ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-июндан 19-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында сизге көзү түз адамдар менен чогуу отуруп, баарлашуудан рахат аласыз. Кыска сапарга чыгып келүүңүз да мүмкүн. Аптанын экинчи бөлүгү жаңылыктарга жыш болмокчу. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз бекемделет. Үйүңүзгө тиричилик техникасын сатып алуудан тышкары короо-сарайды оңдоого киришесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада материалдык маселелерди чечүүгө киришесиз. Тажрыйбаңызды өркүндөтүү үчүн жаңы нерселерди өздөштүрүүгө да бел байлайсыз. Сиз көтөргөн демилге чөйрөңүздө колдоого алынат. Аптанын акыркы бөлүгүндө убактыңыздын көбүн жолдо өткөрөсүз. Ооруп калбоо үчүн өзүңүзгө жакшылап кам көрүңүз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында достор менен чогуу бир ишти бүтүрөсүздөр. Жакшы кеңеш, идеяларыңыз менен алардын алкышына татый аласыз. Аптанын экинчи бөлүгүндө кайсы бир коомдук ишке катышууңуз мүмкүн. Жеке маселеңизди чечүүгө таасирдүү таанышыңыз колдоо көрсөтөт. Бош убактыңызда келечекке план түзсөңүз жакшы.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада буга чейин сиз түйүнүн билбей келген сырдын аныгын угасыз. Бул канча бир убакыт өзүңүз менен өзүңүз болуп, өткөн-кеткенге анализ жүргүзүүгө жеткириши ыктымал. Жумушуңуз үчүн керектүү материалды интернеттен таап, ишиңизди алга жылдырасыз. Акча келип түшчү убак – аптанын этеги.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жашоого болгон көз карашыңыз өзгөрө баштайт. Буга тааныштардын сөзү да түрткү болмокчу. Алыстагы туугандар конокко келүүлөрү мүмкүн. Жумушта жашыруун уккандарыңызды сыртка чыгарбаңыз, бөөдө жаман көрүнүп каласыз. Чакырган кечеге барбай койгонуңуз оң, баары бир купулуңузга толбойт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада стандарттуу эмес чечим кабыл алуу талап кылынат. Коркпоңуз, ийгилик сиз тарапта болмокчу. Башка жамааттагы адамдар менен да кызматташып, аброй топтойсуз. Жеке жашоого келсек мамилелерди бекемдебесеңиз таарынуулар, урушуу келип чыгат. Эч кимге акча бербеңиз, кайтаруу кыйын болуп калат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Документтерди бүтүрүүгө, жаңы иштерди баштоого ылайыктуу апта. Анткени баары кыйынчылыксыз бүтөт. Жаңы ишке өтөм дегендер жаңылышкан жокпу, кайрадан ойлонуп көрүүлөрү кажет. Коңшу шаар, айылга барам дегендер унааларын текшертип алып чыгышпаса, жолдо бузулуп, кыйналуулары ыктымал.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ден соолугуңузду текшертип, кеңеш алууңуз ыктымал. Үй, гараж дегендерди жыйнап, керектүүлөрдү сатып келүү тилегиңиз ишке ашат. Болгону токко тартылуу, бийиктен кулоо сыяктуулардын алдын алыңыз. Тааныш эмес жерде караңгыда жүрбөңүз.Бойдоктор сүйүктүүсүн ата-энелерине тааныштырып, той күнүн белгилешет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында концертке барууңуз же көңүл ачуучу башка иш-чарага катышууңуз мүмкүн. Жеке буюмдарга сак болбосоңуз, жоготуп алып кайгырасыз. Алыңыз жетпеген ишти бүткөрүүдө досторду жардамга чакырсаңыз болот. Апта аягында жакындарыңыз менен базар кыдырасыз. Ошондой эле конокко барасыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада үй менен иштин ортосунда жүгүрүп, көп нерселерди бүтүрөсүз. Жаңы кир жуучу машина, үтүк же башка тиричилик техникасын сатып алуу маселеси чыгат. Таарынышкандар өздөрү кол созуп, чогуу чай ичесиздер. Айлыкты көбөйтүү маселесин көтөрүү азырынча ишке ашпайт, андыктан аны козгобой туруңуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада азгырылмалуу сунуштардан баш тартыңыз. Анткени арты кандай болуп кетери азырынча белгисиз. Андан көрө чыгармачылык менен иштеп, оозго алынсаңыз сизге пайда. Жакындарыңызга кам көрүп, аларга белек тартуулооңуз мүмкүн. Дем алышта табият коюнуна чыгып, эс алып келүүңүз күтүлүүдө.

БАЛЫК(20.02-20.03)
Турак жайыңызды кооздоп, көрүнүшүн жакшыртуу менен алектенүүңүз ыктымал. Балдардын тарбиясына, көңүл ачуусуна акча жана убакыт бөлүү керектелет. Алыстан жаңылык угасыз.Жума күнү кайрымдуулук иштерин кылып, адамдардын ыраазычылыгын алыңыз. Аптанын аягында спорт менен машыгып, дене бойду чыңдаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан