"Дем" театрынын "тригадасынын" экөөсү – Камчы Сарыбаев менен Аскат Сулайманов казак туугандардын тасмасына тартылып келди. "Өмүр дастан" деген сериалда камчыга сап актёрлорубуз кыргыз манаптарынын ролун аткарышты.
"Биз казак элинин 19-20-кылымдагы жашоосун чагылдырган тарыхый сериалга тартылып келдик. Күндүн ысыгында тебетей, чапан кийип тартылуу кыйын болду. Илгертен эле эки элдин ортосунда чыгармачылык алака, достук болуп келген. Биз дагы казак актёрлору менен жакындан таанышып, жакшы мамиле түзүп кайттык. Киножаратуучулар кийинки тасмаларда ылайыктуу роль болсо сөзсүз чакыра турганын айтып, жылуу узатышты",- дейт Камчы Сарыбаев.