Нурмат Садыровдун апасы Базаркан айым уулунун өз алдынча ийгиликке жеткенине ар убак кубанарын айтып берди.
"НУРМАТ АДАМДЫН ИЧИ-КОЮНУНА КИРИП, БАТ ТИЛ ТАБЫШАТ"
– Нурмат үй-бүлөдө 5-уул. Кичинесинен эле ыр-бийге жакын болуп өстү. Магнитофондон уккан ырын дароо жаттап алчу. Өзүм башталгыч класстарга сабак берем, аны эркелебесин деп өзүм окутпай, башка мугалимге өткөрүп бердим. Башталгыч класста окуп жатканда сабагы бүтөрү менен мага келип сагыз, печенье алдыра берчү болду. Бул адатын калтырайын деп класс жетекчисине айтып койдум. Ал "Ким апасын кыйнап таттууларды алдырып жатат? Менин көзүмө карасаңар, ким экенин билип алайын" десе, Нурмат уялганынан башын жерден көтөрбөй коюптур. Ал окуядан кийин адатын таштады. Анын ырдаарын Алиппе майрамында билдим. Мага келип "апа, мен ырдайм" дегенде, "сен ырдай албайсың" деп көңүлдөнбөй койгом. Мектептин директору "ырдаса ырдай берсин" деди. Сахнага чыгып "апамды майрамы менен куттуктап, Асанкалый Керимбаевдин "Энекем" аттуу ырын аткарып берейин" деп аккордеон менен ырдап берген. Ошондон кийин мектепте кандай сынак болсо, Нурмат үзгүлтүксүз катышты. Бир ирет эч кимге айтпай район аралык сынакка катышып, 38 мектептен барган таланттардын ичинен 3-орунду алып келген.
Кичинесинде эле райондун борборуна өзү барып келе берчү. Бир күнү Айчүрөк Иманалиеванын сүрөтү менен кол тамгасын алып келди. "Кантип кол тамгасын алдың?" десем, "Өзү жазып берди. Райондун борборуна концертке барсам, "ким менин ырымды ырдай алат?" деди эле, чыгып ырдасам автограф берди" деп сүйүнүп келгени эсимде.
5-класста окуп жатканда "чоң атамдын үйүнө барам" деп кеткен. Ал жакка барбай эле Токтогулдан Бишкекке Сыймык Бейшекеевдин концертине кетип калыптыр. Барса ал "комуз менен ырдагандарды кабыл алам, үйрөнүп кел" дептир. Аны менен сүрөткө түшүп, сүрөтүн алып келген. Нурмат ийкемдүү, адамдын ичи-коюнуна кирип, бат тил табышып кетет.
"КОНЦЕРТИНДЕ ГҮЛ БЕРГЕНДЕ ЫЙЛАДЫМ"
– Башка балдарым эмгекчил. Нурмат болсо кара жумушка жок, жалкоо. Кичинесинде талаага чыкканда "башым ооруп жатат, жарма алып келейин" деп велосипед тепкен боюнча кетип калар эле. Балам үчүн ыр, бий, музыка баарынан жогору турчу. Уулумду мынчалык деңгээлге чыгат деп күткөн эмесмин. Тырышчаактыгы менен аз да болсо элге таанылды. Жакында берген концертинде аябай толкундандым. "Жаным, апа" деген ырын аткарып, гүл бергенде кубанганымдан ыйлап жибердим.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg