КЫРСЫККА КАБЫЛГАНДАРГА ПРЕЗИДЕНТ АКЧА БӨЛДҮ

Бишкектин Фучик көчөсүндө 6-июнь күнү газ ташуучу унаа күйүп, жарылып, 3 адам каза таап, 9 адам жабыркады.
Өрт техникалык коопсуздукту сактабагандан чыгышы мүмкүн деп жоромолдонууда. Өрттөн улам унаага газ толтуруучу станция жана чоң жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти.
Кырсыктан жабыр тарткан 12 адамдын үчөө алган жарааттарынан улам каза тапканы маалым болду. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кырсыктан жабыр тарткандар үчүн кан тапшырып, жарандарды да жардам иретинде кан тапшырууга чакырды.
Президент Алмазбек Атамбаев кырсыктан жабыр тарткандарды дарылоо жана дары-дармек сатып алуу үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан
500 миң сом бөлдү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан