Ырчы Амир Аскаров социалдык тармактагы баракчасына Дайыр Исмадияровду мисал келтирип, "музыка жөнүндө түшүнүгү жок" деп сындады.
"Дайыр категориясындагылар: Булар такыр үнү, таланты, музыка тууралуу түшүнүгү жок кыздар-балдар. Алардын 95 пайызынын ишин башка бирөөлөр, акча жана электроника жасайт. Ал эми Арсен категориясындагылар – музыкага берилип, дайыма изденүүдө жүргөн таланттуу балдар. Аларды фирмач деп да аташат. Ошондуктан келгиле, сапаттуу музыка угалы". Амирдин бул билдирүүсү ырчылар арасында кызуу талкууга алынды.
Мирлан Ниязов: – Кой, антип адамдарды уят кылба, иним. Мындай кылганың жакшы эмес.
Асел Касымова: – Амир, өтө эле катуу кетип жаткан жоксуңбу? Ар кимдин өзүнүн угармандары бар. Сен өз ишиңди кыл, чыгарма жарат жана кыймылда!
Талкууда "кесиптешиңди "шыбаган" сага абийир алып келбейт", "Дайырды го эл тааныйт экен, сени ким тааныйт? Жарытылуу ырың жок, ышкырыгың таш жарат го", "Арсен, Дайыр экөөнүн тең таланты жок", "Дайыр аркылуу өзүңө пиар жасап жатасыңбы?" деген пикирлер айтылууда.
Ал эми Дайыр Исмадияров: "Ал ким, тааныбайт экенмин",- деген жооп узатты.