Белгилүү казакстандык продюсер Баян Есентаеваны 10-июнь күнү жолдошу бычактап, продюсер оор абалда "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген. Есентаеванын эс-учуна келе албай ооруканада жаткан сүрөтү интернетке тарап, талкуу чордонунда калды. Көпчүлүк Баян Есентаеваны "КешYOU", "Lashyn" топторунун жана "Түрквизион-2014" сынагынын жеңүүчүсү Жанар Дугалованын продюсери катары жакшы таанышат.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Есентаева (Мухитденова) Баян Максатовна
Туулган жери – Казакстан, Уральск шаары
Туулган жылы, күнү – 1974-жыл, 9-январь
Кесиби – Актриса, ырчы, телеалпаруучу, продюсер
Тартылган тасмалары – "Махабат станциясы", "Астана – менин сүйүүм", "Гашык журек", "Махабатым журегимде"
"Апам актриса, атам үн режиссёру, чоң атам филармониянын жетекчиси.Чөйрөңдү чыныгы артисттер курчап турса, аргасыз артист болосуң".
Баян Есентаева кичинесинен эле артист болом деп чоңойгон, бирок анын каалоосуна апасы каршы чыгып, "мугалим болосуң" деп педагогикалык университетке тапшыртып коёт. Мугалимдик кесип боюнча 3 жыл билим алгандан кийин болочоктогу продюсер кино факультетине которулуп кеткенин ата-энеси кеч билишет. Есентаева атак алып келген алгачкы ролун 1993-жылы "Махабат станциясы" тасмасында ойногон. Андан соң журналистика факультетин бүтүрүп, 7 жыл теледе диктор болуп, кийинчерээк өзүнүн автордук берүүлөрүн алып бара баштайт. Ырчы катары "Жас канат", "Азия дауысы" сынактарынын лауреаты болуп калган Баян 2006-жылы продюсерлик менен алектенүүнү туура көрүп, "КешYOU" кыздар тобун ачат.
"Орто курактын кризисине 36 жашымда кабылдым. Кадимкидей өзүмө өзүм картайгандай, эч кимге керегим жоктой, жашоо бүткөндөй сезилген. Ошондо "Гашык журек" тасмасына продюсерлик кылдым, бул жумуш мени депрессиядан куткарып калды".
2010-жылы "Гашык журек" тасмасы сатыкта ийгиликтүү болуп, фильмдин экинчи бөлүгү да тартылат. 2014-жылы Баян "Lashyn"деген жаңы топ ачат. Ошол эле жылы "КешYOU" тобунун экс-солисткасы Жанар Дугалова "Түрквизион" сынагында жеңишке жетишет. Кино тармагында да, музыка чөйрөсүндө да бирдей ийгилик жараткан Баян Есентаева "Forbes Kazakhstan" журналынын версиясы боюнча Казакстандын эң таасирдүү 50 айымынын катарына кирген. Мындан сырткары казак басылмалардын берген маалыматына ылайык, продюсер жалпы долбоорлорунан жылына миллион доллардан ашуун киреше тапкан.
"Ийгиликке жол оңой болгон жок. Кээде чыгармачылык деп үй-бүлөмдү, жолдошум менен болгон мамилени курмандыкка чалган күндөр өттү. Албетте, бардык эле эркектер үйдө мыкты кожойке, жоош, күйөөсүнүн айтканын кылган жубайды каалашат. Бирок мен табиятымдан лидер, жаным тынч албаган айыммын. Жолдошум жумушумду сүйөрүмдү, ансыз жашоомду элестете албасымды акыры түшүндү".
Баян Есентаева 20 жашында Бакытбек Есентаевге турмушка чыгып, анын фамилиясын алган. Ортолорунда 20 жаштагы Айсауле жана 12 жаштагы Айару деген кыздары бар. Жолдошу тууралуу маалымат аз, болгону Баян никеде бактылуу экенин гана жар салып келген. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Баян Есентаеванын жолдошу деп божомолдонуп казинодо дилерге кол көтөрүп, күзөт кызматкери менен мушташкан кишинин видеосу жүктөлгөн. Баян Есентаева бул окуя тууралуу "ал менин жолдошум эмес" деп гана кутулган. Кошумчалай кетсек, продюсердин бир тууган сиңдиси Багым Мухитденова да эжесинин жолун жолдоп продюсерлик кесипти аркалап келет. Ал эми белгилүү телеалпаруучу, ырчы Аша Матай Баяндын бир тууган эжесинин кызы.
ПРОДЮСЕРДИН ЖОЛДОШУ КЫЗГАНЫЧТАН УЛАМ ЖУБАЙЫН БЫЧАКТАГАНБЫ?
Казак маалымат каражаттары берген билдирүүлөргө таянсак, Баян Есентаева июнь айынын башында "Lashyn" тобунун жаңы ырына клип тартуу үчүн Грузияга учуп кеткен. 6-июнь күнү продюсердин күйөөсү жубайын тосуп алуу үчүн аэропортко барса ал келген эмес. 10-июнь күнү Баян Грузиядан эмес, Түркиядан учуп келген. Продюсердин ата-энесинин билдирүүсүндө, кызы жолдошунун кызганчаактыгынын айынан мурунтан эле ажырашкысы келип жүргөн. Көзүмө чөп салып жүрөт деп жубайынан шектенген Бакытбек Есентаев мас абалында жолдо келе жатып жубайын сабап, бычактап салат. Окуядан кийин Талгар райондук соту аны камоого өкүм чыгарып, убактылуу кармоочу жайга отургузган. Эгер күнөөсү далилденсе Бакытбек Есентаев 6 жылдан 11 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Ал эми окуядан кийин өзүнө келе албай жүргөн продюсердин сиңдиси Багым Мухитденова: "Биздин үй-бүлөдө чоң кайгы болду. Менин эжем алсыз абалда, сиздердин асылгандарыңызга жооп берүүгө, менин сүрөтүмдү интернетке жүктөбөгүлө деп тыюу салууга дарманы жок! Эжемдин ооруканада жаткан сүрөтүн тартып, интернетке таратып жиберген медайымды мыйзам түрүндө жоопко тартабыз!"- деген билдирүүсүн калтырган. Муну менен катар Кайрат Нуртас жана бир топ ырчылар продюсерге эртерээк айыгып кетүүнү каалашкан.
Лунара Бекиева
star@super.kg