ЖАНАР АКАЕВ:«ЧУБАК ЖАЛИЛОВ ӨЗҮН КУДАЙДАН КИЙИНКИ ЭЛЕ АДАМ СЕЗЕ БАШТАГАН ЭКЕН...»

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов жума күнкү түшкү тыныгууну ашыкча бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Тармактык комитетте бул мыйзам долбоорун 3 депутат колдоп, 6 депутат каршы добуш беришти.
Мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов мыйзам долбоорун колдобогон депутаттарга карата кескин сын, айрым жерлеринде ачык опуза камтыган кайрылуу жарыялады: «Кудай Таалам колдогон депутаттарды Өзү колдосун, тукумдарынан жакшыларды чыгарсын. Жаман сөз, жаман көз, жаман колдон сактасын...
Ал эми колдобогон депутаттар боюнча бир-эки ооз сөз. Эркин мамлекеттин жараны катары мен Чубак ажы Жалилов мыйзамдын долбоорун колдобогон депутаттар менен… Бир дасторкондо отурбаймын; кол берип салам бербеймин; алардын жаназасына турбаймын, жана менин жаназама катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын; булар катыша турган шайлоолордо буларга добуш бербеймин; мени уга турган бир туугандарыма дагы ушул осуяттарды багыштаймын. Эгерде, азирети муфтий аманатында болгонумда, булардын жакшылык-жамандыктарына катышпасын деп жалпы имамдарга буйрук берген болор элем.
Акырында муфтиятка сунушум:
Динибизди таза сактоо максатында, муфтиятта, динге каршы иш жүргүзгөн, динибизге душмандык кылган, Ислам баалуулуктарын мазактаган, башка динде болгондордун (өзүн мусулман катары көрсөткөндөрдүн) ысымдары атайын базада камтылса. Анткени касиеттүү жаназа намазы мусулмандарга гана окулат эмеспи. Бекер жерден гайрыдинге жаназа окулуп, мусулмандардын көрүстөнүнө коюлуп калып, жанында жаткан башка момун мусулмандарга алардын кесепеттери тийип калбасын...»
Чубак ажынын мындай кайрылуусунан кийин интернеттеги соцтармактарда мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарга, анын ичинде КСДПнын өкүлү Жанар Акаевге карата «исламга, мусулмандарга каршы» «жаназасына барбайбыз», «көрүстөндөн орун бербеш керек» деген сындар жаады.
Колдоочусу көп мусулман жамаатына жагынуу аракетинде жеңил-желпи популизмге барып ушул өңдүү мыйзам долбоорлорун жазып жаткан депутаттарды сындагандар да аз эмес. Блоггер Алия Суранова өзүнүн баракчасында ажынын кайрылуусун, үн катпай отурган депутаттарды сындап чыкты: «Эмне үчүн дин кызматкери СВЕТТИК мамлекетте жашап туруп, мыйзамдардын талкуусуна радикалдуу баа берип, анысы аз келгенсип, элди да терс жакка бурмалайт?
Жакында Улуттук филармониянын алдында бачата бийин бийлеп жаткан жаштарга сакалчандар асылып, бийлетпей коюшту. Бий мусулмандыкка жатпайт имиш. Эми светтик мамлекеттин ичиндеги мыйзамдардын талкуулары, эл тандаган эл өкүлүнүн мыйзам боюнча өз пикирин билдирүүсү да мусулмандарга каршылык экен. Эртең кимди куугунтуктап чыгышат? Кыздар окубасын деп чыгышабы? Же күйөөсүнө каяша айткан аялдарды таш менен ургулап өлтүргүлө деп чыгышабы?
Качанкыга чейин ушундай орто кылымдын түшүнүгү менен жашап, өздөрүнчө отуруп алып, көөп, элди башкаргысы келип, шейх болууну көздөгөн адамдарды унчукпай карап отура беребиз? Көз ачып-жумгуча «Афганистан-2. Построй свой халифат» долбоорунда жашап калып жүрбөйлү?
Ал эми Жанар Акаевдин жөн жерден диний куугунтукка алынып жатканын карап туруп унчукпай отуруп берген анын кесиптештери – дин кызматкерлеринен корккон, алардын айтканын кулдай аткарган, намыссыз накта популисттер ошолор...»
Талкуу очогунда калган Жанар Акаев дин кызматкерлеринин сындарынан улам өзүнүн позициясынан кайтып кетпесин жарыялады: «Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор, бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы?
Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери – бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми элдер шейх, сиздики туура десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна, бөлүп-жарган неме сөзсүз жазасын алат. Түркия деле мусулман өлкөсү, жума намазда иштейт алар, анда эмне Эрдоганга да жаназа окулбайбы? Булар идеал туткан Сауд өлкөсү, арабдар нефтиге бай, алар аз иштесе жарашат, а биз иш аркылуу өнүгөбүз! Чубак Жалилов, Мотуев, дагы ушуга окшошкондор диний кырдаалды курчутуудан кайра тартышчудай эмес. Казакстанда, Сирияда, башка жактардагы кооптуу кырдаал буларга оюнчук көрүнөт окшойт. Булардын улуттар аралык, диний араздашууга үндөгөнү – кылмыш. Мына, менин айылымдан адамдар чалып атат, «кимге жай берип, кимге бербеш керек ошол серейген молдо чечеби?» деп. Чубак ажы көз жумса кыргыз жерине эмес, ошол идеологиясына сугарылып, жаназа, жай берүү, жана башкага чейин кийлигишип, адамдарды козутуп атканы үчүн арабдардын кумуна көмүлүш керек!
Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап атканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардын пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн.
Менин жашоодо өз принциптерим бар, уурдабайм, тонобойм, түз жүрөм жана элиме ак кызмат кылам. Чымындан пил жасап, динге каршы, исламга каршы көрсөтөйүн деген оюңардан майнап чыкпайт. Элге жаман көрүнбөйүн деп билип туруп башкача добуш берип, же башкача сүйлөгөн депутаттардын жолу башка, меники башка. Эмкиде добуш албай калбайын деп маскарапоз болуп жагалданып да отурбайм силерге. Тескери бата берип, өзүн Кудайдын жердеги өкүлүндөй сезген немелердин пикирине кылым кыйшайбайт. Радикалдардын басымы – добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир эте албайт. Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек». Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туура багытта алып кете турган саясий элитанын жаңы муунун жаратууга аракет кыларын айтып келет. КСДПнын тизмесинде Жогорку Кеңешке келген Жанар Акаев ошол муундун бир өкүлү. Анын бирөөлөрдүн жетегинде кетпей, өз пикирин ачык билдирип, позициясына туруп жатканы колдоого арзыйт.
9-июнь күнү УКМК Чубак ажыга эскертүү берди.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан