ЧИНОВНИКТЕРДИН БАЙ-МАНАПТЫК ЖОРУГУН АЧЫКТАГАН КОЛ ЧАТЫР

Кол чатыр айрым божомолдор боюнча байыркы Египетте жана Кытайда биздин заманга чейинки 10-11-кылымдарда пайда болгон. Адегенде кол чатырды ак сөөктөр гана колдонушчу. Жөнөкөй кара таманга кол чатыр көтөрүп жүрүүгө тыюу салынган. Ак сөөктөр үчүн кол чатырды жанындагы кулдары көтөрчү. Бул буюм ал кезде бийликтин, ак сөөктүктүн символу болчу.

Бүгүн кыргыз бийлигиндеги айрым жетекчилер ошол байыркы кылымдарда жашап жаткандай элес калтырышат. Себеби алар кол чатырды ошол кылымдардагы ак сөөктөрдөй колдонгонду билишет. Башкысы, бийик даражаңды түшүрбөш үчүн кол чатырды өзүң кармабашың керек. Кармачу кишилер табылат, жардамчылар, жан сакчылар же жөн эле кошоматчылар...


"БИЙИК ДЕҢГЭЭЛИН" КӨЛӨКӨДӨ КӨРСӨТКӨН КАМИЛА ТАЛИЕВА
Азыр борттон сыртта калган экс-вице премьер-министр, тарыхта "маданиятсыз маданият министри" деген атка конгон Камила Талиева жардамчысына кол чатырды карматып коюп, анын көлөкөсүндө өзүнүн "бийик деңгээлин" көрсөткөн. Коомчулук тарабынан Камила айымдын бул кылыгы "обу жоктук" деп далай жолу сынга алынган.


БИШКЕК ПРОКУРОРУ "ЗОНТИК" АТКА КОНДУ
Ушул жылдын май айында Чүй облусунун 90 жылдыгын белгилөөдө мааракеге чогулган көпчүлүк Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловдун кылыгына же күлөрүн, же күйөрүн билбей турду. Журналист Турат Бектенов кимдир бирөөгө кол чатыр көтөртүп алган Бишкек прокурорун сүрөткө тартып, Фейсбукка жүктөдү. Ар түркүн сын-пикир жаады. "Кол чатырын көтөрө албаган элдин жүгүн көтөрө алмак беле?!" деп сындады жаш акын Бердибек Жамгырчиев. Прокурор мырза ак да, көк да дей албады. Көпчүлүк аны "зонтик" атап алды


ПРОКУРОРДОН ГУБЕРНАТОР КЕМ БЕКЕН?
Бишкек прокурорунун кылыгынан аз өтпөй дагы бир иш-чарада өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин жардамчысы өзгөчө камкордук менен кармап турган кол чатырдын алдында отурган сүрөтү интернетке тарады. Интернет колдонуучулары Сарыбашев мырзага ачуу сөздөрдү жаадырып өтүштү. Саясатчы, экс-депутат Равшан Жээнбеков жарыяланган сүрөттүн алдына: "Кезектеги "мырк!" деп жазып койду. Ал эми Сарыбашев: "Вице-премьер Гүлнара Каримовнага телефон чалып калышып, ал тура баштаганда кол чатырымды кармата салгам. Жардамчым качан кол чатырды жая салганын билбейм",- деп актанууга жетишти.



МЭР ТЕКТҮҮ БОЛГОН ҮЧҮН КОЛ ЧАТЫРЫН ӨЗҮ КАРМАБАЙБЫ?
Интернетке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин үстүнөн кимдир бирөө өтө бир аярлык менен кол чатыр кармап турган сүрөтү да илинди. Интернет колдонуучулардын бири: "Буларга зонтик кармоого статусу туура келбейт го, тектүү бийлердин тукумдары",- деген какшык сөзүн жазып кетти. Оштун мэри ага кол чатырды ким кармаганын билбей турганын, аны карма деп мажбурлабаганын басылмаларга жооп кылды.




Ал эми бул сүрөттөрдө дүйнөнүн эң атактуу эки лидери жөнөкөйлүк менен гана кол чатырларды өздөрү көтөрүп бара жатышат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
zhumagul89
2016-06-22 23:41:35
Биздикилер эми зонтик корсо уркуп качышат экен дааааа.
+4
Rifle_S
2016-06-23 05:11:32
Супер, фейсбукагы шилтемени берсеңер болобу , зонтик прокурорго ?
Бр комментарий жазайын. Бул жерге жазсам бан деп жатып каласыңар.
+2
jama9210
2016-06-23 11:58:44
А тиги Темир Сариевди жазбапсынаргоооо 9-майдагы жоругун
+2
anara-anara
2016-06-23 12:21:12
Туура жазыптыр бир зонтикти которо албаган элдин жугун кайдан котормок эле деп мен туура ойлойм. Дал ошондой болуп жатат азыр чиновниктер.
+2
MinuTolik
2016-06-23 16:58:36
Aidagany bew echki ywkyrygy taw jaratda bizdikiler. korup uialasyn Putindin otdunda bolup kalsa oxoo)))tualetke da jardamchylary alyp kirmek
+2
Stars
2016-06-24 05:28:49
Эч нерсе дей албайм! Мен да Атама-Апама же аялыма дайым кол чатыр кармайм, анын эч уяты жок, бур "ПИЯР" деп эсептейм.!
-2
gulaza
2016-06-24 15:42:47
Олдунго дадин деген ушуларго озун башкача элестетишеттирда озуму элестеттим Эгер прокурорада иштесем жаанда камерага шомтуроп тушбойун деп зонтикти озум эле кармайт элем а булар каерде жургонун сезбей ойюнун баары акча жеш болуп жатса кошоматчилар бутун кремдесе керек
+1
Deniza88
2016-06-24 18:52:37
Соз эркиндигин чындап эле азайтыш керек экен..... Башка соз жок......
-1
akutilek
2016-06-26 02:28:48
Deniza88,сиз дагы кол чатырды озунуз которо албаган аткаминерлердин бири окшойсуз го ээ. Откондогу куудулдарды сотточу депутат эмессизби. Соз эркиндигин азайтуучулардын партиясынан.
0
aruuzat.ariet
2016-06-25 09:06:08
беттин калыны жандын узуру деп коюп отурушатда
0
dina-85
2016-06-25 13:13:01
Эптесен экини же деген заман ушул турбайбы
-1
Arcen2015
2016-06-25 14:08:23
Кошулам бир зонтикти которо албаган элжи кантип которот.
0
Sezim.A
2016-06-26 13:53:41
Тообо,тообо.Ушундай кантип болсун.Айтмаматтын отурушу кантет аталага тойгон к..... окшоп.
0
Sezim.A
2016-06-26 13:58:51
Путинден сабак алып ,путиндин мектебинде окушунар керек жакшы тарапка онол.осунар
0
1985lana
2016-06-26 19:06:58
Владимир Путин, красавчик!
0
admin_portal
2016-06-27 10:31:05
daiyrsatybekov, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан