ИЗДЕЙМ СЕНИ

"АЛАЙЛЫК ТАЯКЕМДИ ИЗДЕЙМ"
– Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылынын тургундары таякем Жанышты жана таажеңем Адалатты издейм. Фамилияларын билбейм. Зарима, Гүлмира деген кыздары бар болсо керек эле. Эгер жогоруда аты аталган адамдарды таанып-билгендер болсо, кабарлашып коюшуңуздарды суранам.

Жээниңер. Телефон: 0777 69 29 79


"ТАЙПАЛАШ КЫЗДАРДЫ ИЗДЕЙБИЗ"
– 1981-жылы Бишкек шаарындагы Финансы-экономикалык техникумунун З-тайпасын бирге аяктаган тайпалаштарыбыз Ысык-Көл облусунун Тоң районунан Асыл Бөрүбаева, Аяткан Дүйшөналиеваны, Нарын облусунун Кочкор районунан Айнаш Жумакариеваны издейбиз. Тайпалаштар, окуп калсаңар байланышып койгула.

Нарын шаарынан Бейшекан Орозалиева жана Жекен. Телефондор: 0772 31 37 73, 0703 19 38 87


"АСКЕР КЫЗМАТЫН ЧОГУУ ӨТӨГӨН ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ"
– 1979-1980-жылдары Украинанын Хмельницкая облусундагы Славута шаарында аскердик кызматты бирге өтөгөн жолдошторумдун кабарын билгим келет. Алар: Нарын облусунун Ак-Талаа районунан Садыр, Жумгал районунан Абдыбек, Искен, Дүйшөн, Таштан, Азим, Толик Мырзабеков. Ошол кезде чогуу жүргөн дос балдардын аттарынын баш тамгаларын топтоп АДИСТАТ деп алчубуз. Жогоруда аты аталгандардын дарегин таап, телефон аркылуу байланышсам деген оюм бар.

Саитжан. Телефон: 0778 64 66 28


Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 710, 10-июнь-16-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан