ЫСЫК-КӨЛ – 2016

“Кыргызстандын бермети”... Мына ушул аталышка конгон Ысык-Көлгө аптап күчөгөн сайын кыргызстандыктар гана эмес, эс алуу менен кошо жер көрүүгө келген чет элдик туристтердин да саны арбыйт. Сууга түшүп чер жазып, ден соолукту бекемдеп, узак убакытка жетерлик энергия алып кетүү канча каражатты талап кылат? Эмесе окурман сиз үчүн эс алуучу жайлардын даректери, байланыштары жана бааларын иликтеп чыктык.




ЖЕКЕ МЕНЧИК ҮЙЛӨР


Стандарт
– 400-600 сом жана андан жогору (1 кишиге). Тамак жасоого ашканасы бар.
Люкс – 2000 сом жана андан жогору. Тамагы өзүнчө 700 сомдон жогору.
Боз үй – 300-350 сомдон жогору. Бир күнгө 1200 сом. Тамагы өзүнчө.


УНАА БААЛАРЫ
(Бишкектеги батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде 1 адамга)

Бишкек-Тамчы
Такси – 350 сом
Кичи автобус – 250 сом
Автобус – 180 сом

Бишкек-Каракол
Такси – 600 сом
Кичи автобус – 350 сом
Автобус – 320 сом

Бишкек-Чолпон-Ата
Такси – 400-500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 209 сом

Бишкек-Кажы-Сай
Такси – 450-500 сом
Кичи автобус – 280 сом
Автобус – 220 сом

УЧАК

Ысык-Көлдүн «Тамчы» аэропорту.

Алматы-Тамчы, Тамчы-Алматы аба каттамдары 2016-жылдын 28-июнунан тарта, дүйшөмбү, жума күндөрү 2 рейстен, билет баасы
1 багытка 100 доллардын тегереги.
Ош-Тамчы, Тамчы-Ош аба каттамдары 1 же 3-июлдан тарта, жума күнү, билет баасы 1 багытка 2850 сом.

ПОЕЗД

Бишкек-Балыкчы, Балыкчы-Бишкек каттамы, бир багытка 70 сом. Каттоочу күндөрү: жума, ишемби, жекшемби. Бишкектен эртең мененки 6:40та жөнөйт.

КӨҢҮЛ АЧУУНУН БААЛАРЫ

Стол тенниси – 100 сомдон жогору (саатына)
Бильярд – 150-200 сом (саатына)
Караоке – 30-50 сом (бир ырга)
Интернет зал – 100 сомдон жогору (саатына)
Кинозал – 200 сомдон жогору (1 кишиге)
Концерт – 200 сомдон жогору (1 кишиге)
Дискотека – 200-400 сомдон жогору
(1 кишиге)
Бассейн жана машыгуу залы – 200 сомдон жогору (саатына)
Сауна – 150-200 сом (1 кишиге)
Массаж – 500 сомдон жогору
Карусель – 150-200 сомдон жогору 15 мүнөт
Велосипед – 100-150 сом (саатына)
Кайык – 100-150 сом (саатына)
Банан – 200 сомдон жогору (1 кишиге)
Скутер – 200-400 сом (5 мүнөткө)
Катер – 300 сомдон жогору (1 кишиге саатына)
Парашют – 1000 сомдон жогору (1 кишиге, 1 жолку учууга)
Катамаран – 100-200 сомдон жогору (саатына)
Теплоход – 300-400 сом (1 кишиге саатына), 15 000 сом (1 саатка жалдаса)
Дайвинг – 2500 сомдон жогору (саатына, инструктору менен)
Көлмөдө балык уулоо – 1000 сомдон жогору (1 кишиге), тоо сууларында 1500 сом (кайырмак берилет)
Парустуу яхта – 2000 сомдон жогору (1 кишиге)
Тир – 1 ок 10 сомго чейин
Күн тоскуч – 100 сомдон жогору (саатына)

САЯКАТТОО...

Чолпон-Ата шаарынан көл айланасындагы турлар боюнча сөз кылалы. Төмөндө көрсөтүлгөн суммага гид жана унаа акысы кирет. Тамак-аш өзүңүздөн. Болжол менен 300 сомго тамактанасыз.
Чоң-Ак-Суу капчыгайы (Григорьевское ущелье) –
500 сомдон жогору (1 кишиге)
Кырчын жайлоосу (Семёновское ущелье) – 600 сомдон жогору (1 кишиге)
Көлдү айланып чыгуу – 2500-3000 сом (1 кишиге, Каракол шаары, Барскоон шаркыратмасы, Жети-Өгүздөгү Жарылган жүрөк тоосу, Жомок кууш өрөөнү)
Туздуу көл – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)
Жер алдынан чыккан жылуу суу – 500 сомдон жогору, түшүү үчүн 200 сом (1 кишиге, Чок-Тал, Сары-Ой,
Өрүктү айылдары)
Каркыра жайлоосу – 1000 сомдон жогору (1 кишиге)



Сүйүн Кулматова,
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Munar8625
2016-06-20 10:23:13
Биз качааан барабыз.
+1
Bermet_Kasymova
2016-06-20 18:43:37
Ушул макаланы жыл сайын эле чыгара бересинеиби эмне
-4
Asel-91
2016-06-21 09:29:44
Bermet_Kasymova, Жыл сайын өзгөрүү болот да, ботом. Былтыр да шпаргалка кылдым эле, быйыл да ошондой кылган жатам.
0
nurkiyal
2016-06-20 20:15:13
Керектуу маалымат экен, чон рахмат супер инфо!
+1
mamashovich88
2016-06-20 21:10:32
Эн сонун маалымат. Мен кутуп жаткам. Анткени быйыл да колго эс алууга барабан. Албетте кудайым буйруса.
0
ss90
2016-06-21 10:02:37
Кош келиниздер!!!Быйыл аба ырайына байланыштуу эс алычуулар аз...
0
jama9210
2016-06-23 12:47:28
Кандай купальник,очки тандаш керек ошо жонундо жазсанар.
0
nura.177
2016-06-26 17:32:50
Баалары карапайым калкка ылайык эмеско
0
nura.177
2016-06-26 17:33:12
А
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан