдеп калчумун. Көрсө...
Жаңы эле панда Понун жоруктарына күлүп бүтсөм, досум чалып "Көлгө кеттик"деп калды. Араң эле туруптурмун, керектүү буюмдарымды шашыла рюкзагыма салып даярдандым. Көп өтпөй досум унаасына сүйлөшкөн кызын жана анын курбусун салып үйгө келди да, мени алып кетти. Аяшымдын курбусунун аты Зарина экен. Унаага түшөрүм менен эле тааныштым. Көздөрү бакырайган, моюну узун, арыкчырай келген периште биринчи мүнөттө эле арбап алды. Ар нерсени сүйлөшүп отуруп Көлгө да кирип келдик. Заринанын алдында өзүмчө эле сүрдөп, жарытылуу сүйлөй албай койдум. Мунум ачык эле байкалып жатты.
Эмне болсо ошол болсун деп чыгынып, кечинде Заринаны сейилдөөгө чакырдым. Экөөбүз кумдуу жээкте ар кайсыны сүйлөшүп басып жүрдүк.
– Мен кокустан эле келип калдым,- деди бир убакта Зарина ортодогу тынчтыкты бузуп.
– Мм... Кокустуктар кокустан болбойт,- дедим эмнегедир оюма ушул келди. "Кунг-фу пандадагы"бир каарман айтат муну, жаттап калыптырмын.
– Сонун сөз экен. Муну ким айткан?
– Конфуций.
Тилиме ушул ойчулдун ысымы келиптир. Ананчы, "Кунг-фу пандадагы"таш бака деп айтмак белем. Зарина менен көрүшкөндөн тарта биринчи жолу анын көзүнөн мага болгон кызыгууну байкадым. Токтоно албай калдым.
– Билесиңби, Конфуций дагы эмне деп айтканын? Өткөн унутулду, келечек жабык, а азыркы бизге берилген.
Муну да жанагы Угвей деген таш бака айткан. Конфуций деп дагы калп айттым.
– Сонун сөздөр экен. Китепти көп окуйт окшойсуң, ээ? Негизи мырзалардын мээси сексуалдуу болуш керек,- деди жылмайып. Сыртымдан билдирбегеним менен, ичимден асманга төбөм менен бир тийип, кайра түштүм. Көпкө сейилдедик. Ай чыкканда көлгө түшмөй болдук. Менде кайдан-жайдан уктап жаткан романтика ойгонду. Көкүрөгүбүзгө чейин суу кечип барган соң:
– Сенин ийиндериң сулуу экен,- дедим анын ийининен өөп. Чын, мен мындай сулуу ийиндерди көргөн эмесмин.
Чын дилимден айттым.
– Сен эмне кылып жатасың?
– Өткөн унутулду, келечек жабык, а азыркы бизге берилген...
Өзүмө тартып эриндеринен өөп жибердим. Жаман ойлобогула, мен бир көрүп сүйүп калыптырмын.
– Азыркы бизге берилген,- деди Зарина акырын гана колдорун моюнума оролтуп.
Айдын нуру көл үстүнө керемет жол түшүрүп койгон. Көкүрөгүбүзгө чейин сууда турган биз кыналыша кучакташып өбүшүп жаттык. А анын ийиндери мени акылымдан адаштырып баратты...
Марат Жанбараков
erotika@super.kg