Бир кезде Кумар Асановдун "Кыргызстан" аттуу ырын, анын аткаруусундагы "Алмашымды" улуу-кичүү жактырып укчу эле. Андан кийин турмуш-шартка байланыштуу чыгармачылыктан алыстап, Москвада иштеп жүрдү. Чыгармачыл адамдар ырдап турбаса буулугуп кетет эмеспи, ырчы кайра минтип Кыргызстанга келип, чыгармачылыкка киришип жаткан учуру экен.
"Мекен жер" деген ырыма клип тарттырып жүрөм. Буюрса, мындан ары бул жакта эле болом, чыгармачылыгымды улантам",- дейт ал.