КЫРГЫЗДЫН ЧИНОВНИК-БИЗНЕСМЕНДЕРИНИН КЫҢЫР ИШТЕРИН КАТКАН БОЛГАРИЯ

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, "коррупция" "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, соттук териштирүүлөрдүн аягында мамлекетке 10 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген Ахматбек Келдибековдун үй-бүлөсүнүн Болгарияда фирмалары бар экени ачыкталды. Фирмалар анын жубайы Аида Токтоматованын наамына катталганы белгилүү болду. Бул боюнча bivol.bg сайтында маалымдалат. Knews порталы Болгарияда Келдибековдордун балансында 500 унаасы бар логистикалык борбору жана Кара деңиздин жээгинде чоң үйү бар экенин да маалымдады.
Өткөн жумада Болгарияда ИИМдин мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаевдин наамына катталган фирма бар экени, ал министр катары мамлекеттик кызматта жүрүү менен катар бизнес менен да алектенгени тууралуу маалыматтар чыккан. Албетте, жогорудагы сайт жарыялаган маалыматтардын анык-жалганы атайын органдар тарабынан текшерилип, аныктала элек.
Жогоруда айтылган сайттын маалымат базасынан, "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Пархат Түлендибаевдин да Болгарияда фирмасы бар экенин көрүүгө болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан