"КУМТӨР" БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛДА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК СОТТО УТУП ЧЫГУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАРБЫ?

Центерра Голд Инк" компаниясынын юридикалык кеңешчиси болгон "Sullivan & Cromwell LLP" юридикалык компаниясынын атынан кыргыз өкмөтүнүн дарегине "Центерра" жана Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты Гаага арбитраждык сотунда чечүү ниетин билдирген кат түшкөнү маалым. Кыргызстандын эл аралык арбитраждык сотто утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү барбы? Бул суроо учурда көпчүлүктү түйшөлтүп турган кези.
Эл өкүлү Алмамбет Шыкмаматов "Тазабекке" бул тууралуу ой бөлүштү: "Келишимди кайра карап чыгалы, тарыхый адилеттүүлүк болсун деген маселени көтөрүп, келтирилген чыгымды төлөгүлө десек эле алар эл аралык сотко беребиз дешет. Биз дароо "кечирип койгула, өзүбүздү эми туура алып жүрөбүз" дейбиз... Өзүбүз аныктап алышыбыз керек болуп жатат, же биз биротоло бул маселелерди көтөрбөйбүз, жыл сайын алып жаткан 7 миллиард сомго канааттанып жүрө беребиз, же принципиалдуу түрдө эл аралык сотко барабыз. Мындан коркпошубуз керек. Эгер өз кызыкчылыгыбызды коргоп баштасак, алар өндүрүштү токтотуп коюшу мүмкүн. Бирок анда алар банкрот болушат. Себеби "Центерранын" кирешесинин 85 пайызын "Кумтөр" түзөт. Алар банкрот болуп калуудан коркушат, ошол эле убакта биздин чабал жактарыбызды да билишет. Кризис учурунда "Кумтөрдөн" жыл сайын келчү 7 миллиард сомдон баш тарта албашыбызды дагы. Мен эл аралык сот эмесмин, алар кандай чечим чыгарышат, билбейм, бирок мындай болбош керектигин даана билем".
Кыргызстандын ичиндеги маселеге казакстандык саясат таануучулар да аралашып үн ката башташты. Мисалы, Марат Шубитов: "Кыргызстан эл аралык сотто утулуп калат. Бишкек инвесторлор менен жарашып эле алганы оң",- деген оюн "Регнум" маалымат агенттигине билдирген. Шубитовдун айтымында, сотто "Центерра" тарап өз кызыкчылыгын коргош үчүн мыкты адистерден акча аябайт. Кыргыз тарап да ошондой кымбат адистерди жалдашы керек, министрликтерден өкүлдөр барышы керек. "Буга кыргыз тараптын акчасы жетпейт жана кыргыз чиновниктеринин кызыкчылыкты татыктуу коргой алуусу күмөн",- дейт казактардын саясат таануучусу.
Бул боюнча депутат Осмонбек Артыкбаевге кайрылганыбызда: "Муну сот чечет. "Центерранын" кыргыз өкмөтүн сотко бергенин уга элекмин. "Центерра" кыргыз жеринде иштеген компания катары кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарын так аткарууга милдеттүү",- деп жооп узатты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан