SUPER.KG’ден КҮНСЕРЕП

SUPER.KG порталында “Күнсереп” рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

2-июнь:
ДЕПУТАТТАР «БИЗДИ СУЛУУ КӨРСӨТПӨЙ ЖАТАТ...» ДЕП КҮЗГҮГӨ НААРАЗЫ

Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн жоруктарын массалык маалымат булактарынан окугандан уялып жатышат. Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров интернет басылмаларында терс маанайды жаратуучу жаңылыктардын көбөйүп кеткенин, эл өкүлдөрүнүн мушташтары кеңири чагылдырылып жатканын айтып, журналисттерге нааразы болду. Бирок парламентарий педофилдик, врачтардын шалаакылыгы, коррупция, депутаттардын мушташтары өңдүү кылмыштуулуктун, терс көрүнүштөрдүн күчөп кетишине журналисттердин кандай тиешеси бардыгын түшүндүргөн жок. Кыскасын айтканда, «бизди сулуу көрсөтпөй жатат...» деп күзгүгө нааразы болду. Позитивдүү жаңылыктарды окугусу келсе, депутаттар кылмыштуулукту азайтууга, коррупцияны жоюуга, элдин жашоосун жакшыртууга, балдардын укугун коргоочу мыйзамдарды кабыл алууга, мыйзамдардын бардык жарандарга бирдей иштешине кам көрүүлөрү керек.

3-июнь:
АТАМБАЕВДИН КАЙРЫЛУУСУНАН КИЙИН КАЗАКТАР КЫЙМЫЛГА КЕЛИШТИ

Кыргыз жарандары эми Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Казак тарап өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча документ даярдап, учурда тийиштүү процедуралардан өтүп жатканы белгилүү болду. Буга чейин кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн аймагында 5 гана күн каттоосуз жүрө алышчу. Евразиялык экономикалык биримдиктин шарты боюнча бул мөөнөт 30 күнгө узартылган, бирок Казакстан бүгүнкү күнгө чейин бул милдеттенмени аткарбай келе жаткан.
Президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Астанада өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында казак тараптын биримдиктеги Кыргыз Республикасынын союздашы экенине карабай, айрым милдеттенмелерди аткарбай жатканын билдирген эле. Ушундай сындардан кийин гана казак өкмөтү кыймылга келди.
Расмий маалыматтарга таянсак, Казакстанда азыркы учурда кыргыз өлкөсүнөн барган 90 миңдей эмгек мигранты бар. Соода, тейлөө кызматтары менен коңшу өлкөгө бат-баттан кирип-чыгып тургандар да көп. Кыска убакытка коңшу өлкөнүн босогосун аттагандарга 5 күн ичинде каттоого туруу талабы ашыкча түйшүк жаратып келет.
Казакстан кыргыз жеринде өстүрүлгөн картошканы ташып киргизүүгө да уруксат бергени жатат. «Уулануулардын себепчиси болду» деп 1 айдан бери кыргыз картошкасын чек арадан өткөрбөй келишкен. Ошентип ажонун Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болду. Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикте өз кызыкчылыгын кичинекей кадамдар менен улам арылап коргоого өттү...

6-июнь:
РЕВОЛЮЦИЯЛАР ТОЛКУНУ КАЗАКСТАНДЫ КӨЗДӨЙ БАГЫТ АЛДЫ

Диний экстремизм биздин мамлекет менен канатташ жайгашкан Казакстанга баш багып, 5-июнь күнү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратты. Актөбө шаарында учурда 2 курал-жарак дүкөнүнө, аскердик бөлүккө кол салып, 18 адамдын өлүмүнө себепчи болгон кылмышкерлерди кармоо операциясы жүрүүдө. Шаарда терроризм коркунучунун «кызыл» (жогорку) деңгээли жарыяланып, коомдук унаалар токтотулуп, тартип сакчылары шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйлөрдөн чыкпай турууну суранышууда.
5-июнь күнү аталган шаардагы 2 курал-жарак дүкөнүнө кол салуу болуп, кылмышкерлер курал-жарак тоноп кетишкен. Бул топ андан ары Улуттук гвардиянын Актөбөдөгү аскер бөлүгүнө кол салып, атышуулардан 12 террорчу, 3 аскер кызматкери жана 3 жөнөкөй жаран болуп жалпы 18 адам каза тапканы, 20 адам жаракат алганы белгилүү болду. Коңшу өлкөнүн ички иштер органдары кандуу атышууну уюштургандарды радикалдуу диний агымдын мүчөлөрү дешти.
Коңшу Казакстанды силкинткен бир эле террорчулар окуясы болбоду. Ушул эле 5-июнда «бийликти басып алууга жана массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан» деп шектелип Казакстандын бир катар мурунку чиновниктери кармалышты. 2016-жылдын февраль айында белгилүү ишкер Тохтар Тулешов камакка алынган эле. Эми анын санаалаштары катары Казакстандын башкы прокурорунун мурунку биринчи орун басары, Конституциялык кеңештин мурунку мүчөсү Ильяс Бахтыбаев, Түштүк Казакстан облустук ички иштер департаментинин мурунку башчысы Хибратулла Доскалиев, аталган департаменттин башчысынын мурунку биринчи орун басары Сакен Айтбеков, аскер бөлүктөрүнүн командирлери Бекзат Жумин жана Кайрат Пернебаев кармалды.
Шектүүлөр азырынча убактылуу кармоочу жайда экенин, алардын мындан аркы тагдыры чечилип жатканын бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Руслан Карасев билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектелип кармалгандар массалык тополоң, нааразычылык акцияларын уюштуруу менен өлкөдө абалды курчутуп, анын артынан «альтернативдүү өкмөт» түзүп, бийликти колго алууга даярдык көрүшкөн.
Кыргыз жеринде революциялар болгондо Казакстан Кыргыз Республикасы менен болгон чек арасын катуулап кайтарып, жаап салууга чейин барат. Тополоңдун эпкини Казакстанга да өтүп кетишинен чочулайт. Бирок азыркы 21-кылымда чек араны жаап салуу менен эле коркунуч жоголуп кетпейт. Революциялар толкуну Казакстанды көздөй багыт алганы түшүнүктүү болуп турат...

7-июнь:
МЕДВЕДЕВ КЫРГЫЗ ЖЕРИН БЕКЕР ЖАРНАМАЛАП БЕРДИ

Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасы, Орусия, Казакстан, Беларусь, Молдова, Тажикстан, Азербайжан, Армения, Түркмөнстан жана Өзбекстандын делегациялары катышты. Украинанын делегациясын өлкөнүн Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Дорошенко жетектей турганы буга чейин маалымдалганы менен, жыйын бүткүчө анын залдагы орду бош турду. Жыйынга бул өлкө катышкан жок. Бүгүнкү мамилеси менен Украина уюмдан иш жүзүндө баш тартканын көрсөттү...
Отурумда 20дан ашык маселе талкууланып, мамлекеттик сатып алууларды көзөмөлдөө, энергетика тармагындагы авариялар боюнча маалымат алмашуу, саламаттыкты сактоо, транспорт, билим берүү жана аскердик тармакта кызматташууларга тийиштүү 17 документке кол коюлду. Кыргыз мамлекетинин өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбеков: «Кыйынчылыктарда бири-бирибизге жардамдашуу маанилүү. Кыргыз Республикасында 2016-жылы көптөгөн маданий, гуманитардык, илимий иш-чаралар өтөт»,- деп уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда гуманитардык кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Мындан тышкары КМШ жана Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда толук кандуу эркин товар жүгүртүү режимин киргизүү жолдорун карап чыгууга да болорун, бул каатчылык маалында өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдей турганын белгиледи.
Саммиттин бейформал тарабынан... Орусиянын премьери Дмитрий Медведев кыргыз жерин өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу даңазалады. Медведев расмий иш сапары менен саммиттен бир күн эрте келип, Бишкекте өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар менен катар «Ала-Арча» жаратылыш коругун көрүүгө да үлгүргөнү белгилүү болду. Өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына Медведев «Тянь-Шандын тоо этектеринде» деген аталышта сүрөт жарыялап, саналуу сааттын ичинде 59 миң «лайк» басылды. Туристтик сезон маалында кыргыз жеринин кооз табиятын Медведев ошентип бекер жарнамалап берди.

8-июнь:
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНДЕ ДИНИЙ РАДИКАЛИЗМ БАШ КӨТӨРДҮ

Өлкөдө жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетинин Жогорку Кеңеш комитетинен колдоо таппай калышы кызуу талкууга жем таштады. Алгач мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов билдирүү жасады. Дин аалымы мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттар менен мындан ары бир дасторкондо отурбай турганын, кол алышып учурашпасын, алардын жаназасына катышпасын жана өзүнүн жаназасына катыштырбоону табыштай турганын, шайлоолордо аларды шайлабай турганын, жарандарды аларга добуш бербөөгө чакырарын айтты. Ал эле эмес, муфтиятка ислам динине каршы пикир билдирип жаткандардын атайын базасын түзүп, алар каза тапканда жаназа окубоо, мусулмандардын мүрзөсүнөн орун бербөөгө сунуш берди. Мындай чакырыгы менен Чубак ажы Жалилов кыргыз коомчулугун эки лагерге бөлүп койду.
Баш мыйзамда дин башкаруудан сырткары турары так, даана жазылган. Чубак ажы өзүнүн кайрылуусунда "Булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербейм. Мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштайм" деген сөзү менен шайлоолордо колдобой коёбуз деп ачык коркутууга барды. Мыйзам чыгаруучулардын, элдин атынан башкаруу үчүн бийликке баргандардын жоон тобу ушундай коркутуунун жетегинде баратышат. Мыйзам долбоорун «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов сунуштаган. Депутат көпчүлүк мамлекеттик кызматта иштегендер жума намаздан улам ишинен алаксып, иш маалында ордунда болбогону үчүн жетекчилик менен тил табыша албай жатканын айтып, ушул жагдайды мыйзам менен жөнгө салууну көздөгөнүн билдирди. Депутат Жанар Акаев бул көрүнүштү мыйзамдык деңгээлге алып чыгууга зарылчылык жоктугун, жетекчи-кызматкер мамилесин өз ара түшүнүшүү жолу менен чечсе болорун айтты. Мыйзам долбоору комитеттен колдоо таппады: 3 депутат колдоп, 6сы каршы чыкты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кызматкердин түшкү тыныгуусу 1 сааттан ашпоого тийиш. Мыйзамдын талаптары өлкөнүн бардык жарандарына бирдей, диний ишеними мамлекеттик кызматкердин статусуна артыкчылык бербейт. Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар жарандардын намаз окуусуна да, ислам динине да каршы чыгышкан жок эле. Болгону алар намаз окуу өңдүү жеке иштерди Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип отурбай эле чечип алууга болорун айтышты. Ошондой позициясы үчүн жогорудагыдай чакырык-сындардын астында калышты. Бул башталышы гана... Мамлекеттин мыйзамдары иштебей, жакшы корголбой жаткан коомдо башка мыйзамдар басым көрсөтүп башташат. Криминалдык, диний... «Жаназа окулбасын» деп коркуткан диний радикализм депутаттар, министрлер башка маселелер менен алек болуп жүргөн маалда күн санап, саат санап кулачын жаюуда...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан