"ТООСТОР КЫЗГАНЧААК, АНАН ТАЗА КЕЛИШЕТ"

Эң кооз канаттуулардын катарына тоос кирет. Көркөмүнөн көз тартып кете албай карап эле тургуң келген бул канаттуу тоок сымалдар, анын ичинде кыргоолдор түркүмүнө кирет. Мекени – Индия. Мына ушул канаттууну көрүү жана багып-чоңойтуу жолдорун билүү үчүн чет өлкөгө эмес, шаардын чет жакасына баруу жетиштүү.

"ЭРКЕГИ УРГААЧЫСЫНА ЖАГЫНУУ ҮЧҮН "БИЙЛЕП" БЕРЕТ"
Бишкектин четиндеги Байтик айылында жайгашкан кичи зоопарктын ээси Дамира Табалдиева тоосторду багуу сырлары менен ой бөлүштү:

– Корообузда тоостордун 3 түрү бар: ак (альбинос), кадимки (индия) жана арлекино тоосу. Ургаачы, эркеги кылып 2 жуп ак тоосту 1500 долларга сатып алганыбызга 2 апта болду. Булар 1,5 жашта. Берки түрлөрүн 2 жыл мурун алып келгенбиз, алар 4 жашта. Индия тоосунун 1 жубу үчүн 1000 доллар, ал эми арлекино деген түрүнүн 2 жубу үчүн 3000 доллар төлөгөнбүз. Тоостордун эркектеринин гана куйруктары кооз жана узун болот. Узундугу 1,5 метрге жетет. Ургаачыларыныкы кыска. Азыр жупташуу учуру болгондуктан эркеги маал-маалы менен куйругун жазып, ургаачысына "бийлеп" берип жагынуу менен алек. Куйруктарын жазгандан бир аздан кийин чыгыш бийин бийлегендердей болуп куйругун титиретет. Куйрук талдары бири-бирине тийишип, шагыраган үн чыгат.

"КОРОЗДОРДОЙ БОЛУП ЭРТЕҢ МЕНЕН КЫЙКЫРЫШАТ"
Тоостор эртең менен саат 4-5тен баштап үн салып кыйкыра башташат. Бул жагын короздорго окшоштурабыз. Абдан сак келишет. Иттерден чочулашып, аларды көргөндө кыйкырып үрпөйүп качышат. Жакын барсаң кээде чокуп да алат.
Тоосторду 1 жуптан өзүнчө кармоо керек. Анткени 1 жуптун үстүнө ургаачы тоосту кошуп койсоң, мурункусу жаңысынан эркегин кызганып, төбөсүндөгү тал жүндөрдү чокуп түшүрүп салат. Кокус 1 жуптун үстүнө дагы бир эркегин кошуп койсоң, анда эркектери ургаачысын талашып чокулашып "уруша" башташат.

"ТООКТОЙ ЭЛЕ БАГАБЫЗ"
Багып чоңойтуу кадимки тоокту баккандай эле жүрөт. Тоокторго тооккана салгандай эле буларга тооскана куруу кажет. 3 тооскана куруу үчүн биз 42 миң сом короттук.
Жаздан тартып кеч күзгө чейин 2 маал жем (буудай, жүгөрү, арпа, сулу), мындан тышкары 3 маал жашылча, чөптөрдү майдалап туурап беребиз. Мисалы, сабиз, капуста, жусай, пияз. Булардын кээ бири бакчаңдан чыкса, калгандарын сатып алуу кажет. Коңуз, сөөлжан, курттарды да жакшы жешет. Күнүгө суусун алмаштырып, алдын тазалайбыз. Тоостор өздөрү таза канаттуу болушат экен, капастарын көп булгашпайт.
Кышында колдо болгон жашылчалардан тышкары жемине даяр кошулмалардан кошобуз. Жылына бир ирет канаттуулардын оорусуна каршы (мисалы, куш тумоосу) эмдетебиз.
Ургаачылары 3 жашында жетилип, жупташкан соң жумурткалай баштайт. Бир тоостон 10-20 чакты жумуртка алынат. Былтыр ургаачылары жумурткаларын өздөрү басып жүрүштү, бирок биз бошобой каралбай калгандыктан балапандары өлүп калды. Быйыл жумуртка бастырып чыгаруучу аппарат (инкубатор) алып, тоосторду көбөйтүп, чоңойтуп саталы деп жатабыз.
Сентябрь-октябрда куйруктары толук түшүп, жазга чейин кайра өсүп калат. Куйругунда 120-150дөй талы болот, ар бирин 100-200 сомго чейин сатабыз. Көргөнү келген элдин ар биринен 50 сомдон алабыз.

"БАЛАПАНДАРЫНА ЭТТИ КУРТТАТЫП БЕРСЕҢ БАТ ИРДЕНЕТ"
Бишкек шаарынын тургуну Элдияр Самсалиев тоос багып сатуу тажрыйбасы менен бөлүштү:

– Мен 10 жылдан бери ак, кадимки жана арлекино тоосторун багып, сатып бизнес кылам. Чоңойгондорун четинен сата да берем, бул жагынан жумурткаларынан бастырып көбөйтө да берем. Азая түшкөндө тоос баккан тааныштардан балапан, жумурткаларды арзаныраак сатып алып келем. Учурда менде чоң-кичинеси болуп 12 тоос бар.
Бир тоос болгону 10-20 жумуртка тууйт. Жумурткаларды күрптөрүнө же инкубатор аппаратына салып бастырып чыгарса болот. Балапандары 27-28 күн дегенде чыгат. Аларга тартылган буудай, арпа, эт фаршын, жумуртка, быштак сыяктууларды берип чоңойтуп алам. Жакшылап карабасаң өлүп да калат. Жемине кээде балык майын, сөөк унун, бор, туз да кошом. Этти жука тилип, күнгө жайып коюп курттатып, ошол курттарды берсең бат ирденет. Жылына 1 ирет эмдетебиз. Чоңдорунун ар бирине 1 күндө 2 маал 100 граммдан жем (буудай, арпа, сулу), 3 маал чөп, жашылчаларды берем.
Сатып алсаң 1 жумурткасы – 500 сом, 2-3 суткалык балапаны – 2000 сом, 6 айлык жана 1 жаштагы тоос – 300 доллардын тегереги. Чоңойтуп 2-3 жылдык кылып кайра сатсаң 1 тоос – 700-750 доллар. Жем-чөбүнө бир тооско 1 жылда 3000 сомдун тегерегинде акча кетет. Эгер жеми начар болуп калса, канат-куйруктарынын өңү бозоруп, өңүнө чыкпай калат. Бир тооскана курууга 15 миң сомдой акча коройт, аны көп жыл колдоносуң.

Арлекино жана ак тоостун эркектери

Кадимки тоостун ургаачысы, жумурткасы жана балапаны.





Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Altynbekova.01
2016-06-13 04:01:40
Мынча соооонууууун
0
jemile
2016-06-14 16:31:46
Уф..Сүрөттөрү жарымы жок..
0
balzak
2016-07-04 13:18:36
jemile,)))))))
0
Bereke10
2016-06-15 14:47:56
Тоосторду сатып алып эмне кылышат?, жумурткасын этин жесе болобу же жон эле кооздук учун багышабы?
+1
Surena
2016-06-18 15:56:00
Бобок кечинен коруп жактыргам бул канаттууну бишкекте болсом коруп келмекмин
+1
Myrza.
2016-07-26 00:07:15
Паттилари узун узунго
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан