КОЖОЖАШ ЗУЛАЙКАСЫНАН АЙРЫЛДЫ

"Ак илбирстин тукуму" кинотасмасында Кожожаш мергендин жубайы Зулайканын образын жараткан актриса Гүлнара Кадралиева мезгилсиз каза тапты. Бишкек ШИИББинин билдиргенине караганда, актриса 5-кабаттагы үйүнүн балконунан шейшептерди жылыткыч батарейкага байлап жерге түшүүгө аракет кылып жатканда шейшеп үзүлүп кетип кулап кеткен. Жакындары бул окуяны кокустук деп кабыл алышууда. Гүлнара Кадралиева 14-июнь күнү ооруканада көз жумду.

Актриса 1961-жылы Сокулукта төрөлүп, 1982-жылы ВГИКтеги Алексей Баталовдун актёрдук өнөрканасын аяктаган. Ал Теле жана радиоберүү боюнча мамлекеттик комитетте, Ысык-Көл облустук драма театрында, "Кыргызфильмде" иштеген. Андан сырткары бир топ тасмаларга тартылып, спектаклдерде роль жараткан.

Актрисанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтабыз!

"Ак илбирстин тукуму" кинотасмасынан кадр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nuka93
2016-06-20 10:52:00
эмнеге эшиги турса балкондон тушот, кызык ко, че то нитоо
+10
janna95
2016-06-20 11:23:57
Неге балкондон чыгып кеиууго аракет кылат карып калганда этият болбойбу. Жайы жаннаттан болsун
+7
tynara81
2016-06-20 11:28:15
Эмне үчүн балкондон чыгууга аракет кылганын тактап бергилечи. Жайы жаннаттан болсун!
+11
Mahabbat
2016-06-20 15:23:13
Эмнеге эшиги турса балкондон тушконго аракет кылган?
+5
krem
2016-06-20 16:32:41
кожожаш болоюн деген го тооба кылдым жайы жаннаттан болсун сулуу экен эле
0
lolo.1
2016-06-20 19:15:43
Чоп чон эле аял эшиги турса тешиккен чыгыптырго
+1
stervella415
2016-06-20 22:28:34
Apeeeei nege balkondon kyzykkooo.jatkan jeri jailuu bolsun,balkim aljyp kalgandyr je ajaly kelip azgyrdy....
+2
munduz2016
2016-06-20 23:51:55
Кызык..Жаны жаннаттан болсун.
+2
zara-919
2016-06-21 01:39:35
Эшик турса тешиктен чыкканы эмнеси??? Бир нерсе себеп болгон го . супер инфо аныктап билип бергилечи сураныч..
+2
Mavlyuda
2016-06-21 14:52:34
Точно че то нитооооо
+2
Kroxa
2016-06-22 22:37:48
Кызык го :-):-)
-2
Albengo
2016-06-23 00:52:42
Эмне эле билбей осуждать этип кирдинер, бир себеби бардыр да!
0
Aksoola
2016-06-23 13:11:43
бир сайттан окуганы маалыматыма караганда бул актриса психикалык жактан жабыр тартып, көп ичип журчу экен... анан уйго камап кетишкендир да... дагы ичип бир нерсе болбосун деп...
+1
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан