Белгилүү бал шириндер Урмат менен Неля шоу-бизнестеги ынтымакта жашап жаткан үлгүлүү түгөйлөрдүн катарын толуктап келет. Неля болгон аракетин камкор жубай, карамдуу эне болууга, Урмат Усенов үй-бүлөсүн бүт муктаждык менен камсыз кылууга жумшайт экен. "Үй-бүлөдөн ашкан убакытты гана чыгармачылыкка пайдаланабыз",- дешет түгөйлөр.
– Куш келипсиздер, Урмат, Неля, Рамазан айыңыздар кут болсун! Орозо кармап жатасыздарбы?
Урмат: – Рахмат, сиздерди да куттуктайбыз! 12 айдын падышасы болгон Рамазан айын биз жылда күтөбүз. Неля экөөбүз чогуу орозо кармаганыбызга быйыл 4 жыл болот. Быйыл да орозо кармап, Кудай астында мээрим, ырайым сурап алалы дедик.
– Темага улай суроо. Учурда дин менен мыйзамды бири-бирине каршы тутуп, аны кызуу талкууга алгандар чыгып жатат, буга оюңуз кандай?
У: – Конкреттүү түрдө оюмду айта турган болсом, жума намазга барууга кошумча убакыт берүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Ал масштабдуу иш. Жума намазга баруу ар бир мусулмандын парзы, буга мыйзамдын эч кандай чечими кереги жок. Эгер мыйзамга киргизип, 2 саат убакыт бөлүп берип койсо деле баргысы келбеген адам барбайт, ал эми каалаган адам мыйзамда тыюу салынса да
1 саат убактысын таап барып келет.
– Неля айым, сурообуз сизге болсун, үй-бүлө, балдарды тарбиялоо менен алек болуп, ырчылык кийинки орунга жылып кеткендей. Чыгармачылыкта качан жандануу болот?
Неля: – Иштеп эле жатабыз, ырлар жазылып, чыгармачылыгыбыз бир калыпта, өзүбүз каалагандай эле болууда. Чыгармачылык бизге эргүү, ырахат, күч, дем-кубат берет. Сахнада ырдап чыккандан кийин элден позитивдүү энергия аласың. Өзүңдөгү позитивдүү маанайды эл менен бөлүшкүң келет.
У: – Негизи биз чыгармачылыкта лидерликке же алдыга талпынууга принципиалдуу максат койгон эмеспиз. Бизге ушундай бир калыптагы бир кылка, жай ыргак жагат. Күйөрмандарыбыз менен такай байланыштабыз, аудиториябызды билебиз, ошолорго ылайыктап ыр тандап, кези келсе ыр сунганга аракет кылабыз. Чыгармачылыктан оолактайлы деген оюбуз жок.
Чыгармачылык бизге башка жактан ала албаган азыкты берет. Ал азык иштен, турмуштук көйгөйдөн алган азыктан өзгөчө. Мындан сырткары материалдык киреше тапчу да башкы булагыбыз. Калп айтпасам, биздин үй-бүлөнүн капчыгынын 40-50 пайыздык бюджетин чыгармачылык толтурат. Үйгө маңдай тер, адал эмгек менен киреше келип жатса баш тарткан болбойт го. Тескерисинче, аны өөрчүтүү гана керек. Чыгармачылык бизге азык, эргүү ырахат, киреше алып келчү булак.
– Шоу-бизнесте көп жылдан бери ынтымакта жашап келе жаткан түгөйсүздөр. Үй-бүлөнү ушундай калыпта сактап калуунун сырлары менен бөлүшсөңүздөр...
У: – Жогоруда жооп бергенимдей, биздин чыгармачылыкта лидерликке умтулуубуздун жоктугу, ортобуздагы мамилени, үй-бүлөнү тең салмакта кармоого мүмкүнчүлүк берет. Ашыкча сүйүү бул адашууга алып барат. Эгер биз болгон энергиябызды, аракетибизди чыгармачылыкка жумшасак, балким, үй-бүлөдөгү кээ бир мүчүлүштүктөр көз жаздымда калып, көңүл бура албай калмакпыз. Мен ушул нерседен корком,ошондуктан биз үчүн чыгармачылык дайыма экинчи орунда. Үй-бүлөдө баары жакшы болсо чакырган жерлерге ырдаганы барабыз, эгер маселе жаралса мамлекеттик маанилүү маараке болсо да "кечирип койгула" деп эле айтабыз.
– Кичинекей мамлекетиңиздердеги кичинекей жарандар чоңоюп калса керек?
Н: – Ооба, уулубуз Нурел быйыл 7 жашка чыгып, 1-класска барат. Учурда мектепке чейинки даярдоо классына барууда. Атасына окшоп сүрөткө жакын, боёк менен сүрөт тартып, мугалимдеринен мактоо сөздөрүн угуп жатат. Ал эми кызыбыз Жазел 5ке чыкты, бийге шыктуу, ошол өнөрүн байкап атайын "Жаш кыял" бий ансамблине бердик.
– Чарба иштерине кандайсыздар?
Н: – Урмат айылга барганда кетмен-күрөгүн алып эле иш кылып калат. А мен гүл отургузганга кызыгып жүрөм. Өзүмдүн апам гүлдөргө жакын, мен гүлдөрдүн түрүнө кызыгып, эшигимдин алдын жашылдандырып жатам.
– Жакындан бери "Жар-жар" ырын ырдап жүрөсүз?
Н: – Быйыл жаз айында бир тууган кайним үйлөнгөн. Урматтын сунушу менен кокустан эле "Жар-жар" ырын ырдап калдым. Башында көпкө каршы болдум. "Ырдабай эле коёюнчу, "Жар-жар" ырдаган эле эжелерди чакыралычы" десем, "салт боюнча жеңеси алып кириши керек, ырдай турган бир тууган жеңеси турса эмне кылабыз башканы чакырып" деп мени көндүрдү. Тойлордо "Жар-жар" ырдап калам деген ой болгон эмес, социалдык тармактарга видеомду жүктөп койсом эле баары тойлорго чакыра башташты. Атайын ырымдап, силердей үй-бүлө бололу деп чакыргандар бар, аларга ыраазы болуп, Кудай бизге берген жакшылыкты силерге эки эселеп берсин деп сүйүнүп калам.
– Урмат мырза, өнөр адамдар арасында футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондукка Кыргызстан эмнеге катышпай калды?
У: – Жыл сайын дүйнөдө өнөр адамдары арасында "Арт-футбол" деп аталган чемпиондук өтөт.
"Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер футбол" оюнунда чыгармачыл адамдардан түптөлгөн командабыз бар эле. Ошол курам менен катышмакпыз, команданын жетекчиси мен, капитаны Улан Барпиев. Жогорудагы Дүйнөлүк чемпиондукка дүйнөдөн 16 гана мамлекет катышат, ал эми быйыл аталган мелдешке 23 мамлекет арыз берип, Кыргызстан 16 команданын арасына кошулбай калды. Себеби башкалар мелдешке мамлекеттик деңгээлде мамиле жасашты, ал эми бизге, балким, ошол жетишсиз болду.
– Маегиңиздерге рахмат!
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg