ЧЕЧЕВИЦА АШКАЗАН-ИЧЕГИ ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛАТ

Чечевица (жасмык) бир жылдык буурчак түрү. Буурчактын бул түрү алгач байыркы Мисирде, Грецияда өстүрүлүп, кедейлердин негизги тамагы болуп эсептелген. Учурда бул азыкты дүйнө элинин көбүнүн ашканасынан кезиктирүүгө болот. Ал эми дүйнөлүк рынокту Индия, Түндүк Африка, Европанын айрым өлкөлөрү тейлеп келет. Чечевицадан тамактын кандай түрлөрүн жасоого болот, назар салыңыз.

ЧЕЧЕВИЦАДАН ШОРПО

Керектелүүчү азыктар:
Чечевица (сарысы) – 1,5 стакан
Картошка – 2 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 1 даана
Суу – 2,5 литр
Томат пастасы – 1 аш кашык
Каймак май – 1 аш кашык
Зире – 1 чымчым
Кургатылган жалбыз – 2 чай кашык
Татымына жараша туз

  • Аарчылган пияз менен сабизди сүргүчтөн өткөрүп, картошканы төрт чарчы туурайбыз.
  • Мискейге сууда чыланып, анан бышырылган чечевицаны, андан кийин картошканы, сабизди, пиязды салып суу куюп, туз салып 30 мүнөт жай отто кайнатабыз.
  • Томат пастасына зире, кургатылган жалбыз, каймак май кошуп аябай аралаштырып, кайнап жаткан шорпого куюп, дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Шорпо даяр. 1 кесим лимон менен берсеңиз болот.

ЧЕЧЕВИЦАДАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак (кызылы) – 150 грамм
Чечевица (сарысы) – 150 грамм
Кызылча – 2 даана
Кызыл пияз – 2 баш
Сарымсак – 1-2 тишче
Зире – бир чымчым
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

  • Сууда чыланып турган төө буурчак менен чечевицаны сууга бышырып алабыз.
  • Пиязды шакекче түрүндө туурап, өсүмдүк майына кызарта кууруйбуз.
  • Пияздын үстүнө чечевицаны салып кууруп, бир аздан соң төө буурчакты салып дагы 10 мүнөттөй кууруйбуз.
  • Аягында сууга бышырылып, сүргүчтөн өткөрүлгөн кызылчаны салып аралаштырып, майда тууралган сарымсак, туз, зире, кара мурч кошуп, отто дагы 10 мүнөт кармайбыз. Салат даяр.

ЧЕЧЕВИЦА КОТЛЕТАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Чечевица (сарысы) – 1 стакан
Ун – 2 аш кашык
Кургатылган майда нан – 3 аш кашык
Сарымсак – 1 тишче
Петрушка – 3-4 тал
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч, кориандр, паприка

  • Сууда чыланып турган чечевицаны бышырып, блендер менен майдалайбыз да, туз, татымалдарды кошобуз.
  • Үстүнө тууралган сарымсакты, петрушканы жана унду салып аралаштырабыз.
  • Даяр болгон массаны каалагандай формага келтирип, кургатылган майда нанга оонатабыз.
  • Көмөч казандагы ысыган майга котлетанын эки жагын кызарта кууруйбуз.
  • Котлета даяр, помидор, бадыраң, көк чөптөр менен кооздоп конокко узатыңыз. Кааласаңыз гарнир бышырып коюңуз.

ПАЛОО

Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 1 стакан
Чечевица (жашылы) – 1 стакан
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 баш
Сарымсак – 5 тишче
Томат ширеси – 3 стакан
Козу карын (шампиньон) – 300 грамм
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Зире – 1 чай кашык
Татымына жараша туз

  • Пияз, сабизди аарчып алып, пиязды жарым шакекче, сабизди ичке, жуулган козу карынды чоң-чоң туурайбыз.
  • Көмөч казандагы май ысыганда пиязды кызарта кууруйбуз.
  • Сабизди, майда тууралган сарымсакты үстүнө салабыз, 5 мүнөттөн кийин козу карынды кошобуз.
  • 10 мүнөттөй кууруган соң туз, зире кошуп, үстүнө жуулган чечевица менен күрүчтү салып дымдайбыз.
  • Томат ширеси жылытылып куюлат. Шире мискейдеги массадан 1-2 сантиметр көтөрүлүп туруусу керек.
  • 3-4 мүнөт отту чоң чыгарып, андан кийин азайтып, жай отто 30 мүнөттөй кармайбыз. Бышкыча аралаштыруунун кереги жок.

ПАЙДАСЫ
Организмде зат алмашууну, кан айланууну жакшыртат.

  • Ашказан-ичегинин иштешин жөнгө салат.
  • Ичегилерди тазалайт.
  • Залалсыз шишиктерди жок кылат.
  • Айыздын келишинде ооруну басат.

Мындан сырткары диетологдор арыктатуучу касиети да бар дешет.

Курамында макро, микроэлементтер бар (100 граммында)
Калий – 672 миллиграмм;
Кремний – 80 миллиграмм;
Күкүрт – 163 миллиграмм;
Кальций – 83 миллиграмм;
Магний – 80 миллиграмм;
Хлор – 75 миллиграмм жана башка элементтер бар.

Кимдерге болбойт?
Муундары, жүрөгү ооругандар, териси кургактар, тери оорулары, геморрой менен жабыркагандар рационунан алып салуулары керек. Болбосо чечевица оорулардын күчөшүнө алып келет.

ТҮРЛӨРҮ
Кызгылт-сары түрү

Кызгылт-сары түстөгүсү египет чечевицасы деп аталат. Бул түрүнөн шорпо кылса даамдуу болот. Тамак даярдаганда бул түрү сары түскө айланып кетет, тамакка кошордун алдында жарым саат сууда чыланып турушу кажет. Жай отто 20 мүнөттө бышат.

Жашыл түрү
Жашыл түстөгүсүн бышырардын алдында сууга чылабай деле койсо болот, жай отто 30 мүнөттө бышат. Бул түрүнөн салаттарды жасаса даамдуу болот.

Кара-күрөң түрү
Кара-күрөң түстөгү чечевица 40 мүнөттө бышат. Тамакка кошордон мурун сууга 2 саатка чейин чылап коюу керек. Тамактын бардык түрүн жасаса болот.




Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Adiko.saitov
2016-06-13 03:49:40
Кыргызстана особу?
0
anipa11
2016-06-13 05:48:26
Оспойт. Бирок турк маркеттеринде сатылат. 1 кг 150-200 сом
0
AikUrm
2016-06-13 12:54:43
Чечевицадан суюк тамак аябай жагат.ооба,пайдалуу экенин да уккам.
+3
bemulibo
2016-06-13 14:58:51
Фрунзеде сатылат
0
krem
2016-06-13 18:21:15
пловко жашылынан кошуп койсонор ммм болот
+1
Mahabbat
2016-06-14 07:02:40
Чечевица бул кандай болот, дагы башка аталыштагы аты барбы?
0
hann
2016-06-14 19:21:20
базарларла деле сатылат 150 сомдун тегерегинде. Суюк тамакка озгочо даам берет.
+3
jemile
2016-06-15 12:44:44
Охо, биздин үйдө бир жумада бир желчү чечевича
+1
ilgis1991
2016-06-15 17:23:09
Чечевица дегенди ващще тааныбайм
-1
Aselina_kg
2016-06-15 23:33:21
Коруп эле журом.Колдонбойт экенмин
Пайдасы коп болсо,жеп корот окшойбуз
+1
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан