САЯСАТ ЖАНА КООМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

АЖО ЯНУКОВИЧТИ КУТТУКТАДЫ

Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Украинанын президенти болуп шайланган Виктор Януковичке куттуктоо катын жолдоду.

Катта “сизди Украинанын президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайм. Кыргызстан кыргыз-украин мамилелеринин өнүгүшүнө өзгөчө маани берет. Сиз президент катары эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого көмөк көрсөтөрүңүзгө
ишенем
”,- ­деп айтылат.


22-ФЕВРАЛЬ – ДЕМ АЛЫШ КҮНҮ

Кыргызстандын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, кыргыз өкмөтү токтом кабыл алды.

Ага ылайык, жумасына 5 күн иштеген мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана ишкана-мекемелер дүйшөмбүдөгү иш күнүн 20-февралдагы дем алыш күнүнө которуп, 22-февралда эс алышат. “Өкмөт мындай кадамга 23-февраль – Мекенди коргоочулардын күнүнө байланыштуу барды”,- дейт басма сөз кызматы. Кошумчалай кетсек, бул майрам экс-совет өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандан тышкары Орусия, Украина, Беларусь жана Тажикстанда белгиленет.


ОРУСИЯДА КАНЧА КЫРГЫЗ АБАКТА?

“Учурда 195 киши Орусиянын абактарында. 8 киши Акыйкатчы институту жана Орусиядагы кыргыз элчилигинин жардамы менен камактан чыгарылды”,- деп билдирди Акыйкатчы Турсунбек Акун.

Бул тууралуу Турсунбек Акун парламенттеги отчётунда билдирди. Анын айтымында, темир торго түшкөндөрдөн элчилик маалымат алып турат. Мындан тышкары Акыйкатчы: «13 кыргызстандык өткөн жылы Орусиянын улутчул такырбаштарынын колунан каза тапкан. Булардын арасынан 10 окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр кармалган. “Ал эми калган 3 факты боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деп кошумчалады ал.


“КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН АРБАГЫН КОЗГОБОЙ ЭЛЕ КОЙСОК...”

Алай ханышасынын 200 жылдык мааракесин өткөрүү аракети көрүлүп жатканда, датканын урпактары менен “Курманжан датка” фондусунун ортосунда түшүнбөстүктөр чыгууда.

Датканын урпактары өткөн аптада гезиттердин бирине “айрым инсандар Курманжан датканын атын жамынып алып бизнес кылып жатышат” деген мааниде маалымат беришкен.
Бул каралоодон улам мааракени өткөрүүчү топтун мүчөсү жана “Курманжан датка” фондусунун төрайымы Жылдыз Жолдошева кыргыз элине жана президентке кат жолдоп, фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, фонддун кылган иши коомчулукка белгилүү. “Фонд тарабынан 15 жылдын ичинде 3000ден ашуун колунда жок үй-бүлөлөргө ар түрдүү жардам көрсөтүлдү. 325 айыгышы кыйын оорулардан жабыркаган балдарга көмөк көрсөттүк. Булар биздин кайрымдуулук иштерибиз. Фонддун ишмердүүлүгүнө ушулардан эле баа берсек болот.
Биз учурда мааракеге кызуу даярданып жатабыз. Ошондуктан урпактар менен кайым айтышканга менде убакыт жок, тескерисинче, ушундай улуу иштер башталып жатканда биздин фонд баарыңардан жардам күтөт”,- дейт “Курманжан датка” фондунун төрайымы Жылдыз айым.


БАШ МЫЙЗАМ ӨЗГӨРӨБҮ?

12-февралда Парламенттин жыйынында “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору президент Курманбек Бакиев­ тарабынан сунуш кылынган. Толуктоо жалпысынан болуп Конституциянын 8 беренесине киргизилди. Президенттик кеңешме эми Мамлекеттик кеңешме болуп өзгөртүлдү. Эң негизгиси, 52-беренедеги “Президент өз милдетин аткара албай калган учурда президенттин милдетин убактылуу ким аткарат?” деген суроо коомчулукта кызуу талкууга алынды. Буга чейин Баш мыйзамда “президенттин милдетин спикер, ал да аткара албай калса премьер-министр аткарат” деп жазылып келген. Жаңы киргизилген өзгөртүү менен “президент өз милдетин аткара албай калганда, анын милдетин Мамлекеттик кеңешме дайындаган адам аткарат” деп жазылды. Мамлекеттик кеңешменин мүчөлөрү: президент, спикер, премьер-министр, Президенттин аппарат башчысы, Президенттин секретариатынын жетекчиси, Мамлекеттик тышкы иштер министри, Президенттин коргонуу жана коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Инвестиция жана инновация боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп, жалпысынан 8 киши эсептелет.


ӨЗБЕКСТАНГА КИРҮҮ КЫЙЫНДАДЫ

Өзбекстан өз аймагына кыргызстандык жарандардын кирүүсүнө чектөө койду. Эми кыргыз жарандарына 3 айда 1 жолу гана Өзбекстанга кирүүгө мүмкүн.

Өзбек чек арачылары мындай чектөөлөрдү Өзбекстан Республикасынын ички мыйзамдарынын өзгөрүүсү менен түшүндүрүүдө”,- деп билдирет “Фергана.Ру” агенттиги.
Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы учурда аталган маалыматтын чын-төгүнү такталып жатканын, эгер чын болсо өзбек тараптан түшүндүрмө берүүсүн талап кылынарын билдирди.


ГЕНЕРАЛДАРДЫН САНЫ КӨБӨЙДҮ

Президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Коргоо министринин биринчи орун басары Марат Кенжисариевге жана Коргоо министринин орунбасары Шерикбай Султановго “генерал-майор” деген кезектеги аскердик наам берилди.

Буга байланыштуу өлкө башчысы аталган генералдарды өкмөт үйүндө кабыл алды. Жолугушуу учурунда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоого байланышкан маселелер тегерегинде сөз болду. Ажо аскер тартибин бекемдөөнүн, Куралдуу күчтөрдүн аскердик потенциалын жана сапаттык деңгээлин көтөрүү талабын койду.
Ошондой эле президент аларды генерал-майор болушу менен куттуктап, ден соолук жана ийгилик каалады.


МИГРАНТТАР АЙЫНАН ВИЧ/СПИД КӨБӨЙҮҮДӨБҮ?

“Акыркы жылдары эмгек мигранттарынын арасында ВИЧ/СПИДдин жайылышы өсүүдө. Буга чукул чара көрүү зарыл”,- деп билдирди “Кыргызстан аялдар конгрессинин” президенти Замира Акбагышева.

Анын айтымында, 2010-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда ВИЧ жугузгандардын саны
2 миң 772 адамга жеткен.
Алардын 1945и эркектер болсо, 827си аялдар. Илдетти жуктургандардын 63 пайызы баңгизат пайдалангандар. “Эмгек мигранттарынын арасында көбүнчө жыныстык байланыш аркылуу ВИЧ жугузгандар өсүүдө. Мигранттарга ВИЧ/СПИДге байланыштуу түшүндүрүү-профилактикалык программалардын жок болушу ооруну жугузгандардын санын өстүрүүдө”,- дейт Акбагышева. Кошумчалай кетчү нерсе, эгер ошол мигранттарга өз мекенинде жетиштүү жумуш жана жакшы жашоого шарт болсо, башка өлкөлөргө кетишмек эмес.


Эл аралык кабарлар

ИРАН ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУ УГАБЫ ЖЕ БИЛГЕНИН КЫЛАБЫ?

Иран кайсы санкцияга болбосун татыктуу жооп бере ала турган күчтүү мамлекет.

Тегеран уранды Ирандан башка бир өлкөдө байытуу боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүп жатат. Буга карабай кайсы бир өлкө Иранга каршы жаңы санкция киргизе турган болсо, катуу жооп алат”,- деп билдирди Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) сунушу боюнча Иран уранды чет өлкөгө байытууга жиберүүгө тийиш. Бирок өткөн аптада Тегеран уранды 20 пайыздык деңгээлде байытуу башталганын билдирген.


ЯНУКОВИЧ АЛГАЧКЫ ИШ САПАРЫН ОРУСИЯГА ЖАСАЙБЫ?

Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Виктор Януковичти Украинанын президенти болуп шайланышы менен куттуктап, аны жакынкы убакта Орусияга иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Орусия–Украина өз ара байланышы кайрадан конструктивдүү жана жемиштүү болуп, анык шериктеш мүнөзгө айланат деп эсептейм. Биргелешип эки өлкөнүн мамилелеринин өнүгүшүнө салым кошо аларыбызга ишенем”,- деп айтылат Медведевдин катында. Эскерте кетсек, Украина бийлиги шайлоого чейин Батышты ыктаган саясат жүргүзүп келген. Януковичтин президенттике шайланышы менен Украина кайрадан Орусияны ыктаары күтүлүүдө.


ЧЫГЫШ КАЗАКСТАНДА СУУК -60 ГРАДУСКА ЖЕТТИ

Өткөн аптадагы кардын калың жаашынан Чыгыш Казакстанда абанын температурасы -60 градуска чейин төмөндөгөн.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, Казакстан үчүн эң төмөнкү суук -54 градус болуп саналат. Акыркы ирет мындай аба ырайы 1893-жылы гана байкалган. Кардын калыңдыгы 2,5 метрге жетип, нормадан 3 эсеге көп болду. Көпчүлүк айылдарда сууктан улам мектептер жабылган. Учурда бул аймактарга азык-түлүк жеткизүү аракеттери көрүлүүдө.


АКШ ЭКИ АЭС КУРАТ

АКШнын президенти Барак Обама 2 атомдук электр станциясын курууга 8 миллиард доллар бөлүнөрүн жарыялады. Акыркы 30 жылдан бери АКШда АЭС курула элек болчу.

Обаманын айтымында, АКШ­га “коопсуз жана таза” АЭСтер электр энергиясына болгон муктаждыкты жоюуга жардам берет. Эки жаңы Атом электр станциялары Жоржия штатында курулмакчы.
Эске сала кетсек, АКШда АЭСтерди куруу 1979-жылы токтотулган. Учурда АКШнын 31 штатында 104 атомдук реактор иштейт. Бул өлкөнүн бардык электр энергиясынын 20 пайызын түзөт.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан