ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы мусулмандар. Ошондуктан ислам принциптерин Кыргызстанда кеңири жайылтуу ашыктык кылбайт. Айтсак, акыркы кездерде коомчулукта көп сөзгө алынып жаткан салттуу банктык каржылоо принциптеринин катарында Ислам банк ишинин принциптери менен каржылоо деген түшүнүк да бар. Бирок анын маани-маңызын көпчүлүк эл түшүнө бербейт. Ошол себептен ислам принциптерин, башкача айтканда, шарият стандарттары менен каржылоо тууралуу кененирээк маалымат алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ислам финансылык продукттар бөлүмүнүн башчысы Осмоналиева Арзыкан Абыловна менен маектештик.

ИСЛАМ БАНК ИШИНИН ПРИНЦИПТЕРИ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Ислам банк иши жана каржылоо принциптери – бул банктык, финансылык операцияларды шарият стандарттарына ылайык жүзөгө ашыруу эрежеси десек болот. Шарият стандарттары – бул эл аралык стандарттарын аныктоочу уюмдар (IFSB, AAOIFI) тарабынан каржылоо эрежелери. Биздин өлкөдө ал стандарттар мыйзам деңгээлинде кабыл алынган.
Ислам финансы-кредит мекемелери адат болгон банкинг көрсөткөн тейлөөдөй эле тейлөө пакетин бере алат, а бирок операцияларды өткөрүү эрежелери айырмаланат. Эң негизги бир нече эрежеге токтоло кетсек. Мисалы, банктын ички нормативдик актылары жана типтүү келишимдери шарият кеңеши тарабынан шарият стандарттарына туура келүүсү тууралуу жактырылышы керек. Шарият кеңеши – теология, экономика жана финансы жагында жогору квалификациядагы профессионалдардан турган атайын банктын органы. Шарият кеңеши Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келиш керек. Ислам банк ишинде пайыздарды алууга тыюу салынат. Бирок пайыздык мамиленин жоктугу коммерциялык насыяларды бекер, акысыз алууга болот дегенди билдирбейт. Ошондой эле түзүлүп жаткан келишимдин шартында белгисиздиктер болбошу керек. Атап айтканда, товардын баасы, төлөм жана башка шарттары так жана белгилүү болушу зарыл. Андан тышкары тамеки, алкоголь жана баңгизат продукцияларын өндүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган. Ошондой эле кумар оюн бизнесине инвестициялоого уруксат берилбейт.

ИСЛАМ ПРИНЦИПТЕРИ МЕНЕН КАРЖЫЛОО КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КАНДАЙ ӨНҮКТҮРҮЛҮП КЕЛГЕН?
– Ислам каржылоо принциптери Кыргыз Республикасында 2006-жылы башталган. Ислам өнүгүү банкынын колдоосу алдында бир коммерциялык банктын негизинде пилоттук долбоор жүргүзүлө баштаган. Кийинчерээк, 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу", "Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген. Ал өзгөртүүлөрдүн максаты ислам банкингин өнүктүрүү болгон. Мыйзам деңгээлинде "ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "ислам банкы", "шарият кеңеши" деген түшүнүктөр киргизилген. Ошону менен бирге Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча көзөмөлдөө жана жөнгө салуу функциясы бекитилген. 2013-жылы "Кыргыз Республикасындагы Микрофинансылык уюмдар тууралуу" жана "Кредиттик союздар тууралуу" мыйзамдарына ислам банк ишине багытталган ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилген. Улуттук банк тарабынан ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик – укуктук базасы түзүлгөн. Ал база убакыт өткөн сайын каралып турат.

ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА ТЕЙЛӨӨНҮ КИМ ЖҮРГҮЗӨТ ЖАНА АНЫ КИМДЕР ПАЙДАЛАНА АЛЫШАТ?
– Колдонулуп жактан мыйзамга ылайык ислам банк ишине туура келген операцияларга бардык финансы-кредит мекемелери ээ. Атайын уруксат кылуучу документтердин алкагында мындай тейлөө атайын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды гана өткөргөн атайын мекемелер тарабынан, же адат болгон банктардын ичинде ачылган "ислам терезеси" тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Бүгүнкү күндө мындай тейлөөнү 1 банк жана 4 микрокаржылоо компания көрсөтө алат.
Белгилеп кетчү нерсе, адат болгон банк ишинен, ислам банк ишинин айырмачылыгына карабастан, ислам финансы-кредит мекемелердин тейлөөсү бардык адамдарга, алардын динге ишенүүсүнө карабастан жеткиликтүү.

ИСЛАМ КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИ БОЮНЧА КЕЛИШИМДЕРДИН КӨЛӨМҮ КАНДАЙ?
– 2016-жылдын 1-майына карата ислам каржылоо принциптерине ылайык каржылоонун көлөмү 1 миллиард сомго жакын болду. Карыз алуучулардын бөлүгү бүт банк тутумунун карыз алуучуларынын көлөмүнүн 3 пайызын түздү. Тартылган акча каражаттарынын көлөмү 2 миллион сомго жакын болду. Аманатчылардын саны бүт банк тутумунун аманатчыларынын 3 пайызын түздү. 2016-жылдын 31-мартына карата банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин каржыланган каражаттардын көлөмү 35 миллион сомдон ашык, ал эми карыз алуучулардын саны бүт банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер тутумунун карыз алуучуларынын көлөмүнөн 0,3 пайызын түздү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИСЛАМ БАНК ИШИНИН ӨНҮГҮҮ ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ КАНДАЙ?
– 2014-2015 жылдары үчүн "Эрнст энд Янг" компаниясынын отчёту боюнча дүйнөлүк ислам банктык активдердин 2009-жылдан 2013-жылга чейин орточо өсүшү 17 пайызды түзгөн, ал эми 2015-жылы активдерин көлөмү 2 триллион АКШ долларынан көбүрөөк бааланган.
Дүйнөлүк ислам активдеринин өсүшүн эске алып, биздин өлкөдө да ислам активдеринин өсүшүнө үмүттөнөбүз. Анткени ага бардык шарттар бар.
2015-жылы Эл аралык каржы компаниясы (IFC) Кыргыз Республикасындагы ислам банк иши жана каржылоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча микро, кичи жана орто ишканалардын 80 пайызы ислам банк иши боюнча тейлөө алууну каалайт. Бул болсо ислам банк ишин өнүктүрүүгө бир кыйла потенциал бар экендигин көрсөтөт. Мындан тышкары адат болгон банктар жана финансы-кредит мекемелер тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды өткөрүүгө кызыкчылык байкалып жатат.
Белгилей кетчү нерсе, Улуттук банк Кыргыз Республикасында банктык тейлөөнүн санын кеңейтүү максатында жана банк тутумунда конкуренцияны өркүндөтүү максатында ислам каржылоо принциптерин өнүктүрүүнү көздөйт. Ислам банкингин өнүктүрүү максатында Улуттук банк өткөн жылы дүйнө жүзүндө таанылган IFSB (Ислам финансылоо кызматынын кеңеши) уюмунун мүчөсү болуп кирген. IFSBде Улуттук банктын катышуусу, биздин оюбузча, өлкөбүздө ислам банкингин жаңы деңгээлге чыгарарына ишенебиз. Андан тышкары Улуттук банк тарабынан калктын ислам каржылоо принциптери боюнча финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында www.finsabat.kg интернет веб-сайтында жана жалпы маалымдоо каражаттары аркылуу материалдар жарыяланып жатат.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sagizgan
2016-06-20 12:43:08
Эсли ЭкоИсламик банк болсо бул эч кандай Ислам банк эмес канча Адам ушу банктын артынан ыйлап уйсуз калды.Мен да жон жерден жазбайтамын коруп турам ошондуктан Исламда мындай суткорлукка жол жок экен Чубак ажы айтып эле келатат!
+2
momun74
2016-06-20 13:19:25
туура бул банк башка бантардан салыштырмалуу акча котору пайызы 2 эсе жогору турат бул сут корлук
0
admin_superstan
2016-06-20 17:20:38
zhmambetova, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
ICHOMTAY
2016-06-26 11:55:08
Баарын окуп чыктым бирок жонокой элге тушунуктуу кылып мынча алсан мынча толоисун мынча бер албасанж мындаи болот деген тушунук менен жазган онго деим...себеби жалан анын тарыхы же онугуп осуу озунун рекламасы сыяктууле нерселерди окуп тушунбои калдым...канткенде кандаи жол менен кандаи документтер керек экен насыя аоыш учун
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан