БАЛМУЗДАК – СЕРГИТҮҮЧҮ ДЕСЕРТ

Бүгүнкү күндө дүкөндөрдө балмуздактын көптөгөн түрү бар. Көпчүлүк жактырып жеген бул азыкты үй шартында жасоону үйрөнүңүз. Артыкчылыгы – мөөнөтү өтүп кеткен жокпу, зыяндуу кошулмалар кошулган эмеспи деп жүрөкзаада болбойсуз. Эмесе, чаңкоону кандырган, маанайды көтөргөн сергитүүчү десерт балмуздактын рецепттери менен тааныштырабыз.

БАЛМУЗДАК ЖАСООДОГУ СЫРЛАР:

Коюулантуучу азыктар.
Коюулантуучу азыктар балмуздакка өзгөчө даам берет жана балмуздак бирдей тыгыздыкта болот. Аларга жумуртканын сарысы, желатин, крахмал, лимон ширеси кирет. Буларсыз балмуздак муздай болуп катуу тоңот.
Таза, сапаттуу азыктар. Жасаган балмуздагыңыз даамдуу, сапаттуу болсун десеңиз, табигый азыктарды, таза бышкан мөмө-жемиштердин түрүн пайдаланыңыз.
Кошулмалар. Эгер балмуздактын курамына кургак сүт кошсоңуз, тоңдургандан кийин бириндеп турат. Крахмал кошсоңуз, бирдей, текши массага ээ болосуз. Сиропту балмуздакты тоңдурууга чейин, ал эми мөмөлөрдү жана жаңгактарды тоңгондон кийин кошуу керек.
Аралаштыруу. Балмуздакты тоңдургучка салганда 20 мүнөт сайын аралаштырып турсаңыз, муздай болуп тоңбойт.
Сактоо. Балмуздакты атайын идиштерге капкагын жаап сактоо керек, болбосо башка жыттарды өзүнө бат сиңирип алат.

КУЛПУНАЙ БАЛМУЗДАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Майлуулугу жогору сүт
– 3 стакан
Кулпунай – 500 грамм
Жумуртка – 5 даана
Бал – жарым стакан

Даярдоо ыкмасы:
Жумуртканын сарысын бөлүп алып ага балды, эзилген кулпунайды же кулпунайдын ширесин кошуп аралаштырабыз.
Эми үстүнө жылуу сүттү куюп чалып, жай отто коюуланганча ысытабыз.
Аралашма муздаган кезде муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып тоңдуруп алабыз.

КЛАССИКАЛЫК БАЛМУЗДАК

Керектелүүчү азыктар:

Майлуулугу жогору сүт – 3 стакан
Жумуртка – 3 даана
Кумшекер – 1 стакан
Ванилин – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:
Жумуртканын сарысын агынан бөлүп алып, аябай чалабыз. Эми буга алдын ала бышырылган жылуу сүттү куюп, жакшылап аралаштырабыз.
Сүттү жай отко коюп, кумшекерди салып, тынбай аралаштыруу менен эритип алабыз. Бирок кайнаганга жеткирбөө керек. Сүт коюуланган кезде оттон чыгарып, ванилинди кошуп аралаштырабыз.
Аралашмабыз муздаган кезде муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салабыз. 20-60 мүнөт сайын аралаштырып туруу керек. Даяр болгон кезде мөмө-жемиш, шоколад, жаңгактын түрлөрү менен кооздоп коюу зарыл.

ШОКОЛАД БАЛМУЗДАГЫ

Керектелүүчү азыктар:
Майлуулугу жогору сүт
– 3 стакан
Жумуртка – 4 даана
Шоколад – 50 грамм
Кумшекер – 1 чай кашык
Жүгөрү крахмалы – 1 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
Жумуртканын сарысын бөлүп алып, ага кумшекерди кошуп аябай аралаштырабыз. Мунун үстүнө сүттү куюп, коюуланганча жылытабыз. Үстүнө эритилген шоколадды куюп, дагы аралаштырабыз.
Крахмалды жарым стакан сүткө эритип, үстүнө куюп дагы ысытабыз.
Коюуланган аралашманы оттон чыгарып, муздаган кезде тоңдургучка салабыз. Бул балмуздакты башка түрлөрү менен аралаштырып берсеңиз да болот.

МУЗ ШЕРБЕТИ

Керектелүүчү азыктар:
Кулпунай
– 150-200 грамм
Киви – 3 даана
Кумшекер – 4 аш кашык
Алма ширеси – 200 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:
Алма ширесин мискейге куюп жай отко коёбуз да, кумшекерди салып эригенче аралаштырабыз. Кайнатып жибербеңиз.
Киви менен кулпунайды тазалап, блендерге өз-өзүнчө салып майдалап алабыз.
Алманын ширесин үчкө бөлүп, бирин кивиге, экинчисин кулпунайга кошуп аралаштырабыз. Балмуздактын калыбына же желим стакандын жарымына чейин кулпунайдын аралашмасын куюп, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүнө 30 мүнөт салып коёбуз. Ал тоңо түшкөндөн кийин үстүнө алма ширесин, ал тоңгондо кивинин аралашмасын куюп, таякчаны сайып тоңдурабыз. Толук тоңгондон кийин балмуздак жегенге даяр. Дасторконго берерде калыпты кайнак сууга бир малып алсаңыз, балмуздак оңой ажырайт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үй шартында химиялык кошулмаларсыз балмуздак жасаңыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
marzi88
2016-06-20 09:34:37
андай созсуз дегени жокко
+1
owtu
2016-06-20 16:14:44
jakshy kenew
0
Saji
2016-06-20 23:15:59
Эн жакшы экен эртен эле даярдайт окшойм.
+2
jama9210
2016-06-23 12:22:59
Балмуздак менин наркотиком. Кышында да жейм. Кунуго. Бир кун жебей калсам тимеле ыйлагым келип нерв болуп кетем
0
Komrad
2016-06-23 13:37:41
Кичинебиздеги жыгач бочкаларда сатылган, кагазга королгон мороженноелер сонун болчу. Даамы да озгочо. Азыркы мороженноелер албетте жакшы, бирок мороженноеден алыстап тамака (же шоколадка) жакындап кеткен, жесен курсагын тоюп калат. Эгер ток болсон ан сайын тоюп, тамагын бал же шоколад даамдана берет.
+4
Komrad
2016-06-23 13:38:12
Сергитпей эле гекиртет)
+2
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан