Кыргызстандык боксчу, "Азия Микс" командасынын узун бойлуу оюнчусу Марат Жуманалиев атактуу мушкер Владимир Кличконун спарринг-өнөктөшү болууда.
Бул тууралуу Маратка байланышканыбызда: "Кличко менен бирге машыгып жатканыма 4 күн болду. Спарринг күнүнө 2 жолу 2 сааттан өтүүдө. Мен Боксчулар ассоциациясынын мүчөсүмүн, Кличко менен промоутери аркылуу таанышып калгам. Алар февралда бул нерсени сунушташты, мен макул болдум. Учурда бир эле украиналык эмес, Италия, Орусия, Улуу Британиядан келген боксчулар менен да спарринг-өнөктөш болуп жатам",- деп билдирди. Ошондой эле КВНге Эльдияр Кененсаровдун сунушу менен келгендигин, бул жөн эле анын хоббиси экенин белгилей кетти.
Кошумчалай кетсек, Марат мырза бир кезде рэп ырчысы Тиматинин жан сакчысы да болуп жүргөн.
star@super.kg