БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

ЖУМАДИЯР КЫЗЫ АЙНУРА


Жашы – 21
Параметри – 85-68-90
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Борбордогу сулуулук салондорунун биринде визажист болуп иштейт



«ӨЗҮМӨ ИШЕНГЕНДИКТЕН СЫНАККА КАТЫШТЫМ»

– Айнура, сулуулар сынагына алгачкы жолу катышып жатасыңбы же буга чейин бул жаатта өзүңдү сынап көрдүң беле?
– Негизи, мен эмне жумуш баштабайын өтөөсүнө чыккан кызмын. Тилекке каршы, «Мисс Кыргызстан» сынагына катышып, шартка байланыштуу акырына жетпей калгам. Ошондуктан «Супер сулуу» сынагы аркылуу өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Албетте, өзүмө ишенген үчүн сулуулар менен ат салышуудамын. Бул сынакты теледен көргөм, концерттик программада бийлеш керек экенин да билем. Кичине кезимден бийлеп жүргөндүктөн мен үчүн оңой эле болот го дейм. Баса, бул сынакка катышуумду ата-энем, бир туугандарым колдоп, дем-күч берип жатышат.

– Жакшы, өзүң кайсы кесиптин ээси болосуң?
– Быйыл Ишеналы Арабаев атындагы университеттин программист-дизайнер бөлүмүн аяктадым. Окуумду жаңы бүткөндүгүмө байланыштуу өз кесибим боюнча азырынча иштей элекмин.



БЕГАЙЫМ СУЛАЙМАНОВА

Жашы – 22
Параметри – 88-69-91
Бою – 172 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – Убактылуу бош




«СЫНАК ҮЧҮН КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНӨМ»

– Бегайым, сүйлөгөндө кыргыз тилинен бир аз кыйналат экенсиң?
– Ооба, шаарда төрөлүп, шаарда өскөм. Анын үстүнө үйдөгүлөр да орус тилинде сүйлөшөт. Буюрса, эми сынакка катышуу үчүн кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөп баштайм. Сулуулар сынагына мурун катышып көргөн эмесмин. Ушундай мүмкүнчүлүк болуп жатканда өзүмдү сынап көрүүгө эмнеге болбосун?

– Байкашымча, музыкага жакын окшойсуң?
– Мени кичине кезимде эле апамдар кызыбыз ар тармактуу өссүн деп окуудан сырткары көркөм гимнастика ийримине берген. Андан кийин «Шаттык» бий ансамблинде бийлеп жүрдүм. №8-музыкалык мектептин фортепиано бөлүмүн аяктагам. Учурда гитарада ойногонду үйрөнүп жатам. Андан сырткары сайттардын башкы бетин жасап жүрөм. Сиз баамдагандай эле, искусствого жакынмын. Кино көрүп, китеп окугандан ырахат алам. Быйыл Кыргыз улуттук университетинин экономикалык башкаруу бөлүмүн аяктадым.



SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айзада 115 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Айчүрөк 40 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Aikan1966
2016-06-20 12:37:09
Жумадияр кызы Айнура жакты
+1
Alibek-0001
2016-06-20 13:12:49
Экоо тен жаккан жоооок
+9
sejitova95
2016-06-20 14:45:15
Жумадияр кызы Айнура 165 бою менен аябай мактаныптыр го
0
admin_superstan
2016-06-20 15:56:53
Jooshbai, кимдир-бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
0
Uson13
2016-06-20 22:50:02
Сынака катышуу үчүн гана кыргыз тилин үйрөнгөнү жакпады шаарда өсүп чоңойгондор да кыргыз тилин билетко
+2
zara-919
2016-06-21 01:32:59
Кыргыздын кыздарды ХХХ ХХХ. Акыркы убакта сулуулар жоголуп бараткандай же башка улуттар аралашып кеткенгеби ..
0
admin_superstan
2016-06-21 09:22:24
zara-919, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Эскетүү!
0
amanatym
2016-06-21 09:15:14
по ним не скажешь, что им по 21-22
0
sgushenka
2016-06-21 12:19:54
Биринчи кыз жакты Айнура.
0
mma_fighter
2016-06-21 14:53:34
Неси болсо да ийгилик баарынарга
+1
Uzakova.Z.A
2016-06-21 18:28:35
Биринчи кыз татынакай экен экинчи кыз жакпады шаарда оссо эле кыргыз тилин билбеш керекпи ?
+1
gylburak_kg
2016-06-26 16:33:52
Алыстан каш жакындан карандашго эко тен
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан