ВАНКУВЕР-2010

12-февралда Канаданын Ванкувер шаарында XXI Кышкы Олимпиадалык оюндардын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ага түздөн-түз 60 миң, ал эми сыналгы аркылуу миллиондогон көрөрмандар күбө болушту.

Уюштуруучу шаар – Ванкувер, Британиялык Колумбия, Канада
Олимпиада өтүүчү дата – 12-28-февраль
Катышуучу өлкөлөрдүн саны – 82
Катышуучу спортчулардын саны – 2766
Ойнотулчу медалдардын саны – 86 комплект (спорттун 7 түрү боюнча)
Олимпиада өтүүчү башкы арена – “Би-Си Плэйс” стадиону

ШААРДЫ ТАНДОО
Буга чейин Ванкувер 1978- жана 1980-жылкы Кышкы Олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө талапкерлик кылган. Биринчи жолу добуш берүүдө Инсбрук көп упай топтоп кетсе, кийинки жолу Лейк-Плэсид жеңип кеткен. Ошентип, канадалыктар күткөн күн да келип, 2003-жылы 2-июлда ЭОКтун Прагада өткөн 115-жыйынында Ванкувер 2010-жылкы Олимпиаданы өткөрүү сынагында жеңип чыккандыгы жарыяланган. Ошондо добуш берүүдө Ванкувер кореялык Пхёнчхан жана австриялык Залбцбург шаарларын артта калтырган.

ЭМБЛЕМАСЫ
«Ванкувер-2010дун» эмблемасы коомчулукка 2005-жылдын 23-апрелинде тааныштырылган. Анда Иланаак аттуу инукшик статуясы чагылдырылган (эмблема үлгү кылынып алынган таш статуя Ванкувердеги Англия кысыгында жайгашкан). “Иланаак” сөзү инуктитут тилинен которгондо “дос” дегенди билдирет. Жашыл түс токойду, кочкул көк түс тоолорду, көгүш түс океанды билдирсе, кызыл түс Канаданын туусундагы клён дарагынын жалбырагын чагылдырат. Ал эми сары түс жашоонун символу болгон күндүн маанисин берет.

БЮДЖЕТИ
Олимпиада Ванкуверде өтөрү маалым болгондо, канадалыктар чоң кирешеге ээ болобуз деп кубанышкан эле. Ошондо оюндардан 9 миллиард доллардан кем эмес акча табуу божомолдонгон. Бирок Олимпиадага бир жыл калганда мындай тилектин таш капкандыгы билинген. Эми эсептөөлөр боюнча Канада бул иш-чарадан эл аралык аброй жана 1 миллиард доллар табары маалым болду. Акчанын көп бөлүгү шоссе жана темир жолдорду, спорттук обьектилер менен прес-борборлорду жана коопсуздукту камсыз кылууга корогон. Кошумчалай кетсек, Олимпиаданын тарыхында мындан да өкүнүчтүү мисалдар болгон. Мисалы, буга чейинки “Солт-Лейк-Сити-2002” жана “Турин-2006” Олимпиадалары эч кандай киреше алып келген эмес. Ал эми “Афины-2004” Олимпиадасынын чыгымы 7 миллион еврону түзгөн.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Ванкувердеги Кышкы Олимпиада эсеп боюнча жыйырма биринчиси. Буга чейин Европада 13, Түндүк Америкада 5 жана Азияда 2 жолу өткө­рүл­гөн.
  • Кышкы Олимпиадалык оюндарда медалдарды баарынан эң көп норвегиялык спортчулар жеңип алышкан. Алар 98 алтын, 98 күмүш жана 85 коло медалдарга ээ болушкан. Жалпысынан ийгилик тактысына 45 өлкөнүн өкүлдөрү көтөрүлө алышкан.
  • Эң сенсациялуу натыйжа 1936-жылы Германиядагы Гармиш-Пар­тенкирхенде өткөн оюндарда катталган. Ошондо хоккей боюнча финал­дык беттеште Канада Англияга же­ңилүүгө (1:2 эсебинде) аргасыз болгон.
  • «Ванкувер–2010го» эң көп спортчу АКШнын желеги астында катышууда (216). Спортчулардын саны жагынан 2-орунда Канада турса (205), кийинки орунду ээлеген орусиялыктардан Ванкуверге 178 спортчу барды.

КЫРГЫЗСТАН КЫШКЫ ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНДА
Лыжачыбыз Ольга Решеткова мелдешке 17-февралда катышты. Ал 1,5 чакырым аралыкка жарышта 54-орунду ээледи. Олимпиаданын расмий сайтынын маалыматында аталган жарышка 54 спортчу катышкан. Ал эми Олимпиадага экинчи спортчубуз Дмитрий Трелевский жарыштарга 21- жана 27-февралда катышмакчы.


Жергиликтүү кабарлардан

Бильярд

БИЛЬЯРДЧЫЛАРДАН ҮМҮТ ЧОҢ
19-февралда машыктыруучу Кү­мүшбек Дүйшөбаевдин жетекчилигинде бильярд боюнча улуттук курама командабыз Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Алматыга сапар тартышат. Мелдешке өлкөбүздөн Каныбек Сагынбаев, Кубанычбек Сагындыков, Нурбек Эшбаев жана Назим Ахме­дов катышат. Дүйнө биринчилиги 20-23-февраль күндөрү бильярддын ай­калышкан пирамида түрү боюнча өткөрүлөт. Мелдештин байге фонду 30 миң долларды түзүп, анын 10 миң доллары чемпионго ыйгарылат.

Дзюдо

ИНДИЯНЫ БАГЫНТУУГА АТТАНЫШТЫ
Бильярдчыларыбыздын артынан эле 20-фев­ралда ата мекендик мыкты дзюдочуларыбыз Индияга сапар тартышат. Алар 4-Эл аралык Раджив Ганди мелдешине катышуудан тышкары эл аралык машыгуу сборуна да катышышмакчы. Аталган иш-чаралардын баары сентябрда Японияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна карата даярдык болмокчу. Индияга барууга төмөнкү спортчуларыбыз укук алышкан: Даврон Маразыков (60), Ислам Баялинов (66), Азат Кубакаев (73), Алимбек Жусупов (81), Чыңгыз Мамедов (90), Юрий Краковецкий (+100).

Футбол

ИНДИЯНЫ БАГЫНТЫШТЫ
Башка спортчуларыбыз эл аралык мелдештерге камынып жаткан чакта футбол боюнча улуттук курама командабыз ушул күндөрү Шри-Ланкада өтүп жаткан АФКнын Чакырык кубогунда өз тобунда биринчи оюнун өткөрүүгө жетишти. Мекендештерибиз чү дегенде аталган мелдештин учурдагы чемпиону Индия менен беттешти. Оюн 2:1 эсебинде Кыргызстандын пайдасына чечилди. Алсак, 19-февралда футболчуларыбыз Түндүк Кореянын командасына каршы оюнга чыгышса, 21-февралда аларга түркмөнстандыктар каршы турмакчы. Оюндар Бишкек убактысы менен 16:30да башталат.


Эл аралык кабарлардан

Футбол

ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ БАШТАЛДЫ

16-17-февралда көптөн күтүлгөн УЕФАнын ЧЛсынын жарым чейрек финал оюндары башталды.
УЕФАнын жаңы эрежелерине ылайык, бул аптада 4 гана беттеш өткөрүлүп, төмөнкүдөй натыйжалар катталды.

“Милан” – “МЮ” – 2:3
“Лион”– “Реал” – 1:0
“Бавария” – “Фиорентина” – 2:1
“Порту” – “Арсенал” – 2:1

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Шаиста Шатманова
2010-02-22 12:25:53
Плющенконун алтын албай калганына ичим ачышып жатат.
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан