"Миң кыял FM" радиосунда 8 жылдан бери ди-джей болуп иштеп келе жаткан Акыл Жеңишбек уулу жумуштан кетти. Бул чечимге ал бир нече себептерден улам келгенин айтат.
"Жумуштан кетишимдин башкы себептеринин бири – жетекчиликтин алмашканы болду. Радио түптөлгөндөн бери Тынчтыкбек Кожобеков, Назира Асанкожоева менен иштештим. Жаңы жетекчиликтин жүргүзгөн саясаты жакпагандыктан жана алар менен иш алып бара албашыма көзүм жетип, жумуштан кетүүгө аргасыз болдум. Азыр иш жөнүндө ойлоно элекмин, балким, ушул тармакта же башка багытта иштешим ыктымал",- дейт ди-джей.