РЕВМАТОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук кардиология борборунун ревматологу Фарида Мукамбаева жооп берет.

“ЭКИ ТИЗЕМ ООРУП, УЮП КАЛАТ”

– Жашым 35те, эмитеден эле эки тизем ооруй берет. Алыс жолго баратканда машинада эки тизем уюп, жансыз болуп калат. Бул эмнеден улам, дегеле муундарды кантип бекемдөө керек?

Айзура, Бишкек

-Аял киши төрөгөндө организмдеги каль­ций кан аркылуу жуулуп кетет. Ошондуктан сүт, быштак, ай­ран, сыр көп жеш керек. Бул азыктардан сырткары дарыканадан витаминдер топтомун алып ичсеңиз да жакшы болот. Бул илдеттен көбүнчө аялдар жабыркашат. Эгер бутуңуз шишип ооруса, реактивдүү артрит. Бул оору тукум кууйт же вирустук, бактериялык, инфекциялык оорулардан кийин жаралат. Мисалы, кургак учук, жыныстык жактан жугуучу оорулар, бруцеллёз жана башка. Толук адамдардын да эки тизеси оорушу мүмкүн, анткени ашыкча салмак тизеге күч келтирет. Ал эми машинада көпкө отурганда талып, жансыз болуп калганы – бир жерде кыймылдабай отура бергенде кан тамырлар, нерв кысылып калышы мүмкүн.


“КАРЫГАНДА БАРДЫК ЭЛЕ АДАМДЫН МУУНДАРЫ ООРУП КАЛАБЫ?”
– Карыгандардын кө­бүнүн эле эки тизеси ооруп, араң отуруп, туруп жаткандарын көрөм. Карыганда баарынын эле муундары ооруп калабы?

Самат, Ат-Башы

-Баарыныкы эле ооруп калбайт. Бирок аялдардын кө­бүнүкү ооруп калышы мүмкүн. Анткени төрөттөн улам кальций жетишсиздиги пайда болот, андан улам муундар жабыркайт. Сүт азыктарынын ра­цио­ну­ңуз­да дайыма болгону муун ооруларынын алдын алат.


“БУТТАРЫМ ТАЛЫП ООРУЙТ”
– Көп басканда, күн ысыкта буттарым талып ооруйт. Ысып жаткансыйт, кармап көрсөм кадимки эле температура. Бутумду ургулап массаж кылсам, бир аз оорусу басаңдагансыйт. Бул эмнеден?

Толкун, Кара-Балта

-Толкун, ангинаңыз, кант диабетиңиз жокпу, тек­ше­ри­лиңиз. Бул эки ооруда бут талып ооруйт, аны полинейропатия дейт. Андыктан тезинен дарыгерге кайрылыңыз.


“КОЛДУН ТАМЫРЫ ЖҮРӨККӨ ТААСИР ЭТЕБИ?”
– Сол колумдун тамыры талып, уюп ооруйт, кайра басылып калат. Бул оору менен ооруганыма 3-4 ай болду. Ревматологго көрүнсөм ревмокардит деген диагноз коюп, бир дары жазып берген, бирок аны иче элекмин. Эми 1 айдан бери жүрөгүм ооруй баштады. Жүрөгүм дагы уюгансып талып ооруп, басылып калып жатат. Колдун тамыры жүрөк менен байланыштуу деп уккам. Кечээ сол колумдун тарамышы да түйүлүп калды.

Жамал, Өзгөн

-Эгер тамырдын өзүндө кандайдыр бир оору болсо, аны кан тамыр хирургу карайт. Ошондуктан сиз биринчи кан тамыр хирургуна кайрылыңыз. Ал сизди текшерип, жыйынтыгы менен өздөрү дарылоо жүргүзүшөт. Эгер жүрөктө маселе болсо, кардиоревматологго жөнөтүшөт. Жүрөгүңүздүн оорушу жүрөк кемтигине окшошуп жатат, андыктан тезинен дарыгерге кайрылыңыз.


“МАНЖАЛАРЫМДЫН МУУНДАРЫ СЫЗДАП ООРУЙТ”
– Колумдун манжалары сыздап ооруйт. Муздак сууга кир жуугандан, идиш жуугандан заарканам, анткени жууганымда колдорум ооруп чыгат. Эки таманым да сыздайт. Бул эмнеси, кантип дарылоо керек. Бул ооруну жок кылса болобу?

Зайна, Токтогул

-Колдун манжалары ооруса ревматоиддүү полиартрит. Бул оору көбүнчө тукум куучулуктан, ангинадан жана стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан жаралат. Таптакыр жок болуп кетпейт, бирок убактылуу басып турса болот. Ревматологго келсеңиз эки колду, эки бутту рентгенге тартат, кан тапшырасыз, ошонун жыйынтыгы менен дарылоо башталат. Дарыланбаса майыптыкка алып келет, кол-бут кыйшайып калат.


“МУУНДАРГА ДА ТУЗ ТОПТОЛОБУ?”
– Атамдын чыканагы, буту шишип ооруйт, кээде баса албай калат. Арак сүйкөп, жылуулап жатып айыктырып алат. “Муунга туз топтолуп калган” деп айтышууда, ошондой да болушу мүмкүнбү?

Сезим, Талас

-Негизи муундар жылмакай болот. Муундардын үстүнө кемирчектер өсүп кетет, ошондо муундар шишип ооруйт, медицинада остеоартрит деп аталат. Бул оору организмге кальций, магний, цинк жетишпегендиктен келип чыгат. Дарыласа таптакыр жоголушу мүмкүн.

Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenech@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
belka
2016-06-15 18:25:44
Урматтуу Супер инфо Жети огуз курортуна путевканын бааларын билип жарыяланыздарчы кийинки санда?
0
Kalemkash
2016-06-15 18:34:32
Урматтуу супер инфо, мен 3жылдан бери грыжаны айыктыра албай журом. Кыргызстанда дагы грыжа менен ооругандар коп экен. Ошол жонундо жазыныздарчы!
+1
barakcha
2016-06-15 21:44:50
Kalemkash,грыжага бир гана атайын конугуулор жардам берет.дары дармек пайдасыз акча коротуу..
0
admin_superstan
2016-06-16 09:29:03
barakcha,саламатсызбы? Сунушуӊузга рахмат. Сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Kalemkash
2016-06-16 10:43:44
barakcha, рахмат сизге!
0
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан