Кыргызстанда ӨРТ КЫРСЫКТАРЫНАН жыл башынан бери 38 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
2015-жылы чет элдик үй-бүлөлөр кыргызстандык 19 БАЛАНЫ ал эми кыргыз үй-бүлөлөрү 707 баланы асырап алышкан. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.
Өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп КАНАТ АМАНКУЛОВ дайындалды.
Жайкы эс алуу сезонуна карата БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ-БИШКЕК ПОЕЗДИ 17-июндан тарта "Бишкек I" станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай баштайт. Жөнөө убактысы жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 6:25те. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтында маалымдалат.
Кыргызстанда тамеки кутуларынын сыртына чапталган коркунучтуу сүрөттөр ТАМЕКИ ТАШТООНУ үгүттөөдө натыйжасыз. Мындай пикирин атайын сурамжылоого катышкандардын 77 пайызы билдирген. Изилдөөнү "Долбоорлор лабораториясы" борбору жүргүзгөн.
Кытайда 6 жыл аралыгында 16 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстанда кылмышты моюнга алуулардын 90 пайызы КЫЙНООЛОРДОН кийин ишке ашат. Бул тууралуу Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча борбору маалымдайт.
КЫРГЫЗСТАН Global Peace Index (Тынчтыкты сүйүү глобалдуу индекси) боюнча 163 мамлекеттин арасынан 124-орунду ээледи. Тынчтыкты сүйгөн алдыңкы өлкө Исландия экени белгилүү болду. Коңшу Казакстан аталган индексте 75-орунду ээлеген. Иликтөө өлкөлөрдүн коңшулар менен мамилелери, ички жана тышкы согуштары, террордук акттарды эске алуу менен жүргүзүлгөн. Эң акыркы орунда Сирия экени маалым болду.
Кыргызстандагы МУЗЕЙЛЕРГЕ 2015-жылы 700 миңден ашуун адам барган. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.
"Тазалык" муниципалдык ишканасына шаар ичиндеги ТАШТАНДЫЛАРДЫ жыйноочу 32 атайын унаа Европа биримдигинин делегациясы жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы СҮЙҮН ӨМҮРЗАКОВ Ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.