MIRROR: "ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНИН" БАШЧЫСЫ ӨЛТҮРҮЛДҮ

"Ислам мамлекети" террордук уюмун (ИГИЛ) 2014-жылдын июнь айынан тарта жетектеп келе жаткан, өзүн халиф жарыялаган Абу Бакр аль-Багдади АКШ баштаган коалициянын авиасоккусунан каза болгонун америкалык "Mirror" басылмасы жазып чыкты. Аталган басылма, маалыматты террордук уюмга байланышы бар маалымат агенттигине шилтеме берүү менен жарыялады. "Абу Бакр аль-Багдади Рамазандын бешинчи күнүндө Раккада каза тапты",- деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Сирия жана Ирактын чек араларына жакын аймакта, Ислам мамлекетинин лидери жана анын тарапташтары авиасоккуга кабылып, анын жарадар болгону айтылган эле.
Айрым маалыматтарга караганда, Абу Бакр аль-Багдади "Ислам мамлекети" террордук уюмун жетектеп баштагандан тарта согушкерлердин саны 50 миңден 200 миңге чейин жеткен. АКШнын мамлекеттик департаменти анын өлүмүнө же кармалышына себепкер болгон адамга 10 миллион доллар берерин жарыялаган болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан