Экранда “КЛЕОПАТРА”

Тасма таржымалы

Легендарлуу бул айым тууралуу дүйнөлүк кинематографияда көп фильм тартылган. Алардын ичинен биз сөз кыла турган тасма төрт жолу “Оскар” сыйлыгына татып, Голливуд фильмдеринин алтын коллекциясына кирген. “Тасманын ийгилиги Байыркы Египеттин кереметтүү, сырдуу атмосферасын ачып бергенинде” дешет сынчылар.

Тарткан өлкөлөр – АКШ, Улуу Британия, Швейцария
Жанры – Тарыхый мелодрама
Режиссёрлору – Жозеф Лео Манкевич, Рубен Мамулян
Композитору – Алекс Норт
Ролдордо – Элизабет Тейлор, Ричард Бёртон, Рекс Харрисон, Памела Браун, Жорж Коул

КЫСКАЧА...
Ал өзүнүн титулун сактоо үчүн баарына даяр болчу. Алтургай душманы болгон Рим башкаруучусу Юлий Цезардын алдына келүүгө да. Инисинен такты алууга Цезарь гана жардам берерин билген ал амал менен ак сарайына келет. Килемге оролуп так бут алдында жаткан Клеопатранын сулуулугуна арбалган Цезарь аны бир көргөндө жактырып калат. Цезардын жардамы менен ак сарайдан инисин кууп чыгат. Бирок Клеопатра ошону менен эле токтоп калбайт. Анын жашыруун максаты Египет менен Римди бириктирип, эбегейсиз империя куруу жана аны өзү башкаруу эле.
Мураскер төрөп берип, Цезарды биротоло туткундап алган Клеопатра тез эле Рим өлкөсүндө өзгөчө саясий фигура болууга жетишет. Буга каршы болгон римдиктер Цезарга кол салып, ал каза болот. Анын ордун басканга бийликте бир канча адам бар эле. Алардын бири мыкты аскер башчысы Марк Антонио бийликти өз колуна алгысы келет. Бирок анын бийлигин кабыл алуу үчүн Египеттин колдоосу керек эле. Марк Антонио менен Клеопатра кезигип, саясий келишимге гана кол койбостон, ортолорунда махабат пайда болот. Бирок дагы бир Рим лидери Август Октавиан менен болгон күрөштө Марк жеңилүүгө учурайт. “Клеопатра чыккынчылык кылды” деген сөзгө ишенген Марк Антонио өзүн-өзү өлтүрөт. Бийликке Август Октавиан келгенин уккан Клеопатра өз каалоосу менен себетке жылан салып коюп, ага өзүн чактырып өмүрүн кыят.

ШАШКАН ШАЙТАНДЫН ИШИБИ?
Үч мамлекеттин кызыкчылыгы менен тартылып жаткан бул тасманы “XXth Century Fox” студиясына тапшырышат. Мындай тарыхый инсанды тартуу бактысы туш келгенине кубанган киностудия шашылыш түрдө жумушка киришет. Киностудиянын жетекчиси Спирос Скурос алгач бул тасманы тартууну режиссёр Альфред Хичкокко берген. Бирок ал «Клеопатраны» тартуудан баш тартып, бул милдетти Рубен Мамулян аркалайт. Бир жылдан кийин анын ордуна Жозеф Манкевич тасма тартууга киришет. Алгач 2 миллион долларга тартылат делгени менен, тасманын каражаты 40 миллион долларды түзгөн. Өзгөчө кыйынчылык менен тартылган бул фильм үч жылда араң аяктап, кинокомпания эки жолу режиссёрлорду алмаштырган. Алгач 6 сааттык фильмди 4, андан кийин дагы 2 саатка кыскартышат. Ушундай кыйынчылык менен бүтсө да, Клеопатра тууралуу тартылган фильмдердин эң мыктысы, Голливуд кинолорунун алтын коллекциясына кирген шедеврлердин бири деген атка татыктуу. Анткени...

ЭЛИЗАБЕТ – ЭКИНЧИ КЛЕОПАТРА
Анткени Клеопатранын ролун аткарган Элизабет Тейлор тасманын ийгилиги болгон. Буга чейин Жанна Д'альси, Теда Бара, Софи Лорен, Вивьен Ли сыяктуу актрисалар Клеопатранын ролун аткарышкан. Бирок тасманы көргөндөр “Элизабет Клеопатранын экинчи төрөлүшү. Буга чейин эч ким так өзүндөй аткара алган эмес” деген жыйынтыкка келишкен. Алгач бул роль Мерилин Монрого ыйгарылмак болот. Бирок «анын жеңил мүнөзү Клеопатрадай күчтүү аялдын образын бере албайт» делинип, Элизабет Тейлорго биротоло бекилет.
Ошондой эле тарыхта калгандай, Клеопатраныкындай чоң эмчекти издеген режиссёр Элизабеттен табат. Алгач актриса бул ролдон баш тартат. Бирок ага гонорар катары 1 миллион доллар сунуш кылышкан. Ханышадан өтүп чалпоолонгон актриса тартуучу топко да бир топ зыян келтирген. Лондондон суукка урунуп калган Элизабет аба ырайы оңолмоюнча киного тартылгандан баш тарткан. Ал үчүн Римге барып тартууга аргасыз болушкан. Ал эми кино тартуу учурунда Марк Антонионун ролун жараткан Ричард Бёртон менен Элизабет Тейлордун ортосунда жалындуу махабат пайда болгон. Бирок экөөнүн тең үй-бүлөсү бар эле. Легендарлуу Клеопатрага таасирленгенби же табияты чын эле окшошпу, айтор, “Оскарга” Элизабет Египет ханышасынын кийими менен эле эмес, өнөктөшү Ричард Бёртон экөөнүн нике кагазы менен келген.

ДЕКОРАЦИЯ ЖАНА КОСТЮМДАР
Тасманын жасалгасы, атайын эффектиси жана костюмдары мыкты пайдаланылган. 60-жылдары мындай мыкты жасалга дээрлик жок болчу. Фильм Лондон шаарында жана Римде тартылган. Жасалга Лондон шаарынын сыртындагы Нил токоюнан орун алган. Ал эми Элизабетке атайын 20 костюм тигилген. Римде тартылган учурда массовкадагы элдин саны 6000ге жеткен. Ошончолук элди бир күнгө минералдык суу менен камсыз кылганга эле 80 миң доллар кеткен.

АР КАНДАЙ «КЛЕОПАТРАЛАР»
Тарыхый инсандардын арасынан Клеопатра тууралуу эң көп кино тартылган. Айта кетсек, 32 фильм, 10 документалдуу фильм, 1 сериал. Алардын арасынан эң мыкты деп табылган тасмалар булар:

  • «Клеопатра», (1899- жылы АКШда тартылган). Режиссёру Жорж Мельес, башкы ролдо Жанна Д'альси.
  • «Клеопатра», (1917-жылы АКШда тартылган). Режиссёру Гордон Эдвардс, башкы ролдо Теда Бара.
  • «Клеоптра», (1934-жылы АКШда тартылган). «Оскарга» талапкер болгон. Режиссёру Сесил ДеМиль, башкы ролдо Клодет Кольбер.
  • «Цезарь жана Клеопатра», (1945- жылы Улуу Британияда тартылган). Башкы ролдо Вивьен Ли.
  • «Клеопатра», (1963-жылы АКШд­а тартылган). «Оскар» сыйлыгын жеңип алган. Башкы ролдо Элизабет Тейлор.
  • «Клеопатра», (2003-жылы АКШ­да тартыл­ган). Режиссёру Эдуардо Миньона, башкы ролдо Наталия Орейро.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
milli
2010-06-01 00:03:09
e-ey maga ancha jakkan jok
0
№ 381, 19-25-февраль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан