ОКУУЧУНУН ӨЛҮМҮНӨ КЛАССТАШТАРЫ АЙЫПТАЛУУДА

Май айынын аяк ченинде маалымат булактарына "Мектептин 9-классынын окуучусун классташы көтөрүп чаап, бала каза болуп калды" деген маалымат тараган. Маркум окуучунун эжеси маалыматты тактоо үчүн чындыкты айтып берейин деп кеңсебизге кайрылды.

"МУГАЛИМИ БАЛДАРДЫ КАРТОШКА ТИККЕНГЕ ЧАКЫРЫПТЫР"
– Мен Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан келдим. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу аты-жөнүмдү айтпай эле коёюн. Окуя маалымат булактарына тарагандан такыр башкача болгон. 25-май күнү иним Уран Алымбековду жана классташ балдарын класс жетекчиси "картошка айдашып койгула" деп чакырыптыр. Классындагы чакырылган балдардан менин иним, анан дагы бир-экөө барып жардам беришиптир. Ошол күнү кечки саат 6да Уран үйдө отурса, классташтарынан бирөө келип чакырып кеткен экен.
Ошол боюнча жок болгонунан үйдөгүлөр сарсанаа боло башташат. 90 жаштагы көзү көрбөгөн чоң апабыз бар. Уранды кичинесинен чоңойтуп, аны жанындай көрчү. Чакырып кеткен баланын атасына чалдырса телефонду албай коёт. Баласынан сурайлы деп үйүнө барышса, эч ким чыкпай коюптур. Байкем (Урандын атасы) уулуна сарсанаа болуп улам эшикке кирип-чыгып жүрсө, түнкү саат 1лер чамасында эшиктин алдына кашка ат минген 2 бала келиптир. Артында учкашкан Уран окшойт, үйгө киргенден коркуп жатса керек деп артынан барса качып кетишиптир. Ошону менен таң атканда гана баланын өлүгү үйгө келип жатпайбы.

"ӨЛТҮРҮП, САРАЙГА ЖӨЛӨП КОЮП КЕТИШИПТИР"
– Көрсө, окуя үйдөгүлөр ызы-чуу болуп жүргөн маалда эле болуп бүткөн экен. Саат 6да классташтары Уранды, дагы мугалимине жардам берген 2-3 баланы чакырып алып токойго алып барышат. "Силер бизди класс жетекчибизге сатасыңар, биз барбаган жерге барып жардам берип, жакшы көрүнөсүңөр" деп балдарды ур-тепкиге алышыптыр. Уран спорт менен машыккан, мелдештерде жеңип жүргөн бала болчу. Арасынан олбурлуусу Уранды көтөрүп чаап, жерге жатып калганда көкүрөккө 2-3 ирет тээп жиберген экен. Ошондо дем жетпей калып кусуп кириптир. Иним менен ошол жерге кошо чакырылган балдар Уран кусуп, эсин жоготуп жаткан учурда качып кетишиптир. Ким көтөрүп чаап, өпкөгө ким тепкенин ошол балдар айтып беришти. Эсине келтиребиз деп жылаңачтап чечинтип алып кийимдерин муздак сууга малып кайра кийгизишиптир. Ары-бери жетелеп, айтор, 2-3 саат эзгилей беришкен экен.
Түнкү саат 2лер чамасында кошунанын сарайына жөлөп отургузуп коюп кетип калышыптыр. Ошол маалда айылдаш бир киши унаасы менен келе жатып, машинанын жарыгынан баланы көрөт. "Бирөө мас болуп үйүнө жетпей калган го, тоңуп калбасын" деп жанына барса Уран болуп чыгат. Тургузайын десе шалактап кулап калыптыр. Көрсө, эчак эле жаны чыккан экен. Ошентип биздин тууган-урукту чогултуп, байкемдерге каргашаны угузгуча эле таң атат. Ал маалда аймактык инспектор окуяга катыштыгы бар 9 баланы камап коюптур. Биз окуяны угуп эле Бишкектен Таласка бардык. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. "Башынын эки жерине кан уюп калыптыр, оң кулагына катуу сокку урулган, сегизинчи омурткага жаракат келтирилген" деген жыйынтыктарды алдык.

"УРАНГА ТОПУРАК САЛАБЫЗ ДЕП ЧЫГЫП ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРҮШӨТ"
– Инимди сабап өлтүргөн балдардын ата-энелери биз кан жутуп боз үйдө отурганда келишкен жок. Тергөөдө айрымдары "биздин балдардын күнөөсү жок, жөн гана күбө болуп турушкан" деп жатышты. Күбө болушканы чын болсо, ошол убакта арасынан бирөө жүгүрүп келип Урандын токмок жеп жатканын айтып койсо, атасы барып аман алып калбайт беле?!
Балдардын биринин атасы бай турат экен. Камакка алынып жатканда ыйлап отурган биздин көзүбүзчө "Балам, коркпой кире бер. Кечинде бир үйүр жылкымды айдап келип берсем да чыгарып кетем" деп сүйлөп жатат. Укук коргоо органдарынын, соттордун баркынын кеткенин ушундан билсең болот. Бир үйүр жылкысы бар кайсы киши болбосун, келип сотуңду сатып алат.
Азыр иш тергелип жатат, сотко жете элек. Иш акыйкат тергелип, күнөөлүүлөр жазасын алса экен деп турабыз. Себеби 3 күндөн кийин Урандын сөөгүнө топурак салабыз деп балдардын 7өө чыгып кеткен. Учурда эркин жүрүшөт. Баланын сөөгү жерге берилгенден кийин кээ бир ата-энелер кечирим сурап келишти.

"ЭКИ ТАРАПТЫ КОЗУТКАНДАР БОЛУП ЖАТАТ"
Кылмышка шектелип кармалган балдардын биринин агасына байланышсак, ал буларды айтып берди:

– Күнөөлөнүп жаткан балдардын арасында иним бар. Өмүрү башыбызга мындай кырсык келген эмес. "Алдырган – албуут" демекчи, жабырлануучу тарап кандай айтса да жараша берет. Аларды түшүнүп турам. Балдарды бучкактап алып көзөмөлдөп тура албайт экенсиң. Анын үстүнө бардыгы өткөөл курактагылар. Көз ачып-жумгуча эле ушундай окуя болуп кетти. Кырсык деген кырсык экен. Балдар жаштык, балалык кылышып коркуп, учурунда окуя тууралуу эч кимге айтышпаптыр. Кырчындай болгон бир баланын өмүрү кыйылды, ошол эле учурда эл-журт биздин абалыбызды да түшүнсө дейт элем. Биздин балдардын келечегин деле эмне күтүп турат белгисиз. "Эл оозунда элек жок" деген чын экен. Айтпаган сөздү айттырып, дебегенди дедирип, эки тараптын ортосуна от койгондор мындан көп. Кантип эле бир үйдүн ишенген баласы кайтыш болуп, ага биздин балдар күнөөлөнүп жатса, анан табалап, болбогон кептерди айтып, өлгөн баланын үй-бүлөсүн басынтып калалы? Биз дагы Кудай деген кишилербиз, буюрганын көрөбүз да. Сөөк коюларда күнөөлөнүп жаткан тараптын тууган-уруктарынын баары эле жүрүштү. Ата-энелери бара албай калышкандыр. Себеби укук коргоо органдарында график деген жок экен. Күн болсо күн, түн болсо түн чакырып алып суракка алып жатышты. 8-9 баланын ар бирине бирден чоң адам кошулуп, бала менен кошо сурактан өттүк. Ошол эле учурда каза болгон баланын ата-энеси деле тергөө менен алек болуп жүрүштү. Биздин балдар эркиндикке чыгып кетти деген – таптакыр бошонуп кетти деген түшүнүк эмес. Алар милициянын көзөмөлүндө. Качан чакырса күнү да, түнү да балдарыбызды жетелеп алып барабыз. Арасынан кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экенин укук коргоо органдары чечет экен. Андыктан айылыбыздын элин, жалпы тууган-урукту, жабырлануучу тарапты ачууга алдырбай туруусун, элдин чала-бучук уккан сөздөрүн шамалга учуруп таратпоосун суранат элем.
Кылмышка шектелип кармалгандар жашы жете элек өспүрүмдөр болгондуктан жана окуя тууралуу айтып бергендердин суранычы менен каармандардын аты-жөнү берилген жок. Талас ОИИБинин маалымат кызматынан "Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап залал келтирүү, эгерде анын кесепети адам өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалган 9 баланын экөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, калганы үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат",- деп билдиришти. Он гүлүнүн бири ачыла элек жатып бир окуучу көз жумуп, жаш балдар бейбаштыктын курмандыгы болушту. Ушундай окуяга себепкер болуп, окуучуларын иштетүү үчүн чакырган мугалими өз күнөөсүн сезип жатат болду бекен?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Muhammadnur96
2016-06-14 14:09:16
Ачууга алдырбагыла маркумдун тагдырына ушундай жазылса керек бул да ата энеге болгон сыноо башкаларга сабак
0
admin_superstan
2016-06-14 16:24:16
Ajibaeva2016,негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
Bektash
2016-06-14 16:38:03
туура болду.
0
Saara.kg
2016-06-14 20:49:52
Азыр ушундай заман болуп жатса,кийин биздин балдарыбызга кандай заман болот экен ...?
0
Ibi86kg
2016-06-14 23:37:33
Да
+1
cholpon20000
2016-06-15 11:16:17
буга чейин кантип айдачу болду экен картошкасын
-2
Elaman.alai
2016-06-15 13:31:21
Мугалимдер окуучуларды жумшаганга укугу жок картошкадан чыккан чыр болуп жатпайбы.
-2
saian.00
2016-06-15 16:27:37
Ким билсин балким өзүнөн чондор касяк деп моода кылып алганго дедавшинасын корсотуп таалу жерине уруп койгондур
-2
Shaa-82
2016-06-15 17:42:18
Биз деле убагында жардам берчубуз эжей агайларыбызга.
+4
Zvezda.KGKG
2016-06-15 20:52:12
Бир тараптан алып карасан Мугалимде куноо бар аларды иштетбеш керек эле))) Бирок биз деле иштеп жардам берчуу элек кееде адан эчким эчнерсе болбойт сооп эле болот))) Ойумча ошо сен иштеп жагындын биз иштебей жаман корундук деген балдарда куноо бардай, Баланын жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым бейишинен оорун береер ин ша аллах
-1
Nurai.1992
2016-06-16 03:02:25
жаткан жери жайлуу болсун!кудайым деле ыйман берсе экен,эмне эле болуп баратышат
0
BarsBaatyr
2016-06-16 14:34:13
Агайга бизди саттынар деп уруп жатпайбы.Мугалимдин эч кандай укугу жок суранып дагы зордоп дагы иштеткенге.Негизи тарбиянын жоктугунан ушундай муундар бугунку кундо аябай кобойуп кетти.Ата-эне дагы мугалим дагы тарбия бербей калды.Мындай кете берсек жакынкы эле жылдары кримналдуу олко болуп калышыбызга шек жок.Олкодо тартип жок болгондон кийин баардык жерде тартип болбойт.Бул дагы болсо пейилибиз бузулган озубуздо куноо.
0
Zhibeka
2016-06-16 15:44:22
Быйыл жаш балдардын олуму коп болуп жатат, буну токтошуш керек, менин азыр жаман ичим ачышып атат эрте кеткен жаштарга, кудай озу берип озу алат дейтко, мугалимди сындаганынар менен бала кайтып келбейт андан коро келгиле куран окуп коебуз, жайы жанаттан болсун, уй булосуно тынчтык амандык калаймын...
+2
Bek94
2016-06-16 22:56:08
Көбүп кеткен да бул балдар, жазага тартыш керек. ким билет кийин кандай адам болот.
0
sabyrov.s
2016-06-18 08:24:48
Жаман болуптур. Тагдыр ушундай экен
-1
Surena
2016-06-18 16:01:23
Сабак учурунда мушташса мугалим куноолу болмок,ажал айттырып келбейт
+1
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан