SUPER.KG’ден КҮНСЕРЕП

SUPER.KG порталында “Күнсереп” рубрикасы күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

9-июнь:
ЧУБАК АЖЫ ЭСКЕРТҮҮ АЛДЫ

Жума күнкү тыныгууну узартуу аракетинен улам чыккан чуудан кийин президент Алмазбек Атамбаев өлкө элинин ынтымагын бекемдөө иштеринен кабар алды. Мамлекет башчы бүгүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаевди кабыл алып, көп улуттуу өлкөнүн жарандарынын ынтымагын бекемдөө мамлекет үчүн абдан маанилүү экендигин айтты. Кыргыз жеринде түрдүү этникалык коомчулуктардын биргелешип ынтымакта жашоосунда бай тажрыйба топтолгонун, ар бир жарандын жана бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн этностор аралык жылуу мамилени сактоо боюнча бардык аракетти көрүү зарыл экенин белгиледи.
Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөлөрү болгон 6 депутат менен Чубак ажы Жалилов жана анын колдоочулары ортосундагы тиреш учурда өлкөдө жашаган этностор арасын эмес, кыргыздын өзүн эки жээкке бөлүп, дин боюнча абалдын канчалык курч экенин көрсөттү. Ачык опузаны камтыган чакырыгы үчүн бүгүн УКМК мурунку муфтийге эскертүү берди.

10-июнь:
АТАМБАЕВ «ДИНИЙ ИШМЕРЛЕР САЯСАТКА ИЙЛИГИШПЕСИН» ДЕДИ

2010-жылы Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында болгон кандуу Июнь окуясынан бери 6 жыл өттү. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул датага байланыштуу бүгүн өлкө элине кайрылуу жасады. Президент окуянын келип чыгышын «өчүрүлбөй калган чоктун тутанышы» деп атап, эркин жана көз карандысыз Кыргыз Республикасына жамандык санаган күчтөр Апрель революциясынан кийинки кырдаалды пайдаланышканын эскерди. Күлгө айланган шаар-кыштактарды калыбына келтирүүгө жалпы 14 миллиард сомдон ашык акча жумшалып, мунун 6 миллиардга жакыны республикалык бюджеттен бөлүнгөнүн айтты. «Кеп сарпталган акчада эмес. Ошол кезде мамлекетибизди чачырап жоголот деген «көсөмдөр» көп болгон. Биз, тескерисинче, бузулган үйлөрдү, мекемелерди калыбына келтирдик, адамдар арасында ондогон жылдар бою өкүм сүрүп келе жаткан ажырымды токтоттук»,- деди президент.
Бузулган шаарлар оңдолуп, урушкандар элдешип, бүгүнкү күндө чогуу түтүн булатып жатышат. Конфликттен кийин жашоону кадимки калыпка келтирүүгө көп күч, аракет, эмгек жумшалды. Элдин кайгысын, мамлекеттин чоң каражат бөлгөнүн пайдаланып капчыгын кампайткандар да болду. Июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларында курулган үйлөрдүн сапатына нааразылар көп. Жаңы курулганына карабай дубалынан жарака кетип, чатырынан суу тамчылап жатканын Ош шаарынын тургундары соңку жылдарга чейин айтып келишти. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин иликтеген Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттык комиссиясы дирекциянын ишинде каржылык мыйзам бузуулар болгонун, 7 миллиард сомдун дайыны чыкпай жатканын ырастаган. Маселе убагында парламентте талкууланып, ошол кездеги премьер-министр, дирекциянын мурунку башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин кызматтан кетиши менен жыйынтыкталган. Фактыны териштирүү милдети укук коргоо органдарына жүктөлгөн. Бирок кайсы бийликтин тушунда болбосун, борттон сыртта калбаган Жантөрө Сатыбалдиевдин «кол тийбестиги» дале сакталууда...
Президент өз кайрылуусунда элдин биримдигин чыңдоодо жарандардын улуту же дини эмес, жарандыгы маанилүү экенин айтып, өлкөнүн ар бир жараны кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурасын билип «Мен кыргыз жаранымын!» деп айткан күнгө жетүү тилегин билдирди.
Элге кайрылуусунан кийин өлкө башчысы жума күнкү түшкү тыныгууну узартуу аракетинен улам чыккан чуунун башкы каарманы, депутат Жанар Акаевди, муфтий Максат Токтомушевди, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нурматовду, блогер Алия Суранованы жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. «Бардык иште аша чапкандык жарабайт. Диний догмаларды сокурлук менен ээрчүүнүн арты айрым араб өлкөлөрүн кандай кесепеттерге алып келгенин көрүп жатабыз. Мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачат. Бай тарыхый мурасы, маданияты жана салттары бар кыргыз эли сырттан таңууланган жашоо образын, дүйнө таанымды ээрчип, мурасыбызды унутуп, маңкурт болууга акысы жок. Кыргыз мамлекетинде ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берүүгө болбойт»,- деди Алмазбек Атамбаев.
Конституциянын кепили болуп саналган президент мындай сөздөрү менен баш көтөрө баштаган диний радикализмге эскертүү берип, эки жаатка бөлүнүп айтышып жаткан элди ынтымакка чакырып, мамлекеттик башкарууга динди аралаштыра баштаган депутаттарды «эсине келтирди»...

13-июнь:
«КУМТӨР» БОЮНЧА КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕРГЕ ӨТТҮ

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу боюнча козголгон кылмыш ишиндеги жаңы жагдайларга жана «Кумтөргө» байланыштуу коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кармап, камакка алды. «Камеко», «Кумтөр Оперейтинг», «Кумтөр Голд», «Центерра Голд» компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Дастан Сарыгулов «Кыргызалтын» ишканасын жетектеп турганда коррупциялык аракеттерге барганын айткан көрсөтмөлөрү иликтенүүдө.
Хоменюктун башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атына жазган катында 1992-1999-жылдары «Кыргызалтынды» жетектеп турушкан Дастан Сарыгулов менен Камчыбек Кудайбергенов президенттик администрациядан кысым болуп жатканын айтып, мамлекеттик органдардын түрдүү максаттары үчүн «Кумтөр» ишканасынан каржылык төгүмдөр үчүн ири суммада акча бөлдүрүп алып турушканы айтылат. Убагында Майрам Акаеванын «Мээрим» фондуна да акча которуулар болгону белгиленет. Катты бүгүн УКМК жарыялады.
УКМК «Кумтөр» долбоорундагы коррупциялык аракеттерди ачууда Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин жакын санаалаштары тарабынан тоскоолдуктар болуп келгенин белгилейт. 2016-жылдын мартында буга чейин коомчулукка көрүнбөгөн мурдагы чиновниктердин активдешип, «Элдик парламент» аталып чыга келиши, өлкөдө тополоң уюштурууга болгон аракеттер «Кумтөр» боюнча коррупциялык иштер тыкыр иликтенип башталганына байланыштуу болушу мүмкүн деген версиялар бар.
Быйыл жазында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров «бийликти басып алууну пландашкан» деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алар менен бирге Дастан Сарыгулов да суракка алынып, сот чечими менен үй камагында калтырылган эле. Андан соң Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев камакка алынган. Сарыгуловго тагылып жаткан айыптар олуттуу, бул жолу ага үй камагынын ыраа көрүлүшү кыйын.
Акыркы мезгилде «Кумтөр» долбоору боюнча кыргыз бийлиги чечкиндүү аракеттерге өтө баштады. Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери келе жаткан бул маселеге чекит коюу үчүн ириде саясий эрк керек. Өлкө башчысында андай эрк бар экендиги байкалат.

14-июнь:
ЖУНУШАЛИЕВ «КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫН 100 КҮНДӨ ОҢДОЙМ» ДЕЙТ

Кызматка жаңы киришкен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев тармакты 100 күндүн ичинде өзгөртүүнү убадалады. Милиция кызматкерлеринин жүрүм-турумун жөнгө саларын убадалаган министр элдин ишенимине кирүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн колдонорун айтты. Кызматка жаңы киришкен министрлердин баары башында ушинтип айтышат. «100 күндө өзгөртүп жиберем, кыйратам» дешет... Чын эле андай өзгөрүү болот. Бирок убадада айтылгандай, жаңы жетекчи системди, тармакты эмес, калыптанып калган систем жаңы жетекчини өз ыңгайына салып өзгөртүп алат... Жунушалиев журналисттерден милициянын кемчилигин азыраак жазууну да суранды. «Жетишкендиктерин көбүрөөк жазгыла, жакшы сөз аларга дем-күч болот»,- дейт министр. Өлкөнү тартипке салуучулардын тартипсиздигине көз жумуу чакырыгын министрдин айтып жатышы жагымсыз. Милиция кызматы жаап-жашырып жаткан айрым кыңыр иштер журналисттердин жардамы менен ашкере болуп жатканын Жунушалиев эсинен чыгарбас.
Жакында парламент депутаттарынын бири журналисттерди Жогорку Кеңештеги терс көрүнүштөрдү жазбоого чакырган эле. Бүгүн андай өтүнүчтү министр айтты. Депутаттар менен чиновниктер ишинин майын чыгара аткарып, мамлекетибиз өнүгө баштаса, журналисттер деле жазганга негатив таппай калышмак.

15-июнь:
ПАРЛАМЕНТТЕГИ «ЕВРО-2016»: ДЕПУТАТКА «САРЫ АЙЫП КАГАЗЫ» КӨРСӨТҮЛДҮ

Футбол сүйүүчүлөрүнүн назарында турган "Евро-2016" чемпиондугунун таасири Жогорку Кеңештин депутаттарына да тийүүдө. Парламент жыйынына футболдо гана колдонулган сары айып кагазы биринчи жолу депутатка карата көрсөтүлдү... «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Максат Сабировго «жыйында регламентти бузду» деп кесиптештери нааразы болушту. Спикер Чыныбай Турсунбеков: «Сынга кошулам, депутатка сары кагаз көрсөтүп коёюн»,- деп төрт чарчы кагазды өйдө көтөрдү.
Жыйында «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таанууну кабыл алуу жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып жаткан. Долбоордо «Бишкекте турак жайы жок депутатка ыйгарым укуктары аяктагыча кызматтык батир берилет», «депутаттын ыйгарым укуктарын ишке ашыруусуна байланыштуу иш сапарларында кызматтык автоунаа берилет», «Жогорку Кеңештин депутаты Кыргызстандын аймагында мамлекеттик жүргүнчү ташуучу унаалардын бардык түрлөрүндө акысыз жүрүүгө укуктуу», «Жогорку Кеңештин депутаты жана аны коштоп жүргөндөр мамлекеттик жана муниципалдык мейманканага кезексиз жайгашууга укуктуу» деген сыяктуу нормаларды күчүн жоготту деп таануу сунушталган эле. Спикерден эскертүү алган Сабиров ушул мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болчу. Жогорку Кеңештин регламентинде «сары айып кагаз» деген түшүнүк жок, регламентти бузгандардын микрофонун өчүрүү, жыйын бүткүчө сөз бербей коюу чаралары каралган. Тамашалуу бул окуя Чыныбай Турсунбековдун юморго жакындыгын жана футболго кайдигер эместигин көрсөттү.
Депутаттардын кызматтык батирден баш тартуусуна тийиштүү мыйзам долбоору кызуу талаш-тартыш менен талкууланды. Демилгечилер кызматтык үйлөрдөн баш тартып, аларды аукцион аркылуу сатыкка коюуну сунушташса, каршы чыккандар «келечекте парламентке жаштар келиши мүмкүн, аларга батир берүү ашыктык кылбайт» деген пикирлерин айтышты. 52 депутат макул болсо, 60 депутат каршы добуш беришип, мыйзам долбоору колдоо таппай калды. Демейде элге күйүмүш болуп жалындуу сүйлөгөн депутаттар маселе өздөрүнүн ыңгай-шартына келгенде убададан тайып кетишет. Жакында мамлекеттик кызматкерлердин той чыгымын чектөө демилгесине да көпчүлүгү каршы чыгышкан...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан