“Тамашоунун” таланттары
“Не дай бох!” командасынын өкүлү Бактияр каалаган кыздын телефон номерин ала алат. Андыктан, кыздар, телефонуңарды абайлагыла!
Жашы – Аскерге жарамдуу
Бою – 172-маршрутка
Дежур сөзү – “Алле, жок, бул милиция эмес!”
Өзүндө баалаган сапаты – Маршруткада чоң энелерге орун бошотуп берүүсү
Кыздардагы баалаган сапаты – Тамашакөйлүк
Үй-бүлөлүк абалы – Кыйын абалда же изденүүдө
Жактырган тамагы – Апасы жасаган бардык тамактар
Максаты – Кыргыз тасмаларына тартылуу
Лакап аты – Баха Фристайл
Кумири – Жим Кэрринин мимикаларын жакшы өздөштүргөн Жеки Чан
Ванкувер Кышкы Олимпиадасына балбандарыбыз да жөнөп кетишкен. Алар Олимпиадалык оюндарга катышкан жок. Бирок ээ болгон медалдардын саны боюнча 1-орунда турушат.
Тогуз коргоол боюнча Кыргызстан 10-ирет катары менен Дүйнө чемпиону аталды. Анткени биз гана тогуз коргоолдун эрежелерин билебиз!
“Белгисиз ким жана белгисиз кайда?” акциясынын алкагында ырчы Сема Үч-Эмчек айылына концерт коюп келди.
Эки достун маегинен:
– Уктуңбу, Өзбекстан Ош облусуна газ берүүнү токтотуп коюптур?..
– Чынбы? А эмнеге алар өзүлөрүнө газ бербей жатышат?