Жаным Айзат: «УЛУУ КИШИНИ СҮЙҮП КАЛУУДАН КОРКПОЙМ»

“Ыр күйөрмандарынын жан дүйнөсүнө жагымдуу ыр тартуулайын, күйөрман жигиттердин жаны болоюн” деп шоу-бизнесте Жаным Айзат аттуу кыз жүрөт. Башка ырчы кыздардан жөнөкөйлүгү менен өзгөчөлөнгөн ырчынын жан дүйнөсүнө бирге сапар алалы.

– Айзат, кайсы жердин кызы боло­суң?
– Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм. Атам Оштун Өзгөнүнөн, апам Жалал-Абаддан болот. Азыр Өзгөндө чоң атам эле бар. Быйыл атам менен апам бизди “өз жериңер, элиңер менен тааныштырып келели” деп Ошко алып барышты. Кыскасы, көптөн бери көрбөгөн туугандар менен таанышып, туугандашып кайттык. Атка мине албай коркуп туруп алдым. Мунума намыстанып аттан коркпой, минип үйрөнөм деп калдым. Баса, айылга барып өмүрүмдө биринчи жолу уй да саап көрдүм.
– Кыргызча сүйлөгөндө кыйналганыңа караганда орус мектепти бүткөнсүң го?
– Ооба, 8-класска чейин инилерим менен орус мектепте окудук. Бир күнү мектептен келген иним “апа, уй тапшырма деген эмне? Корова тапшырмабы?” деп сурап жатпайбы. Ошондо апам “кокуй, силер орус болуп калыпсыңар” деп бушайман болуп үчөөбүздү тең кыргыз мектепке которгон.
– Мектепте кандай окудуң эле?
– Орус класста жакшы эле окучумун. Кыргыз класска которуп салгандан кийин бир топ кыйналдым. Математика өңдүү эсеп сабактарын жакшы билгеним менен, кыргыз тили, адабият, тарых сыяктуу сабактардан кыргызча сүйлөй албай “3” деген баалар күндөлүгүмө толуп кеткен. Бирок бир жылдан кийин кыргызча үйрөнүп, кайра жакшы окуй баштагам.
– Ырчылык менен алек болуп жүрүп сабагыңа жетишпей калган учурлар болсо керек?
– Мен кичинемден эле так илимдерди жакшы өздөштүргөм. Ошондон улам ата-энемдин кеңеши менен КГУСТАга кыргыз-герман факультетинин информатика бөлүмүнө тапшыргам. Кесибим программист, 2-курста окуп жатам. Алгач ырчы болом дегенде атам “сен ырчы болсоң сабак экинчи орунда калып калат” деп каршы болгон. Университетте жакшы окуп, өзүмдү көрсөткөн соң ырчы болууга атам макулдугун берди. Учурда окуум мен үчүн биринчи орунда болгондуктан, шоу-бизнесте көп ийгиликтерге жетишпей жатсам керек деп ойлойм.
– Группалаштарың сенин ырчы экениңди билишеби, алар менен мамилең кандай?
– Ырчымын деп эч кимге айткан эмесмин, алардын билүүсүн эмнегедир каалаган да жокмун. Бир күнү группалаш кызым келип “сени гезиттен көрдүк” деди эле, ал мен эмесмин деп койдум. Кийин дагы бирөөсү “сен ырчы эмессиңби, телевизордон чыктың?” дегенде ал мага окшош деп калп айтып жүрдүм. Канчалык катсаң деле билип коюшат экен. Азыр баары билишет. Баары менен мамилем жакшы.
– Ырчы болууңа эмне себеп болду? Продюсерлердин арасынан эмнеге Тынчтыкбек Кожобековду тандап алдың?
– Өзүм кичинекей кезимден эле балерина болгум келчү. Балерина болбой калгандан кийин ырга кызыга баштадым. Тааныштарым аркылуу Тынчтык байкеге келдим, ал дароо эле иштешүүгө макул болду. Ортобузда эч кандай келишим жок. Ага катары эле жардамын берип турат. Шоу-бизнеске аралашканда эле Ильяз Андаш менен таанышкам. Ошондон бери Ильяз менин эң жакын досум болуп калды.
– Дегеле ырчыга продюсер керекпи? Сурайын дегеним, өзүңчө эле чыксаң болбойбу?
– Шоу-бизнесте продюсер сөзсүз керек деп ойлоймун. Пиар, ырыңды, чач жасалгаңды, макияж, форма, стилиңди дегеле ар бирин көзөмөлдөп турчу киши керек да. Тынчтык байке үстүртөн эле карайт. Кийген кийимимди өзүм тандайм. Макияжымды өзүм жасайм.
– “Шоу-бизнес кир, ыплас” деп айтышат го, бул чөйрөдө дагы канча болом деп ойлойсуң?
– Башында мындай нерселердин баарын мага Тынчтык байке түшүндүрүп, моралдык жактан даярдаган. Өзүм шоу-бизнестин эч кандай ыплас жагын көрө элекмин. Айзат жөнүндө чыккан ушактар болсо, мени жакындан билгендер ишенишпейт деп ойлойм. Ырдап чыкканыма эки жылдан ашты. 4 ыр жаздырып, 2 гана клип тарттырдым. Алгачкы ырымды жаздыргандан кийин Жамийла Муратовадан вокалдан сабак алып, кийинки ырды жаздырсам көпчүлүк “үнүң ачылыптыр” дешти. Мен азыр жеке концертимди бергенге да шашылбайм. Бат-бат ыр жаздырып, бат-бат концерт бере берсең да эл тажайт. Буюрса, бул чөйрөдө дагы көпкө кармалам го.
– Гастролдорго көп чыгасыңбы?
– Ырчы атка конгону Таласка 2 күнгө, анан Ысык-Көлгө 1 күнгө эле Ильяздын концертине баргам. Тойго да барбайм. Болгону, өзүмдүн туугандарымдын 2 тоюна барып ырдадым.
– Тойго барбасаң, гастролго чыкпасаң, концерт койбосоң ыр жаздырып, форма тиктиргенге каражатты кайдан аласың?
– Каражат жагынан менин демөөрчүм ата-энем. Кээде Тынчтык байке жардамдашып калат. Жаңы жылдын астында корпоративдик кечелерге ырдап, биринчи жолу көп акча таптым десем болот.
– Акчасы көп, үй-бүлөлүү, өзүңдөн улуу мырзаны сүйүп калышың мүмкүнбү?
– Негизи, мен акчага көп кызыга бербейм. Улууну сүйүп калсам эч кандай коркунучу жок. Бирок үй-бүлөлүү болсо жүрөгүмдү акылыма баш ийдирип, өзүмдү кыйнап болсо да ал адамды унутканга аракет кылам. Негизи, кандай сүйүү болбосун убакыт дарылайт эмеспи. Мен үчүн акылсыз, колунан эч нерсе келбеген байдын баласын сүйүп калуу коркунучтуу. Ал эми колунда жок, бирок акылдуу жигитти сүйсөң бул уят эмес. Мындай күйөөгө жардам берип, бутуна тургузуп алса болот. Менин ата-энем деле башында батирден-батирге көчүп жүрүп ушул деңгээлге жетишкен. Кудайга шүгүр, үй жайыбыз, жетиштүү оокатыбыз бар.
– Кандай кийимдер жагат?
– Мага, кытай, япон өндүрүшчүлөрүнүн кийимдери жагат. Кийимдеримди көбүнчө ошол жактан заказ берип алдырам.
– Машина айдаганды билесиңби?
– Билем, бирок азырынча айдоочулук күбөлүгүм жок. Окуп, күбөлүк алып, анан машина алайын деп жатам. Азыр маршруткада эле жүрөм.
– Маршруткада көп жүрсөң, чөнтөкчүлөргө кабылып көрдүң беле?
– Бир эмес, далай жолу кабылдым го. Телефонумду биринчи жолу алдырганда эмкиде этият болом деп өзүмө сөз бергем. Экинчисинде телефонумду чөнтөккө салып эле маршруткага кирип карасам телефонум жок. Ошондо чөнтөкчүлөрдүн шамдагайлыгына аябай таң калгам. Акчаны деле көп жолу алдыргам.
– Ата-энең кимдер, кайсы кесиптин ээлери? Сен кимисине окшошсуң?
– Атамдын кесиби инженер-механик. Ал эми апам болсо физика мугалими. Шартка байланыштуу азыр апам жеке ишкерлик менен алектенет. Келбетимди көбүнчөсү атама окшоштурушат. Жакындарымдын айтуусунда, кашы-көзүм атамдыкы, мурдум апамдыкы. Бир ишти туура эмес кылсам, “сенин кызың” дешип бири-бирине шылтап киришет. Жакшы иш кылсам “мына мага окшош, менин кызым” деп талашып калышат.
– Чарчаганда кантип эс аласың?
– Мен кышында да, жайында да тоого чыкканды жаман көрөм. Суукка чыдабаган жаным кышында тоого барганда эрте күндө тоңуп калам. Ал эми жайында болсо чөптөрдөн аллергиям бар, ошондуктан көп барбаймын. Мага шаарда эле клубдарга барып эс алган жагат.
– Сендей сулуу кызга куда түшкөндөр көп болсо керек?
– Апамдын курбусу менен үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Ошолор “балабызга алып беребиз” дей беришет. Кээде апамдар бири-бирин кудагый деп калышат. Бирок ал бала экөөбүз бирге ойноп, бир туугандай чоңойгонбуз. Андан башка куда түшкөндөр деле болсо керек, апам андайлар тууралуу мага айтпайт.

БУЛ ДА АЙЗАТ ЖӨНҮНДӨ

  • 18 жашта.
  • Ушуга чейин сүйүп көрө элек.
  • Ыйлаак, бирок көз жашын эч кимге көрсөтпөйт.
  • Бала кезинен Мисирге барып эс алууну кыялданат.
  • Таарынчаак, бирок жини тез келбейт.
  • Үйдө улуусу, өзүнөн кийин эки иниси бар.
  • Түрлөп тамак жасагандан рахат алат.
  • Ашыкча боёнгонду жактырбайт.
  • “Комуз үйрөнсөм” деген ниети бар.
  • Таттууга жок, ачууга өч.
  • Кино жаатында да өзүн сынап көргүсү келет.
  • “25 жашка чейин турмуш курууга жетишем” дейт.
  • Кыргыз, орус, англис, немис тилдерин билет.
  • Ала качууга каршы, бирок сүйгөнү ала качса отурат.
  • 14-февралды майрам катары санабайт.


Жылмайып коюңуз!

Апасы Айзатка:
– Кызым, кеседеги тамактын баарын түгөтүшүң керек.
Билесиңби, тамак ичпеген кыздар эмне болорун?
– Билем, манекен болушат...

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Ilays
2010-02-22 18:12:04
Апей, таза делдең кулак экен жаштыгында... Бирок барибир ушул кызды сүйөм.
0
TokoNemis
2010-02-24 11:01:05
Жаным Айзат сени оло суйом! Сенин бактылуу болушунгду каалайм. Германияга келем деп жатыпсын,балким жолугуп калаарбыз.
0
Simpotka
2010-02-25 10:27:55
Tatinakai kiz eken, Ayabai achik suilogon kiz eken
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан