Бишкектеги эл аралык "Манас" аба майданына 8-июнда
"Боинг 737-800" үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу учак келип конду. Түркиянын Стамбул шаарынан алынып келинген бул учакка балет бийчиси Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылды. Боингди жергиликтүү авиакомпаниялардын бири 50 миллион долларга сатып алган. Учактын кире беришине Көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөн. Ошентип учак да кыргыз өлкөсүндө өтүүчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жарнамалай турган болду.