ЖАЙКЫ КАДАМДАР... 2016-ЖЫЛДЫН САРКЕЧ БУТ КИЙИМДЕРИ

Бут кийимсиз адам эч кайда бара албайт. Жана да бут кийим адамдын көркүнө көрк кошот. 2016-жылы кандай бут кийимдер жайкы сезонду бийлеп жатат, байкоо салалы.

Туура тандаңыз
Мода менен кийинүүдөн сырткары ар бир адам турпатындагы кемчиликти жашыруу керектигин эстен чыгарбоосу зарыл. Айымдар жайында кыска юбка, көйнөк, кыска шым көп кийгендиктен, мырзаларга салыштырмалуу жайкы бут кийимди тандоо аларда маселе жаратат.
Балтыры жоондор: Эгер балтырыңыз жоон болсо, өтө ачык да, өтө жабык да бут кийимди тандабаңыз. Бийик, ичке такалуу бут кийим сиз үчүн эмес, мындай бут кийим балтырыңыздын жоондугун баса белгилеп көрсөтөт. Платформалуу бут кийим тандасаңыз, балтырыңыздын жоондугу байкалбай калат.
Балтыры ичкелер: Ичке, бийик такалуу бут кийимдерди кийсеңиз, балтырыңызды ого бетер ичке көрсөтөт. Ошол эле учурда платформалуу, такасы жоон бут кийим да тандабаңыз. Негизи балтыры ичкелер кемчилигин шым кийип жашырышат. Юбканы гетра, узун байпак (гольфа) менен кийген оң. Күн гетра, узун байпак кийгенге жол бербей ысып жатса, жоондугу орточо такалуу же жапыз бут кийим тандоо туура.
Буту кыскалар: Кыска буттуулар томук тушунда куру бар бут кийимдерди кийбей эле койгону оң. Кемчиликти жашырмак түгүл оркойтуп көрсөтүп коёт. Андан көрө бийик такалуу бут кийимге басым жасаңыз.
Буту узундар: Буту узундар бийик такалуу бут кийим кийишсе ого бетер узун көрүнүшөт. Такалуу кийгиңиз келсе, орточосун тандаганыңыз туура.

Платформалуу сандалия
Платформалуу сандалия сыртынан аялдарга ылайыксыздай көрүнөт. Бирок бутка ыңгайлуу, көп басканда чарчатпайт. Кыска шымдар, жынсы шымдар менен жакшы жарашат. Үстүңүзгө ар кандай сүрөттөрү бар футболка кийип алсаңыз болот. Кыска юбка, кыска шым платформалуу сандалиянын одоно көрүнгөнүн жокко чыгарып, сексуалдуу көрсөтөт. Кыска шым кийгенде үстүңүзгө кенен футболка кийип, бир учун шымдап алыңыз. Туника да буларга жакшы союз боло алат.


Танкетка-босоножка
Танкетка-босоножка 2016-жылдын жайынын тренди. Чапташкан көйнөктөр, шымдар, кыска юбкалар, кыска шымдар, жеңил көйнөктөр менен кийүүгө болот. 7 сантиметрге чейинкисин тандаганыңыз оң. Анткени өтө бийиктер одоно көрүнүп калат.


Куру бар босоножка
Куру бар босоножканы балтыры жоон кыздар кийсе ого бетер жагымсыз көрүнөт. Мындай бут кийимдерди бойфренд жынсы шым, кыска шым, юбка менен кийсе жакшы жарашат. Дагы бир кызыктуу вариант – бул бут кийимди кюлот (кенен чолок шым) менен кийүү.


Башы ачык босоножка
Башы ачык босоножка, туфли, балетка, өтүк да бар. Бул бут кийимдер айымдардын бутун сулуу көрсөтөт. Костюм-шым, костюм-юбкалар, кыскасы, классикалык кийимдер менен жакшы айкалышат. Андан сырткары кырлуу шымдар, жынсы шымдар менен жакшы жарашат.


Эcпадрильи
Эспадрильи зыгырдын, пахтанын буласынан жасалган жайкы бут кийим. Бул бут кийимди көйнөк, юбка, шым, кыска шымдар менен кийсеңиз болот.


Бутка илип алма (шлёпанцы)
Бутка илип алма айымдардын сүйүктүү жайкы бут кийими. Муну кийип алып дүкөн кыдырып же жөө басып далай ишти бүтүрө аласыз. Айымдар кыска шым, кыска юбка, көйнөк, жынсы шымдар менен кийишкени оң.


Чачылуу бар бут кийим
Чачылуу бар сандалия, бутка илип алма учурдун модасы. Айымдар бул бут кийимди кыска юбка, көйнөк, чолок шым, жынсы шым менен кийип алышса жакшы жарашат.


Боосу бар мокасин
Боосу бар мокасиндерди байпагы жок деле кие бериңиз. Бул бут кийим жынсынын бардык түрү менен жарашат жана да кыры жок чатыраш шымдар менен жакшы айкалышат. Үстүңүзгө футболка, көйнөк, күн суук болсо пиджак кийип алыңыз. Спорттук кийим менен кийсеңиз да туура.


Слипон
Слипондор боосу жок спорттук бут кийимдер. Слипондордун таманы кедыныкына окшош резинадан жана жалпак. Албетте, спорттук костюмдар жана кэжуал стилинде ийилет.


Сандалия
Сандалия жай мезгилинин эч нерсеге алмаштыргыс бут кийими. Бул бут кийимди көбүнчө кыска шымдар менен кийүү туура. Жынсы шымдар менен деле айкалыштырса болот. Болгону жынсынын кездемеси жука болушу шарт. Эсиңизде болсун, клубга, кеңсеге, салтанаттуу иш-чараларга кийүүгө болбойт.


Жайкы туфли
Жайкы туфли ачыгыраак түстөгү жынсы шымдар, ак түстөгү костюм-шымдар менен жакшы жарашат. Өтө кенен эмес шымдарды тандаган туура.


Кеда
Кеда менен жынсы шымдар алмаштыргыс союз. Үстүңүзгө футболка, көйнөк, майка, күн салкын болсо свитер, жемпер, пиджак кийиңиз. Эгер дресс-код жок болсо жумушка, жолугушууга, эс алууга, кыскасы, кайда барбаңыз кие бериңиз.



Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Nuka93
2016-06-20 10:31:29
Иса арыктап кеткенби
+2
stervella415
2016-06-20 22:30:47
Nuka93,çonoyup boyuna kettida salmagy,
+2
stervella415
2016-06-20 22:30:03
Byiyl takasy joon,bawy açyk,multfilm tapiçkeleri modada,menikindei:)
0
admin_superstan
2016-06-21 09:27:29
Aidai5555, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек!
0
Stervashka
2016-06-21 12:41:33
Жакшы бут кийимдер экен, модель кыздын буту таптаза эле бойдонго.
+1
Karalina
2016-06-21 13:15:23
Иса арыктап, формага келип калыптыр. Молодец красавчик!
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан